Ош жана Баткен шаарларында көп функциялуу “Өнүгүү борбору” ачылды..

2022-жылдын 14-октябрында Ош облусунун Ноокат районундагы Борко айылында көп функционалдуу “Өнүгүү борборун” ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине «Гуд Нейборс Интернэшнл» эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы директору Джун Хонг Су, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ли Вон Чже, KOICA (Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги) өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонг Су, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Толтоев Эрнис, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери жана долбоордун жетекчилери катышышты.

Борко айылындагы борбордун ачылышынан кийин Чоң-Алай, Араван, Баткен жана Кадамжай райондорунун айылдарында да көп функционалдуу “Өнүгүү борборлору” өз ишин баштады. Белгилей кетсек, жалпысынан Ош жана Баткен облустарынын 30 айылында 30 объектти ишке киргизүү пландалууда.

Өнүктүрүү борборлору KOICA тарабынан каржыланган жана «Гуд Нейборс Интерэшнл» уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Айыл тургундары борборду ар кандай иш-чараларды өткөрүү аркылуу– жолугушуулар, тренингдер, семинарлар, курстар, ийримдер ж.б. өздөрүнүн потенциалын өнуктуруу жана социалдык абалын чыңдоо максатында колдоно алышат. Өнүктүрүү борбору ошондой эле кыска мөөнөттүү бала бакча катары кызмат кылат, бул ата-энелерге балдарын социалдык жана экономикалык иштерге бош убакыт бөлүү үчүн убактылуу тарбиячылардын кароосуна калтырууга мүмкүнчүлүк берет.

2023-жылдан баштап долбоор «Бакча» программасын ишке ашырат (программага шилтеме), ал «Өнүгүү борборлорунда» өткөрүлөт.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында 2021-жылдын сентябрынан 2025-жылдын декабрына чейин 655 миллион сомдук «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү» долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Ош жана Баткен областарынын 10 айыл өкмөтүндөгү 30 айылдын 85 миң тургунуна жардам көрсөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасындагы «Гуд Нейборс Интернэшнл» эл аралык уюму аялдардын укуктарын жакшыртуу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы ишин улантууну пландаштырууда.

Башка жаңылыктар:
Girls Football Club 2023

Кыргызстандагы Гуд Нейборс уюмунун "Girls football club 2023" долбоору футболдогу кыздарды колдоо миссиясын улантууда.

Кэчее, 6-октябрь 2023-жылы Бишкек шаарындагы "Чемпион" спорт комплексинде Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму тарабынан ишке ашырылган "Girls football club 2023" долбоорунун алкагында кичи футбол боюнча финалдык этап өттү.

"Girls football club" долбоору алгач 2019-жылы Кыргызстандын үч регионунун өкүлдөрүнүн арасында кичи-футбол боюнча аялдар өспүрүмдөр турнири уюштуруу максатында башталган. Бул жылы долбоор кайрадан улантып, кыздардын спорт жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүүгө багытталган миссиясын улантууда.

Мелдештин финалдык этабына 6-7-8-класстын кыздарынан турган төрт облустан: Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарынан турган командалардын катышуусу кирет. Ар бири 10 кыздан турган жеңүүчү командалар Бишкек шаарындагы өз аймактарынын атынан чыгып, жеңүүчү наамы үчүн ат салышат.

Турнирдин биринчи этабы 2023-жылдын сентябрында 4 облуста Жамааттарды өнүктүрүү долбоорунун айылдарында өтүп, анда финалдык турнирге чыга турган командалар аныкталган.

"Биз бул долбоор кыздарга атаандаштык иш-чараларга катышууга гана эмес, коомубузда аялдар футболун мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз. Спорт жеке өсүүгө өбөлгө түзөт, ден соолукту чыңдайт жана командада иштөө, урматтоо жана туруктуулук сыяктуу маанилүү баалуулуктарды калыптандырат", - деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс директору - Чжун Хонг Су .

Турнир аяктагандан кийин бул маанилүү күнү жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп, ага Кыргызстан аялдар футбол Ассоциациясынын меймандары чакырылат. Биз бул долбоорду колдогон жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышына салым кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз. Биздин максат - кыздарды жетишкендиктерге жетүүгө жана өз укуктарын бекемдөөгө шыктандыруу жана колдоо.

Толугу менен окуңуз
Жаңыртуу: Кыргыз Республикасынын айылдарын комплекстүү өнүктүрүү долбоору

2023-жылдын 20 жана 27-июлунда Гуд Нейборс Кыргызстан уюму Ош жана Баткен облустарынын өкүлдөрү менен «Берекелүү аймак» долбоорунун жүрүшүн талкуулоо үчүн жемиштүү жолугушууларды өткөрдү. Талкууга айыл өнүктүрүү башкармалыктарынын, аймактык өнүктүрүү фонддорунун, айыл өкмөттөрүнүн, комитеттердин жана долбоордун өнөктөштөрүнүн жетекчилери активдүү катышты. Жолугушуулар ар бир айылдагы отчеттук иш-чаралар, ишке ашыруу көйгөйлөрүн чечүү, долбоорду алдыга жылдыруу жана 2023-жылдын аягына чейин иш-чараларды пландаштырууга арналды. Долбоордун натыйжалуулугун жогорулатууда фермерлердин жана жергиликтүү тургундардын баалуу пикири да маанилүү роль ойноду. Гуд Нейборс уюму «Берекелуу аймагы» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга аракет кылып, мындан ары да аткаруу комитетинин жыйындарын жылына эки жолу өткөрүп турат.

*Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Айыл чарба министрлиги жана KOICA менен биргеликте 4 жылдын ичинде 30 айылда жакырчылыкты кыскартууга багытталган. Социал-экономикалык шарттарды жакшыртууга, аялдардын укуктарын илгерилетүүгө, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана айылды өнүктүрүү саясатын колдоого багытталган.

Толугу менен окуңуз
Берекелүү Аймак

2023-жылдын 26-июнунан 30-июнуна чейин Чунгбук университетинин (Корея Республикасы) профессорлору Кыргыз Республикасындагы «Берекелүү аймак» айылдарын комплекстүү өнүктүрүү долбооруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн Кыргызстанга келишти. Алардын иш сапарынын максаты долбоордун натыйжалуулугун жана анын Ош жана Баткен облустарындагы 30 айылда жашаган жамааттардын жашоо шарттарын жакшыртууга тийгизген таасирин баалоо болгон.

 

Иш сапардын алкагында долбоордун ар кандай объектилерин, анын ичинде өнүктүрүү борборлорун, футбол аянтчаларын, газ жана суу менен камсыздоо системаларын, фельдшердик-акушердик пункттарды, ичүүчү суу резервуарларын, асфальтталган жолдорду жана бала бакчаларды карашты. Профессорлор жергиликтүү фермерлер менен активдүү баарлашып, алардын тажрыйбасын үйрөнүп, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы тууралуу түшүнүк алышты. Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары консультациялар жана сунуштар аркылуу долбоорду башкарууда чечүүчү ролду ойноп, долбоордун максаттарына жетишүүгө олуттуу салым кошоору күтүлүүдө.

 

* Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Айыл чарба министрлиги жана KOICA менен биргеликте 4 жылдын ичинде 30 айылда жакырчылыкты кыскартууга багытталган. Социал-экономикалык шарттарды жакшыртууга, аялдардын укуктарын илгерилетүүгө, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана айылды өнүктүрүү саясатын колдоого багытталган.

Толугу менен окуңуз