Биз жөнүндө

Гуд Нейборс Кыргызстан Эл аралык Гуд Нейборс уюмунун бир бөлүгү катары Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин консультациялык статусуна ээ эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюм болуп саналат.

30 жылдан бери жакырчылыкка, кырсыкка жана репрессияга дуушар болгон жарандардын укуктары негиз болуп саналган жакырчылыкка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жигердүү аракеттер жүрүп жатат.

Гуд Нейборс учурда 40 өлкөнүн 192 жамаатына таасирин тийгизип, коомчулукту өнүктүрүүгө жана балдарды коргоого инклюзивдүү мамиле жасоого багытталган.

Уюм Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 2014-жылы баштаган. 

Good Neighbors
Good Neighbors
Миссиясы

Гуд Нейборс ачарчылыксыз дүйнөнү түзүү үчүн бар, анда адамдар ынтымакта жашайт. Гуд Нейборс жакырчылыктан, кырсыктан жана зулумдуктан жапа чеккен коңшуларынын укуктарын коргойт жана алардын өзүнө болгон ишенимине жетүүгө жардам берип, үмүт табууга мүмкүнчүлүк берет.

Баалуулуктар
1. Жардамыбыз керек болгон жерде расасына, динине, идеологиясына жана географиялык жайгашкан жерине карабастан иштейбиз.
2. Биз инсандын, үй-бүлөнүн жана коомчулуктун өзүн-өзү ишке ашырууга жана үзгүлтүксүз өнүгүүсүнө үндөйбүз.
3. Биз баланын укуктарын биринчи орунга коёбуз.
4. Биз адамдарды башкаларды урматтоого жана ынтымакта жашоого шыктандырган күчтүү глобалдык жарандыкты түзөбүз.
5. Биз жергиликтүү волонтерлорду алардын коомчулугун өнүктүрүүгө катышуу үчүн мобилизациялайбыз жана уюштурабыз.
6. Биз жергиликтүү өнөктөштөр менен иштешебиз, алар коомду өнүктүрүүнү боюнча максат кылып койгон.
7. Биз долбоорлорубуздун жана каржыбыздын абалы жана ишке ашырылышы боюнча профессионалдуу жана ачык отчеттуулукту камсыздайбыз.
8. Биз мүмкүн болушунча көп адамдарды Гуд Нейборс уюмуна демөөрчүлөр катары кошулууга, биздин ишибизге катышууга чакырабыз.
Кайда иштейбиз
Башкы бюросу
Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары 2/1.
+996 312 844220
“Көк-Чу” коомчулукту өнүктүрүү долбоору
Сокулук району, “Төмөнкү Чүй” айыл аймагы, «Камышановка».
“Болот Мамбетов” коомчулукту өнүктүрүү долбоору
Тоң району, “Болот Мамбетов” айыл аймагы.
“Бел-Алды” коомчулукту өнүктүрүү долбоору
Токтогул району, “Бел Алды” айыл аймагы.
“Жапалак” коомчулукту өнүктүрүү долбоору
{% translate 'Территориальное Управление Сел “Жапалак”, город Ош' %}
"Берекелүү Аймак" долбоордук кеңсеси
Где мы работаем
Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлору

Биздин уюмдун негизги милдети – жергиликтүү калкты мобилизациялоо, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана экономикалык ишмердүүлүккө окутуу аркылуу коомчулуктун потенциалын чыңдоо. Ар бир адамга толеранттуулук жана чыдамкайлуулук, балдардын укуктарын коргоо жана алардын жагымдуу чөйрөдө өнүгүүсүнө ар тараптан көмөк көрсөтүү.

Гранттык долбоорлор

Биз тынымсыз бюджеттен тышкаркы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн издейбиз, демөөрчүлөрдү жана өнөктөштөрдү биз иштеген аймактардагы ишмердүүлүгүбүздүн алкагында биргелешип, туруктуу долбоорлорду ишке ашырууга үндөйбүз.