Ош жана Баткен шаарларында көп функциялуу “Өнүгүү борбору” ачылды..
2022-жылдын 14-октябрында Ош облусунун Ноокат районундагы Борко айылында көп функционалдуу “Өнүгүү борборун” ишке киргизүү аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине «Гуд Нейборс Интернэшнл» эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы директору Джун Хонг Су, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ли Вон Чже, KOICA (Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги) өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонг Су, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Толтоев Эрнис, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери жана долбоордун жетекчилери катышышты.
Борко айылындагы борбордун ачылышынан кийин Чоң-Алай, Араван, Баткен жана Кадамжай райондорунун айылдарында да көп функционалдуу “Өнүгүү борборлору” өз ишин баштады. Белгилей кетсек, жалпысынан Ош жана Баткен облустарынын 30 айылында 30 объектти ишке киргизүү пландалууда.
Өнүктүрүү борборлору KOICA тарабынан каржыланган жана «Гуд Нейборс Интерэшнл» уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.
Айыл тургундары борборду ар кандай иш-чараларды өткөрүү аркылуу– жолугушуулар, тренингдер, семинарлар, курстар, ийримдер ж.б. өздөрүнүн потенциалын өнуктуруу жана социалдык абалын чыңдоо максатында колдоно алышат. Өнүктүрүү борбору ошондой эле кыска мөөнөттүү бала бакча катары кызмат кылат, бул ата-энелерге балдарын социалдык жана экономикалык иштерге бош убакыт бөлүү үчүн убактылуу тарбиячылардын кароосуна калтырууга мүмкүнчүлүк берет.
2023-жылдан баштап долбоор «Бакча» программасын ишке ашырат (программага шилтеме), ал «Өнүгүү борборлорунда» өткөрүлөт.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында 2021-жылдын сентябрынан 2025-жылдын декабрына чейин 655 миллион сомдук «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү» долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Ош жана Баткен областарынын 10 айыл өкмөтүндөгү 30 айылдын 85 миң тургунуна жардам көрсөтүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасындагы «Гуд Нейборс Интернэшнл» эл аралык уюму аялдардын укуктарын жакшыртуу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы ишин улантууну пландаштырууда.
2024-жылдын сентябрынан баштап Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс STEAM билим берүүнү мектептерге киргизүү боюнча демилгелүү долбоорун ишке киргизди. Долбоор 4 коомдук өнүгүү аймагындагы 16 мектепти камтыйт.
Долбоордун максаты — билим берүү сапатын жакшыртуу, окуучуларды заманбап чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө даярдоо жана так илимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттыруу. STEAM жөн гана билим берүү эмес — бул келечектеги лидерлерди жана новаторлорду тарбиялоочу мамиле!
Биз мындай демилгелер кыргыз мектеп окуучуларына инновацияларга жана эл аралык билим берүү стандарттарына карай кадам жасоого жардам берет деп ишенебиз.
#Education #STEAM
2024-жылдын октябрында, Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл өкмөтүндө климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу жана туруктуу айыл чарба алып баруу боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге суу комитетинин жана Кайыңды-Охна суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрү, аялдар жана жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле Айылдык Кеңештин өкүлдөрү катышты.
Тренингдин жүрүшүндө жергиликтүү коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу боюнча иш планы талкууланып, көйгөйдү чечүү жолдору сунушталды. Бул долбоор “Баткен облусунда багбанчылык жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда
#Training #ClimateChange #SustainableAgriculture
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 9 октябрь, 2024 жылы Шин Дон Мин атындагы стипендиялык программасынын жыйынтыгын чыгарды, Талас облусунун администрациясы менен биргеликте 4 райондон 36 окуучу тандалып стипендия жана окуу куралдар ыйгарылган. Бул программа 2018 жылдан бери уланып келген иш чара, ар бир баланын чоң потенциалы бар экенине ишенебиз.
#Education #Scholarship #ShinDongMinScholarship