Болот-Мамбетов Айыл аймагында картошканын элиталык сортторун өстүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу
Кыргыз Республикасындагы "Гуд Нейборс" Филиалы Тоң районунун Болот Мамбетов Айыл аймагында картошканын элиталык сортторун өстүрүү боюнча долбоор акыркы 3 жылы аралыгында (2022-2024) жемиштүү иш алып бара жаткандыгын кубануу менен бөлүшөт.
Бул жылы кооператив баалуу билим жана тажырыйбадан сырткары, иш аракетин эффективдүү алып баруусу үчүн керектүү техникалык жабдуулар менен камсыз болду. Проекттин алкагында дыйкандардын чөйрөсү кеңейди.
Алдыда дагы албан-албан пландарыбыз бар! Өнөктөштөрүбүзгө жагымдуу аба-ырайын жана мол түшүм каалайбыз!
Долбоордун жетишкендиктери:
- 3 жыл аралыгынла ийгиликти ишке ашырылуусу;
- Дыйканндардын камтылуусун арттыруу;
- Кооперативдин керектүү жабдуулар менен камыз болуусу;
- Картошка өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
Келечектеги максаттар:
- Долбооодун дагы өнүгүүсү;
- Дыйкандардын бакубаттуулугун жогорулатуу;
- Аймакта тамак-аш коопсуздугун камсыздоо.
Бардык өнөктөштөргө дага долболодун катышуучуларына жасап жаткан салымына ыраазычылык билдиребиз.
Алдыдагы жетишкендиктерди чыдамсыздык менен күтөөбүз!
2024-жылдын 8-октябрь күнү "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемеси Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы бала бакчанын жаңыланган ашканасынын ачылыш аземин өткөрдү. Бул долбоордун алкагында "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" бала бакчанын жетекчилигине жана администрациясына керектүү курулуш материалдары, ошондой эле заманбап жабдуулар берилген. Заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы ашкана балдарга пайдалуу азыктар менен тамактанууга жана дени сак болууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле күнү, жергиликтүү бийлик органдарынын, медициналык мекеменин кызматкерлеринин, жергиликтүү тургундардын жана "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемесинин биргелешкен аракети менен өткөрүлгөн оңдоо иштеринин алкагында жаңыланган медициналык борбордун инфраструктурасын ишке киргизүү аземи болуп өттү. "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемесинин каржылоосу жана көмөктөшүүсү менен медициналык борбордун суу менен камсыздоо системасы реконструкцияланган жана бардык негизги бөлмөлөрү ичүүчү таза суу менен камсыз болду.
Бул медициналык борбор регион үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени Токтогул районунун тургундарына гана жардам көрсөтпөстөн (30 миңге жакын адам), ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы аварияларды да тейлейт.
#GoodChange #CommunityDevelopment #CleanWaterAccess
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл өкмөтүндөгү акыркы селдин кесепетинен жабыр тарткан Эшперов жана Ак-Сай айылдарынын тургундарына атайын керектуу буюмдарды тапшырды.
32 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү, алардын ичинен Ак-Сай айылынан 25 үй-бүлө жана Эшперов айылынан 7 үй-бүлө. Жардамдын алкагында жабыркагандарга азык-түлүк, керектүү буюмдар жана жеке гигиена каражаттары берилди.
Бул колдоо табигый кырсыктардан улам татаал кырдаалга туш болгон адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Уюм жабыр тарткан аймактардагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда.
#EmergencyRelief #EmergencyKit
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс өткөн дем алыш күндөрү Болот Мамбетов, Бел-Ады, Жапалак Айыл Өкмөттөрүндөгү жана Айым кооперативдеринин мүчөлөрүнө потенциалды жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү.
Тренингдин негизги максаты кооперативдердин мүчөлөрүнүн көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатуу болгон. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Финансылык сабаттуулук, Кыргыз Республикасында салык салуу жана салыктык жөнгө салуунун негиздери, бухгалтердик эсеп жана долбоорду башкаруу боюнча көбүрөөк маалымат алышты. Потенциалды жогорулатуу боюнча тренингди бул багыттар боюнча квалификациялуу эксперттер алып барышты.
Маалыматтык сессиялардан тышкары тренинг кооперативдин мүчөлөрү үчүн бир арага келип, бири-бири менен тажрыйба алмашуу үчүн сонун аянтча болду. Алдыдагы оруп-жыюу маалында түшүмдүн жемиштүү болушун каалайбыз.
#Cooperatives #Training