Ысык-Көлдүн жээгинде БААРЫ ҮЧҮН ТУРИЗМ

2024-жылдын июль айында «Айым» аялдар коому Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс менен биргеликте Иссык-Көлдүн жээгинде мобилдүүлүгү чектелген адамдар үчүн жайкы лагерь уюштурду.

 

Иш-чарага катышкан 13 адам «Солемар» эс алуу борборунда үч күн бою күнөстүү, унутулгус күндөрдү өткөрүштү. Борбордун жетекчилиги толук кандуу эс алууга мүмкүнчүлүк берди. Бул борбордо жүрүү өзгөчө ыңгайлуу болду, анткени аймак майыптардын жүрүүсү үчүн ыңгайлаштырылган: пандустар жана эс алуу аймагында, ошондой эле пляжда ыңгайлуу жолдор бар.

 

Үч күн бою катышуучулар Иссык-Көлдүн кооздугунан ырахат алышты, баарлашып, ийгилик окуялары менен бөлүшүшүп, бири-бирин шыктандырышты. Баары Бишкекке сонун таасирлер менен кайтып келип, келечектеги жашоо кыйынчылыктарын жеңүүгө шыктанышты жана жаңыланды.

 

Бул иш-чара «Red Petroleum» май куюучу жайлар тармагынын жардамы менен да ишке ашты!

 

Долбоор жөнүндө: https://www.instagram.com/p/Cmduosho5ZD/?img_index=1

 

#WomenTaxi #InclusiveTaxi #WomentaxiAyim #ZhenskoeTaxiBishkek #Inclusiveness #AccessibleInfrastructureinthecity

Башка жаңылыктар:
Ош жана Баткен шаарларында көп функциялуу “Өнүгүү борбору” ачылды..

2022-жылдын 14-октябрында Ош облусунун Ноокат районундагы Борко айылында көп функционалдуу “Өнүгүү борборун” ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине «Гуд Нейборс Интернэшнл» эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы директору Джун Хонг Су, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ли Вон Чже, KOICA (Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги) өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонг Су, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Толтоев Эрнис, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери жана долбоордун жетекчилери катышышты.

Борко айылындагы борбордун ачылышынан кийин Чоң-Алай, Араван, Баткен жана Кадамжай райондорунун айылдарында да көп функционалдуу “Өнүгүү борборлору” өз ишин баштады. Белгилей кетсек, жалпысынан Ош жана Баткен облустарынын 30 айылында 30 объектти ишке киргизүү пландалууда.

Өнүктүрүү борборлору KOICA тарабынан каржыланган жана «Гуд Нейборс Интерэшнл» уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Айыл тургундары борборду ар кандай иш-чараларды өткөрүү аркылуу– жолугушуулар, тренингдер, семинарлар, курстар, ийримдер ж.б. өздөрүнүн потенциалын өнуктуруу жана социалдык абалын чыңдоо максатында колдоно алышат. Өнүктүрүү борбору ошондой эле кыска мөөнөттүү бала бакча катары кызмат кылат, бул ата-энелерге балдарын социалдык жана экономикалык иштерге бош убакыт бөлүү үчүн убактылуу тарбиячылардын кароосуна калтырууга мүмкүнчүлүк берет.

2023-жылдан баштап долбоор «Бакча» программасын ишке ашырат (программага шилтеме), ал «Өнүгүү борборлорунда» өткөрүлөт.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында 2021-жылдын сентябрынан 2025-жылдын декабрына чейин 655 миллион сомдук «Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү» долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Ош жана Баткен областарынын 10 айыл өкмөтүндөгү 30 айылдын 85 миң тургунуна жардам көрсөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасындагы «Гуд Нейборс Интернэшнл» эл аралык уюму аялдардын укуктарын жакшыртуу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы ишин улантууну пландаштырууда.

Толугу менен окуңуз
Кайрымдуулук жарманкеси

29-октябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада кайрымдуулук жарманкеси өттү. Жарманкеде түрдүү кол өнөрчүлүк, китептер, токочтор жана башкалар көрсөтүлдү. Ошондой эле лотерея ойнотулуп, анда биздин демөөрчүлөр тарабынан баалуу байгелер ойнотулду. Күрөнкеев атындагы мектептин жана «Антре» балет студиясынын жаш таланттары биздин жарманкеге өздөрүнүн эң сонун спектаклдери менен колдоо көрсөтүштү. Баардык катышуучуларга жана демөөрчүлөргө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз! Кайрымдуулук жарманкесинде 81720 сом топтодук. Чогулган бардык каражаттар биздин “HOPE” эсебибизге которулду жана Баткен облусунун инфраструктурасын реабилитациялоо долбооруна жумшалат. Биз менен чогуу кылган иштери үчүн бардык ыктыярчыларыбызга ыраазычылык билдиребиз! Жакынкы айларда бизде маанилүү жана кызыктуу окуялар болот, андыктан кабардар болуңуз.

Кайрымдуулук жарманкесиндеги катышкан биздин демөөрчүлөрүбүз:

 

@cocacola_kyrgyzstan
@sova_macaron
@fermamarket_kg
@baanbaansouth
@koreanbbq.bishkek
@Seoul Kimchi
@avtorskaya_shkola
@eldikfamilymedicineclinic
@karisma_dental
@ken_bog_kun_kafe
@KF Silk Road Project
@kettik.kg
@thekids_bookshop
@morse_bracelet_kg
@ecolifekg    

Толугу менен окуңуз
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс филиалынын директору Талас облусунун мыкты студенттерине стипен

Өткөн жумада Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс филиалынын директору Талас облусунун мыкты студенттерине стипендия тапшырды. Бул стипендиялык программа Түштүк Кореянын жеке демөөрчүлүгүнүн демилгеси менен ишке ашырылат. Жылына бир жолу Талас шаардык мэриясы окуу жылынын жыйынтыгы менен окууда өзүн эң мыкты көрсөткөн окуучулардын тизмесин түзөт. Жыл сайын муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу жана акылдуу балдарына стипендия жана сертификаттарды, ошондой эле канцелярдык товарлардын топтомун беребиз. Быйыл 30 студент стипендия алды. Балдар алган сыйлыктарын сарамжалдуу пайдаланып, келечекте Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салымын кошот деп ишенебиз.

Толугу менен окуңуз