Камдык көчүрмөлөрдү колдоо
Демилге жана шыктандыруучу окуялар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн YouTube'дагы толук видеону көрүңүз!
https://youtu.be/XlpX7wVx-uU?si=h_JCZzm9Q2wte84P
Бул видеодо жергиликтүү фермерлерди жеткиликтүү кредит аркылуу колдоого багытталган Good Neighbors долбоорунун шыктандыруучу окуясы менен бөлүшөт. Каармандарыбыз тажрыйбалуу балчылар Руслан Тойчубеков менен Мунарбек Жаманкуловдор заманбап бал челектерин жана аары ящиктерин арзан пайыз менен насыяга алышты.
Бул долбоордун аркасында алардын аарычылык бизнеси гүлдөдү. Сиз алардын бал челектерин, үй чарбаларын көрүп, Гуд Нейборстун колдоосу алардын жашоосун кантип жакшыртып, жергиликтүү өндүрүштү кантип жогорулатканын билесиз.
Долбоор жөнүндө: Токтогул балы 2022-жылы ишке киргизген киреше алып келүүчү долбоорлордун бири. Бул аралыкта биз 4,2 миллион сомго жакын каражат бөлдүк. Биздин бенефициарларыбыз 19 адам.
Бул долбоордун максаты жергиликтүү дыйкандардын кирешесин жана Токтогул бал брендин жогорулатуу болуп саналат.
#Honey #IncomeGeneration
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
Good Neighbors Kyrgyz Republic 4 тендер жарыялайт:
Тендер 1:
№30573. Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугун чыңдоо долбоорунун алкагында балдарды медициналык кароодон өткөрүү кызматтарын көрсөтүү боюнча.
Акыркы мөөнөтү: 9-июль
Тендер 2:
№30579. Кыргыз Республикасындагы этникалык корейлер үчүн комплекстүү офтальмологиялык текшерүү кызматтарын көрсөтүүгө боюнча.
Акыркы мөөнөтү: 1-июль
Тендер 3:
№30437. Жайкы беседканы куруу үчүн курулуш материалдар боюнча
Акыркы мөөнөтү: 2-июль
Тендер 4:
№30330. ФАПтар жана ҮМБлар үчүн медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча.
Акыркы мөөнөтү: 5-июль
Тендерлер боюнча бардык маалыматтар жана документтер www.tender.kg сайтында жеткиликтүү.
Кызыкдар болгон уюмдарды жана жеткирүүчүлөрдү катышууга чакырабыз!
2026-жылдын 18–24-июнь күндөрү Global Youth Network (GYN) программасынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын башталгыч класстарынын окуучуларынын ортосунда онлайн-сессиялар улантылды.
Global Youth Network — бул Good Neighbors International тарабынан ишке ашырылып жаткан эл аралык программа болуп, ар түрдүү өлкөлөрдүн балдарын жана жаштарын бириктирип, глобалдык жарандуулукту, лидерлик сапаттарды жана социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүүгө багытталган. Программа балдардын жана жаштардын дүйнөлүк көйгөйлөр, Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле баарлашуу, кызматташуу жана коомдук турмушка активдүү катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Онлайн жолугушуулардын жүрүшүндө окуучулар башка өлкөдөгү теңтуштары менен баарлашып, бири-бири менен таанышып, маданий алмашууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаралар достук маанайда өтүп, жаш муундардын эл аралык өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоого жана глобалдык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.
Программанын катышуучуларын лидерлик сапаттарды, сынчыл ой жүгүртүүнү, командада иштөө көндүмдөрүн жана глобалдык чакырыктарды түшүнүүнү өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы алмашуу иш-чаралары жана окутуу сессиялары күтөт.
Окуу жергиликтүү аарычылардын кесиптик билимдерин жогорулатуу жана аарычылык чарбасын ийгиликтүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду. Тренингди TES CENTRE уюмунун аарычылык тармагындагы тажрыйбалуу эксперти Музаффер Юсупов өткөрдү. Ал өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн 40 жылдан ашуун убактысын ушул тармакка арнаган.
Үч күндүн ичинде катышуучулар буга чейин алган билимдерин жаңылап, аары үй-бүлөлөрүн багуунун заманбап ыкмалары, аарылардын ооруларынын алдын алуу жолдору менен таанышып, ошондой эле бал челек чарбаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун ыкмаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл уюктарды багуунун практикалык аспектилерине жана аарычылык чарбасын натыйжалуу башкарууга бурулду.
Окуунун акыркы күнү жергиликтүү бал челекте өтүп, анда катышуучулар эксперттин жетекчилиги алдында алган билимдерин практика жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай окутуу форматы аарычыларга теориялык материалдарды бекемдөөгө гана эмес, ошондой эле иш процессинде пайда болгон актуалдуу суроолоруна жооп алууга шарт түздү.
Алынган билимдер жана көндүмдөр катышуучуларга өз ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, мүмкүн болуучу жоготуулардын алдын алууга жана чарбаларынын кирешесин көбөйтүүгө жардам берет деп ишенебиз. Good Neighbors Kyrgyz Republic туруктуу киреше булактарын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү жамааттардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону улантууда.