CDP мектептерде санитардык комплекстер ачылды
🎉Эки айылдык мектепте: Төмөнкү-Чүй айылында (Көк-Чу CDP) (200гө жакын окуучу) жана Эшперов айылында (Болот Мамбетов CDP) (350гө жакын окуучу) заманбап санитардык комплекстердин ачылышы болду.
Жаңы курулган санитардык жайлар бардык окуучулардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын (МЧБ) муктаждыктарын эске алуу менен, ошондой эле кыздар үчүн гигиеналык жана купуя шарттарды камсыз кылуу максатында долбоорлонгон. Ар бир комплекс пандус, жылуу суу менен жабдылган кол жуучу жайлар, жылытуу системасы жана купуя кабиналар менен камсыздалган.
Курулуш иштери бардык санитардык жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлдү. Таштандыларды коопсуз жана экологиялык жактан таза түрдө утилдештирүү үчүн заманбап септиктер орнотулган.
Бул иш-чара ар бир бала өзүн коопсуз, ыңгайлуу жана сыйлуу сезе турган инклюзивдүү жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө болгон чоң кадам болуп саналат.
2024-жылдын июль айында «Айым» аялдар коому Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс менен биргеликте Иссык-Көлдүн жээгинде мобилдүүлүгү чектелген адамдар үчүн жайкы лагерь уюштурду.
Иш-чарага катышкан 13 адам «Солемар» эс алуу борборунда үч күн бою күнөстүү, унутулгус күндөрдү өткөрүштү. Борбордун жетекчилиги толук кандуу эс алууга мүмкүнчүлүк берди. Бул борбордо жүрүү өзгөчө ыңгайлуу болду, анткени аймак майыптардын жүрүүсү үчүн ыңгайлаштырылган: пандустар жана эс алуу аймагында, ошондой эле пляжда ыңгайлуу жолдор бар.
Үч күн бою катышуучулар Иссык-Көлдүн кооздугунан ырахат алышты, баарлашып, ийгилик окуялары менен бөлүшүшүп, бири-бирин шыктандырышты. Баары Бишкекке сонун таасирлер менен кайтып келип, келечектеги жашоо кыйынчылыктарын жеңүүгө шыктанышты жана жаңыланды.
Бул иш-чара «Red Petroleum» май куюучу жайлар тармагынын жардамы менен да ишке ашты!
Долбоор жөнүндө: https://www.instagram.com/p/Cmduosho5ZD/?img_index=1
#WomenTaxi #InclusiveTaxi #WomentaxiAyim #ZhenskoeTaxiBishkek #Inclusiveness #AccessibleInfrastructureinthecity
22-июнь 2024-жылы "Айым" аялдар коомчулугу Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс менен биргеликте кыймылы чектелген адамдар үчүн Ысык-Ата районунун тоолоруна саякат уюштурушкан.
Катышуучулар шаарда транспортту колдонууда бир катар кыйынчылыктарга туш болушат жана айрым турак жайлар зарыл инфраструктуранын жоктугунан биздин бенефициарларыбызга сыртка ээн-эркин чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Бирок бул күнү катышуучулар таза абада өлкөбүздүн жаратылышына ырахаттанып, унутулгус күн өткөрүштү.
Бул саякат да демөөрчүлөрдүн: Кыргыз Республикасындагы Эл аралык «Эмират» кайрымдуулук уюмунун жана «Red Petroleum» май куюучу станциялар тармагынын аркасы менен ишке ашты!
#WomenTaxi #InclusiveTaxi #WomentaxiAyim #ZhenskoeTaxiBishkek #Inclusiveness #AccessibleInfrastructureinthecity
Кыргыз Республикасындагы "Гуд Нейборс" жыл сайн откозучу, балдардын ден соолугун текшерүү программасын ишке ашырып жаткан мезгили.
Бул программа коомчулукту өнүктүрүү долбоорунун (КөД) алкагында, Кыргызстандагы 21 айылында, 3 жаштан 17 жашка чейинки балдар акысыз медициналык кароодон өтушөт.
7,000ден ашык бала физикалык жана психикалык ден соолугун баалоодон өтөт. Саламаттыкты сактоо адистери алардын жалпы ден соолугун сактоо жана жакшыртуу үчүн текшерүүлөрдү өткөрүшөт. Мындан тышкары, оор дартка чалдыккан балдар дагы консультация алуу үчүн адистерге жөнөтүлөт.
Биз бардык жергиликтүү ыктыярчыларга жана активисттерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
#SponsorshipService #Health #CommunityHealth #ChildrensHealth