Балдарга арналган социалдык мекемелерге реабилитациялык жана медициналык жабдууларды тапшыруу аземи
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу стационардык социалдык мекемелерге — Сокулук балдарды реабилитациялоо борборуна жана Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине реабилитациялык жана медициналык жабдууларды өткөрүп берди. Өткөрүлгөн жабдуулардын жалпы наркы 20 000 АКШ долларын түздү.
Учурда аталган мекемелерде туруктуу жашап, реабилитациядан өтүп жаткан 295 майыптыгы бар бала бар. Алар туруктуу медициналык жана реабилитациялык колдоого муктаж. Өткөрүлүп берилген жабдуулар балдарга жана майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү реабилитациялык жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле алардын калыбына келүүсү, өнүгүүсү жана социалдык адаптациясы үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жабдууларды расмий тапшыруу аземине Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл уюмунун директору Чо Сунхёнг, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Айнура Джантаевна Орозбаева, Сокулук ССУнун директору Б.Ш. Туманова, Беловодск ССУнун директору А.А. Асанов, ошондой эле аталган мекемелердин кызматкерлери катышты.
КРдагы Гуд Нейборс Интернешнл уюмунун директору Чо Сунхёнг өз сөзүндө бул колдоо уюмдун майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүүгө, социалдык биримдикти чыңдоого жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө болгон туруктуу берилгендигин дагы бир жолу тастыктарын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен тыгыз кызматташуунун алкагында Гуд Нейборс ар бир адам сапаттуу социалдык жана медициналык кызматтарга тең жеткиликтүүлүккө ээ болгон чөйрөнү түзүүгө салым кошуп келет.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл мындан ары да социалдык инклюзияны өнүктүрүүгө, калктын аярлуу катмарларын колдоого жана Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо тутумун бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүгүн улантат.
26-июнда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Бул өзгөчө күн жашоодогу маанилүү этаптын аякташын жана мүмкүнчүлүктөргө, үмүттөргө жана чоң ийгиликтерге бай жаңы жолдун башталышын белгиледи.
Ош облусундагы Жапалак Коомчулукту өнүктүрүү долбооруна (Japalak CDP) караштуу мектептердин бүтүрүүчүлөрү да мектепти аяктаганын салтанаттуу белгилешти. Бул күндү дагы да кубанычтуу жана эстен кеткис кылуу максатында, Good Neighbors Kyrgyz Republic «Айыл жаштарынын өз алдынча жашоого өтүүсүн колдоо жана билим алууга болгон мотивациясын жогорулатуу» (Rural Youth Transition & Educational Motivation Initiative) долбоорунун алкагында бүтүрүүчүлөр үчүн эстелик белектерди жана таттуу белектерди даярдады.
Бардык бүтүрүүчүлөрдү бул маанилүү окуя менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыңарда жаңы билимдерге, кеңири мүмкүнчүлүктөргө, тайманбас чечимдерге жана эң чоң кыялдарыңарды ишке ашырууга жол ачылсын. Өз күчүңөргө ишенип, шыктануу менен алдыга умтулуп, жаңы жашоо баскычында чоң ийгиликтерге жетишиңерди каалайбыз!
29-июнда Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы Болот Мамбетов Коомчулукту өнүктүрүү долбооруна (КӨД) караштуу мектептердин 80 бүтүрүүчүсү үчүн бир күндүк тренинг өткөрдү.
Тренинг жаштарды чоң турмушка өтүү мезгилинде колдоого, алардын мындан аркы билим алуу жана кесиптик жолун тандоосуна көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле өз күчүнө болгон ишенимин арттырууга багытталды.
Программа Good Neighbors уюмунун ишмердүүлүгү жана уюм менен мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тааныштыруу сессиясы менен башталды. Андан соң катышуучулар жеке жана финансылык жоопкерчилик, коопсуздук, документтерди тариздөө, аң-сезимдүү чечим кабыл алуу жана мүмкүн болгон тобокелчиликтерден коргонуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл мектепти аяктагандан кийинки келечекти тандоо темасына бурулду. Бүтүрүүчүлөр билим алууну улантуу, кесиптик өнүгүү, жумушка орношуу, максат коюу жана кесипти аң-сезимдүү тандоо тууралуу пикир алышты. Ошондой эле жаштардын жарандык активдүүлүгү жана ыктыярчылык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, коомдук турмушка катышуу лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жана пайдалуу тажрыйба топтоого кандайча жардам берерин талкуулашты.
Практикалык бөлүктө катышуучулар баарлашуу, өзүн тааныштыруу жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүштү. Ошондой эле Good Neighbors Бүтүрүүчүлөр клубун түзүү демилгеси сунушталып, анын бүтүрүүчүлөрдүн өз ара байланышып, тажрыйба алмашуусуна жана коомдук демилгелерге катышуусуна өбөлгө түзөрү айтылды.
Күн бою бүтүрүүчүлөр интерактивдүү тапшырмаларга, командалык оюндарга жана тематикалык квизге активдүү катышышты. Иш-чара эстелик белектерди тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Бардык бүтүрүүчүлөргө алдыга ишенимдүү кадам таштап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн коркпой, келечегиңерди тайманбай курууну каалайбыз!
26-июнда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Алардын катарында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон, Саргата жана Үч-Терек айылдарынын бүтүрүүчүлөрү да болуп, бул күн алардын мектептеги жолунун жыйынтыгы жана жашоодогу жаңы баскычтын башталышы болду.
Бул өзгөчө күндү дагы да кубанычтуу жана эстен кеткис кылуу максатында, Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму «Айыл жаштарынын өз алдынча жашоого өтүүсүн колдоо жана билим алууга болгон мотивациясын жогорулатуу» долбоорунун алкагында бүтүрүүчүлөр үчүн эстелик белектерди жана таттуу белектерди даярдады. Бул чакан белектер салтанаттуу күнгө өзгөчө жылуулук тартуулап, бүтүрүүчүлөргө жагымдуу эмоцияларды жана өмүрүндөгү эң маанилүү күндөрдүн бири тууралуу жаркын эскерүүлөрдү тартуулады.
Бардык бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз! Алган билимиңиздер келечектеги ийгиликтериңиздердин бекем пайдубалы болуп, алдыда жаңы мүмкүнчүлүктөр, тайманбас чечимдер жана чоң жетишкендиктер коштосун!