Балдарга арналган социалдык мекемелерге реабилитациялык жана медициналык жабдууларды тапшыруу аземи
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу стационардык социалдык мекемелерге — Сокулук балдарды реабилитациялоо борборуна жана Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине реабилитациялык жана медициналык жабдууларды өткөрүп берди. Өткөрүлгөн жабдуулардын жалпы наркы 20 000 АКШ долларын түздү.
Учурда аталган мекемелерде туруктуу жашап, реабилитациядан өтүп жаткан 295 майыптыгы бар бала бар. Алар туруктуу медициналык жана реабилитациялык колдоого муктаж. Өткөрүлүп берилген жабдуулар балдарга жана майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү реабилитациялык жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле алардын калыбына келүүсү, өнүгүүсү жана социалдык адаптациясы үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жабдууларды расмий тапшыруу аземине Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл уюмунун директору Чо Сунхёнг, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Айнура Джантаевна Орозбаева, Сокулук ССУнун директору Б.Ш. Туманова, Беловодск ССУнун директору А.А. Асанов, ошондой эле аталган мекемелердин кызматкерлери катышты.
КРдагы Гуд Нейборс Интернешнл уюмунун директору Чо Сунхёнг өз сөзүндө бул колдоо уюмдун майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүүгө, социалдык биримдикти чыңдоого жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө болгон туруктуу берилгендигин дагы бир жолу тастыктарын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен тыгыз кызматташуунун алкагында Гуд Нейборс ар бир адам сапаттуу социалдык жана медициналык кызматтарга тең жеткиликтүүлүккө ээ болгон чөйрөнү түзүүгө салым кошуп келет.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл мындан ары да социалдык инклюзияны өнүктүрүүгө, калктын аярлуу катмарларын колдоого жана Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо тутумун бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүгүн улантат.
Калктын муктаждыктарын комплекстүү баалоонун алкагында Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Көк-Чу, Болот Мамбетова, Бел-Алды жана Жапалак КӨДдөрүндө (Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлору) фокус-топтук талкуулардын (Focus Group Discussions — FGD) сериясы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Талкууларга мугалимдер, медицина кызматкерлери, ата-энелер, жаштар, фермерлер, ишкерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын өкүлдөрү катышты. Фокус-топтор жамааттардагы актуалдуу көйгөйлөрдү ачык талкуулоо, артыкчылыктуу муктаждыктарды аныктоо жана мүмкүн болгон чечимдерди издөө үчүн аянтча болуп берди.
Талкуулардын жүрүшүндө билим берүү, саламаттык сактоо, таза суу жана санитарияга жеткиликтүүлүк, укуктарды коргоо, социалдык колдоо, жумуш менен камсыз кылуу жана калктын киреше булактарын өнүктүрүү маселелери каралды. Өзгөчө көңүл аялуу топтордун көйгөйлөрүнө, негизги кызматтарга жеткиликтүүлүккө, жашоо шарттарын жакшыртууга жана жергиликтүү жамааттардын потенциалын чыңдоого бурулду.
Фокус-топтук талкуулар сапаттуу маалыматтарды чогултууга жана калктын муктаждыктарды баалоо процессине активдүү катышуусун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди. Алынган жыйынтыктар келечектеги пландаштыруу иштеринде жана коомчулуктун реалдуу муктаждыктарына багытталган практикалык программаларды жана демилгелерди иштеп чыгууда колдонулат.
Ош шаарындагы №48 Керме-Тоо орто мектебинде жана М. Мырзаев атындагы №45 орто жалпы билим берүү мектебинде жогорку класстын окуучулары арасында экологиялык дебаттар (Eco-Debate) ийгиликтүү өткөрүлдү.
Көпчүлүк окуучулар үчүн бул дебаттарга биринчи жолу катышуу тажрыйбасы болгонуна карабастан, алар башынан эле чоң кызыгуу, активдүүлүк жана экологиялык актуалдуу маселелерди талкуулоого болгон чыныгы катышуусун көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз ойлорун жүйөлүү билдирүүгө, каршы тарапты угууга, командада иштөөгө жана биргелешип чечим табууга үйрөнүштү.
Эко-дебаттар коом алдында сүйлөө, сынчыл ой-жүгүртүү, лидерлик жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болду.
Мындай демилгелер жаштарды мындан ары өнүгүүгө жана жаңы дебаттык турнирлерге активдүү катышууга шыктандырып, жарандык активдүү позицияны калыптандырат деген үмүттөбүз.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Абды-Суеркулов айыл аймагындагы №21 Ы. Алымбеков атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары — Кадыралиева Элнура Сакабековна — өзүнүн жогорку жетишкендиктери, кесипкөйлүгү жана педагогикалык ишмердүүлүккө болгон берилгендиги менен кесиптештерине дем берип келет.
2026-жылдын жыйынтыгы менен ал «Жылдын мыкты мугалими» ардактуу наамына татыктуу болуп, ошондой эле «Улут сыймыгы» төш белгиси менен сыйланды.
Өзгөчө сыймык жараткан жетишкендиктеринин бири — 2026-жылдын 7-майында республикалык деңгээлде өткөн «Лидер мугалим» сынагына катышып, 651 мугалимдин арасынан мыкты жыйынтык көрсөтүп, Сингапурга билим берүү багытындагы жолдомону жеңип алышы болду.
Белгилей кетсек, Элнура Сакабековна Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алдыдагы Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорунун ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, билим берүүнү өнүктүрүүгө, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоого жана жаш муунду тарбиялоого зор салым кошуп келет.
Кадыралиева Элнура Сакабековнаны жетишкен ийгиликтери жана татыктуу сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бекем ден соолук, жаңы ийгиликтерди жана билим берүү тармагында мындан аркы чоң жетишкендиктерди каалайбыз!