Ысык-Көл облусунун мугалими КМШдагы эл аралык сынакта эң мыкты деп табылды
Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаныбаева «КМШнын мыкты педагогу» эл аралык сынагында I даражадагы дипломго ээ болду.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын биринчи этабы 7-февралда башталып, анын жыйынтыгында ал экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Сынактын финалы 24-мартта Астана шаарында өтүп, анда Аида Жаныбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШнын мыкты педагогу» статуэткасы менен сыйланды.
Белгилей кетсек, Аида Жаныбаева жетектеген №7 мектепке чейинки билим берүү уюму буга чейин Кыргызстандагы Good Neighbors уюму тарабынан колдоого алынган. Биздин ишмердүүлүктүн алкагында оңдоо иштери жүргүзүлүп, бала бакча керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыздалган. Инфраструктураны жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү педагогдордун кесиптик өсүшүнө жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Аида Жаныбаеваны бул жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, кесиптик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, шыктануу жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Эмгегиңиз жана ишиңизге болгон берилгендигиңиз мындан ары да чоң жыйынтыктарды алып келип, башкаларга үлгү болсун!
Коммерциялык сунуштарды суроо: Мугалимдер жана социалдык педагогдор үчүн мектептеги зомбулуктун алдын алуу, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү жана мугалимдер үчүн «Зомбулуксуз мектеп» колдонмосун колдонуу маселелери боюнча тренинг өткөрүү
Долбоор жөнүндө:
30 мугалим, мектеп психологу жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн 4 күндүк интерактивдүү тренинг (2026-жылдын 17–20-августу, Бишкек ш.) өткөрүү. Максаты — зомбулуктун алдын алуу, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү жана КР Илим жана билим берүү министрлигинин «Зомбулуксуз мектеп» колдонмосун колдонуу боюнча квалификацияны жогорулатуу. Программаны иштеп чыгуу, окутууну өткөрүү жана жыйынтыктоочу отчетторду, сертификаттарды берүү талап кылынат.
⏰ Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 13-августу, саат 18:00гө чейин.
ℹ️ Толук маалыматты tenders.kg сайтынан 2026-жылдын 7-августундагы №31268 номери астында таба аласыздар.
Tenders.kg сайтына шилтеме.
Биз долбоорлор, балдарга болгон жардам жана гуманитардык миссиялар жөнүндө көп айтып беребиз. Бирок мунун баарын ишке ашырып жаткан инсандардын жүзүн сейрек көрсөтөбүз. Ал эми ар бир отчёттук цифранын жана ар бир кайрымдуулук кутучасынын артында тирүү адамдар турат.
Бүгүн биз муну өзгөртүүнү чечтик. Кесиптештерибизге: «Жумушка кечикпесең — момпосуй аласың» деген челлендж уюштурдук. Кимдир бирөө өз убагында келип, таттуу сыйлыгын алды, ал эми кимдир бирөө таттуусуз калды — бирок биздин видеого тартылып калды 🍬
Биз муну эмне үчүн жасадык? Анткени сиздердин бизди жакындан таанышыңыздарды каалайбыз: отчёттор менен жаңылыктардан гана эмес, жөнөкөй, чыныгы жашообуз аркылуу дагы. Биз сиздер менен тез-тез баарлашып, суроолоруңуздарга жооп берип, пикириңиздерди угуп жана жөн гана жакыныраак болууну каалайбыз 🤗
Эмесе, таанышып алалы! 💚
Инстаграм видеосу
Коргон айылындагы ФАП үчүн курулуш материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана оңдоп-курулуш жумуштарын аткарууга тендер
Долбоор жөнүндө: Коргон айылындагы (Токтогул району, Жалал-Абад облусу) Фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) иштөө шартын жакшыртуу. Материалдарды (пол каптамалары, эшиктер, терезелер, чатыр ж.б.) жеткирүү жана оңдоп-түзөө, монтаждоо жумуштарынын толук комплексин, анын ичинде аймакты көрктөндүрүүнү аткаруу талап кылынат.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 14-августу, саат 17:30га чейин.
Толук маалыматты TENDERS.KG сайтынан 2026-жылдын 31-июлундагы №31131 «Коргон айылындагы Фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) иштөө шартын жакшыртуу боюнча курулуш материалдарын сатып алууга, жеткирүүгө жана курулуш-монтаждоо жумуштарын аткарууга коммерциялык сунуштарды суроо» номери астында таба аласыздар.