Global Youth Network: Кыргызстан менен Корея Республикасынын окуучуларынын онлайн-сессиялары өттү
2026-жылдын 18–24-июнь күндөрү Global Youth Network (GYN) программасынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын башталгыч класстарынын окуучуларынын ортосунда онлайн-сессиялар улантылды.
Global Youth Network — бул Good Neighbors International тарабынан ишке ашырылып жаткан эл аралык программа болуп, ар түрдүү өлкөлөрдүн балдарын жана жаштарын бириктирип, глобалдык жарандуулукту, лидерлик сапаттарды жана социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүүгө багытталган. Программа балдардын жана жаштардын дүйнөлүк көйгөйлөр, Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле баарлашуу, кызматташуу жана коомдук турмушка активдүү катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Онлайн жолугушуулардын жүрүшүндө окуучулар башка өлкөдөгү теңтуштары менен баарлашып, бири-бири менен таанышып, маданий алмашууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаралар достук маанайда өтүп, жаш муундардын эл аралык өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоого жана глобалдык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.
Программанын катышуучуларын лидерлик сапаттарды, сынчыл ой жүгүртүүнү, командада иштөө көндүмдөрүн жана глобалдык чакырыктарды түшүнүүнү өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы алмашуу иш-чаралары жана окутуу сессиялары күтөт.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму жыл сайын Талас шаарындагы мектеп окуучуларына активдүү колдоо көрсөтүп келет.
Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепте компьютердик класстарды жабдууну аяктады.
Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз.