Ак жол! Көк-Чу мектептеринин бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын алышты
26-июнда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Бул күн миңдеген жаштар үчүн мектеп жашоосунун жыйынтыгын чыгарып, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана келечекке карай жол ачкан маанилүү учур болду.
«Көк-Чү» Коомчулукту өнүктүрүү долбооруна (Kok-Chu CDP) караштуу мектептердин бүтүрүүчүлөрү да бул өзгөчө күндү кубаныч менен белгилешти. Майрамды дагы да жылуу жана эсте каларлык кылуу максатында Good Neighbors Kyrgyz Republic «Айыл жаштарынын өз алдынча жашоого өтүүсүн колдоо жана билим алууга болгон мотивациясын жогорулатуу демилгеси» (Rural Youth Transition & Educational Motivation Initiative) долбоорунун алкагында бүтүрүүчүлөргө эстелик белектерди жана таттуу белектерди тапшырды.
Бүтүрүүчүлөр көрсөтүлгөн көңүл буруу, камкордук жана колдоо үчүн Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти. Бардык бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз! Келечекте өз максаттарыңызга ишенимдүү жетип, кыялдарыңызды ишке ашырып, жашооңуздун жаңы барагын ийгиликтүү баштооңуздарды каалайбыз!
«Сары-Сөгөт» коопера-тиви есууде!
«Good Neighbors» программасынын, киреше алып келүүчү долбоорлордун аркасында «Сары-Сөгөт» кооперативи туруктуу өнүгүп, бал өндүрүүнү жана катышуучулардын санын көбөйтүүдө. 2024-жылы кооператив Гуд Нейборстун колдоосу менен «Бал» долбооруна катышкан. 2024-жылдын декабрына чейин катышуучулар долбоорду ийгиликтүү ишке ашырышты.
Эми кооперативдин максаты бал өндүрүү жана бизнесинин туруктуу келечегин түзүү.
- Балчы Самат Мүсүралиевдин ийгилик тарыхы -
Балчылыкта 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар «Сары-Сөгөт» кооперативинин мүчөсү Самат Мусуралиев көзгө басар натыйжаларга жетишти! 2024-жылы биздин программанын колдоосу жана алынган насыянын аркасында 117 баррель (3429 кг) бал чогултуп, эл аралык рынокко сатты.
2025-жылы 100 жаңы бал челек сатып алуу менен аарылар үчүн шарттарды жакшыртууну пландоодо.
«Аарычылык биздин үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагы болуп саналат жана акыркы үч жылда Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюмунун колдоосу болбосо биздин кирешебиз кыйла азаймак» -Самат Мусуралиев-
#IncomeGeneration #Cooperative #BeeKeeping #SuccessStory
Биз "Үмүт" Стипендия Программасынын 4 аймактарында: Болот Мамбетов, Көк-Чү, Бел-Алды жана Жапалакта ийгиликтүү ишке ашкандыгы тууралуу кубануу менен бөлүшөбүз.
Программага 9, 10 жана 11-класстын 65 окуучусу катышып, мыкты окуу жетишкендиктерин жана мектеп жашоосуна активдүү катышуусун көрсөтүштү.
Катышуучулар эмне алышты?
— Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 3000 сом стипендия.
— Окуу үчүн керектүү кеңсе товарларынын топтому.
— Мыкты окуу жетишкендиктери жана мектеп иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн сертификат.
Бул эмнеге маанилүү?
Программа таланттуу жана активдүү жаштарды колдоого, алардын өсүп-өнүгүүсүнө стимул берүүгө багытталган.
Биз ар бир катышуучубуз менен сыймыктанабыз жана бул долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Кыялдарыңарга ишенип, бул программа жаңы жетишкендиктердин башталышы болсун!
#Education #Scholarship #HopeScholarship
2024-жылдын 19-декабрында Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектебинде эки STEAM классы жана лаборатория ачылды.
Имараттар инновациялык технологиялар менен жабдылган: акылдуу такталар, так өлчөөчү приборлор жана STEAM техникасын ишке ашыруу үчүн атайын шаймандар.
Бул биздин окуучулардын таланттарын ачуу үчүн илим, технология, инженерия, искусство жана математика чогулган мейкиндик!
#Education #STEAM