Чоң турмушка карай алгачкы кадам: Болот Мамбетов ПРБнын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн тренинг өткөрүлдү

29-июнда Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы Болот Мамбетов Коомчулукту өнүктүрүү долбооруна (КӨД) караштуу мектептердин 80 бүтүрүүчүсү үчүн бир күндүк тренинг өткөрдү.

Тренинг жаштарды чоң турмушка өтүү мезгилинде колдоого, алардын мындан аркы билим алуу жана кесиптик жолун тандоосуна көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле өз күчүнө болгон ишенимин арттырууга багытталды.

Программа Good Neighbors уюмунун ишмердүүлүгү жана уюм менен мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тааныштыруу сессиясы менен башталды. Андан соң катышуучулар жеке жана финансылык жоопкерчилик, коопсуздук, документтерди тариздөө, аң-сезимдүү чечим кабыл алуу жана мүмкүн болгон тобокелчиликтерден коргонуу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл мектепти аяктагандан кийинки келечекти тандоо темасына бурулду. Бүтүрүүчүлөр билим алууну улантуу, кесиптик өнүгүү, жумушка орношуу, максат коюу жана кесипти аң-сезимдүү тандоо тууралуу пикир алышты. Ошондой эле жаштардын жарандык активдүүлүгү жана ыктыярчылык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, коомдук турмушка катышуу лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жана пайдалуу тажрыйба топтоого кандайча жардам берерин талкуулашты.

Практикалык бөлүктө катышуучулар баарлашуу, өзүн тааныштыруу жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүштү. Ошондой эле Good Neighbors Бүтүрүүчүлөр клубун түзүү демилгеси сунушталып, анын бүтүрүүчүлөрдүн өз ара байланышып, тажрыйба алмашуусуна жана коомдук демилгелерге катышуусуна өбөлгө түзөрү айтылды.

Күн бою бүтүрүүчүлөр интерактивдүү тапшырмаларга, командалык оюндарга жана тематикалык квизге активдүү катышышты. Иш-чара эстелик белектерди тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Бардык бүтүрүүчүлөргө алдыга ишенимдүү кадам таштап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн коркпой, келечегиңерди тайманбай курууну каалайбыз!

Башка жаңылыктар:
Good Neighbors Kyrgyz Republic алты тендердин жарыяланганын маалымдайт

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!

 

Good Neighbors Kyrgyz Republic 6 тендердин жарыяланганын маалымдайт:

 

Тендер 1:

№30255. Бүтүрүү иш-чарасын өткөрүү үчүн полиграфиялык продукцияларды (сахнаны жасалгалоо үчүн баннер, бүтүрүүчүлөр үчүн Instagram-фотозона) даярдоо жана жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.

Акыркы мөөнөт: 21-июнь

 

Тендер 2:

№30256. «Rural Youth Transition & Educational Motivation Initiative» долбоорун ишке ашыруу үчүн бүтүрүүчүлөрдүн мантияларын жана баш кийимдерин даярдоо жана жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.

Акыркы мөөнөт: 21-июнь

 

Тендер 3:

№30257. «Rural Youth Transition & Educational Motivation Initiative» долбоорун ишке ашыруу үчүн Good Neighbors логотиби түшүрүлгөн белек топтомдорун жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.

Акыркы мөөнөт: 21-июнь

 

Тендер 4:

№30258. Айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн кесиптик багыт берүү, психосоциалдык колдоо жана стрессти башкаруу боюнча онлайн топтук программаларды иштеп чыгуу жана өткөрүү кызматтарын көрсөтүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.

Акыркы мөөнөт: 22-июнь

 

Тендер 5:

№30262. Бухгалтердик аудит кызматтарын көрсөтүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.

Акыркы мөөнөт: 17-июнь

 

Тендер 6:

№30275. Жайкы беседканы куруу үчүн курулуш материалдарын жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.

Акыркы мөөнөт: 17-июнь

 

Толук маалымат жана тендердик документтер www.tender.kg сайтында жеткиликтүү.

 

Кызыкдар болгон уюмдарды жана жеткирүүчүлөрдү тендерлерге катышууга чакырабыз!

Толугу менен окуңуз
STEAM көндүмдөрү оюн аркылуу: Бел-Алды жана Үч-Теректе Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Good Neighbors Кыргызстан уюму Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды жана Үч-Терек Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорунда балдар үчүн майрамдык иш-чараларды уюштурду. Иш-чаралар 3-июнда Бел-Алды айылында, ал эми 4-июнда Үч-Терек айылында өткөрүлдү.

Майрамдык программалар Абды-Суеркулов жана Үч-Терек айыл өкмөттөрү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылды.

Иш-чаралардын концепциясы коомчулуктун муктаждыктарын баалоонун жыйынтыктарынын жана фокус-топтордо жүргүзүлгөн талкуулардын негизинде иштелип чыккан. Талкуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын STEAM көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жетишсиз экендигин белгилешкен. Аныкталган муктаждыктарга жооп катары Good Neighbors өнүктүрүүчү топтомдорду жана чыгармачылык оюндарды колдонуу менен билим берүүчү оюн иш-чараларын уюштурду.

Иш-чаралардын жүрүшүндө балдар логикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылык жөндөмдөрдү, баарлашуу көндүмдөрүн жана командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү билим берүүчү жана чыгармачылык оюндарга катышышты.

Бир нече калктуу конуштарда бир эле учурда өткөрүлгөн иш-чаралар алыскы аймактарда жашаган көбүрөөк балдарды жана үй-бүлөлөрдү камтууга мүмкүндүк берип, алардын билим берүүчү жана көңүл ачуучу мүмкүнчүлүктөргө тең жетүүсүн камсыз кылды.

Толугу менен окуңуз
Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чара бол

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөнүн алкагында Good Neighbors уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Болот Мамбетов айыл аймагындагы (Тоң району, Ысык-Көл облусу) Коомчулукту өнүктүрүү долбоорунун командасы долбоордун аймагындагы жети айылдын баарында балдар үчүн майрамдык иш-чараларды уюштурду.

Жаш катышуучулар үчүн аниматорлордун жана костюмчан каармандардын катышуусунда кызыктуу оюн-зоок программасы даярдалды. Балдар оюндарга, сынактарга жана чакан викториналарга катышып, музыкалык программага жана самын көбүкчөлөрүнүн шоусуна күбө болушту. Эң активдүү катышуучулар оюнчуктар жана эстелик белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын коопсуздугу, алардын укуктары жана оор кырдаалдарда жоопкерчиликтүү чоңдордон жардам суроонун маанилүүлүгү тууралуу кыскача маалыматтык сессия өткөрүлдү.

Коомчулукту өнүктүрүү комитеттеринин мүчөлөрү менен биргеликте балдарга 700дөн ашуун таттуу белектер таратылып, бул майрамдын эң күтүлгөн учурларынын бири болду.

Өткөрүлгөн иш-чара балдарга кубаныч жана жагымдуу эмоцияларды тартуулап, ар бир бала үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды.

Толугу менен окуңуз