КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
Good Neighbors Kyrgyz Republic алты тендердин башталганын жарыялайт.
Тендер №1
№30771. Негизги сабактар боюнча окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо үчүн мугалимдерге арналган үч күндүк тренингди өткөрүү боюнча коммерциялык сунуштарды кабыл алуу.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 19-июль.
Тендер №2
№30772. WASH, гигиена, ден соолук жана туура тамактануу багытындагы тренингдерди өткөрүү үчүн тренерлердин кызматтарын көрсөтүү боюнча тендер.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 22-июль.
Тендер №3
№30369–30770. Окутуу иш-чарасын уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө коммерциялык сунуштарды кабыл алуу.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 22-июль.
Тендер №4
№30748. ФАПтар жана Үй-бүлөлүк медицина борборлору үчүн медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча коммерциялык сунуштарды кабыл алуу.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 13-июль.
Тендер №5
№30730. Ыбыш Алымбеков атындагы №21 орто жалпы билим берүү мектеби үчүн интерактивдүү панелдерди, видеокөзөмөл системасын жана сактоочу шкафтарды сатып алуу боюнча коммерциялык сунуштарды кабыл алуу.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 21-июль.
Тендер №6
№30714. Кыргыз Республикасындагы этникалык корейлер үчүн комплекстүү офтальмологиялык текшерүү кызматтарын көрсөтүү боюнча коммерциялык сунуштарды кабыл алуу.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 13-июль.
Толук маалымат жана тендердик документтер www.tender.kg сайтында жеткиликтүү.
Кызыкдар болгон уюмдарды жана жеткирүүчүлөрдү катышууга чакырабыз.
2026-жылдын 25-августунда Good Neighbors уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы «Green Schools for Healthy Nutrition» долбоорунун алкагында Которомо айылындагы К. Чокоев атындагы мектептин базасында «Мектептерде дени сак тамактанууну уюштуруу» деген темада тажрыйба алмашуу боюнча практикалык семинар өткөрдү. Иш-чарага Уч-Терек жана Бель-Алды айылдык аймактарынын мектеп директорлору катышты.
Семинардын башкы максаты — мектеп айланасындагы жер тилкесин натыйжалуу пайдалануу аркылуу мектеп ашканасы үчүн жаңы жашылча-жемиштерди өстүрүү, ошондой эле окуучулардын күнүмдүк рационун пайдалуу ысык тамак менен байытуу мүмкүнчүлүктөрүн катышуучуларга көрсөтүү болду. 🍲🍛
Практикалык кыдыруунун жүрүшүндө К. Чокоев атындагы мектептин жамааты өзүнүн уникалдуу тажрыйбасы менен бөлүштү:
- Өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү: жер тилкесинде алма, бадыраң, картошка, кулпунай, ошондой эле лимон менен банан ийгиликтүү өстүрүлүүдө.
- Жогорку түшүмдүүлүк: мектеп бир сезондо эки жолу түшүм алууда.
- Ишенимдүү сактоо: катышуучуларга түшүмдүн жаңылыгын окуу жылы бою сактоого мүмкүндүк берген, өз күчү менен курулган жер төлө (подвал) көрсөтүлдү.
Катышуучулар практикалык деталдарга чоң кызыгуу көрсөтүп, сугат суу, өсүмдүктөрдү өстүрүү, түшүмдү сактоо маселелерин жана бул тажрыйбаны өз мектептерине адаптациялоону талкуулашты. Мындан тышкары, жетекчилер тоолуу аймактардагы негизги көйгөйлөрдү — айыл чарба сезонунун кыскалыгын жана сугат суунун жетишсиздигин белгилеп өтүштү.
Семинар мектеп чарбасы ысык тамак программасын өнүктүрүүнүн жана балдардын ден соолугун чыңдоонун жеткиликтүү же натыйжалуу куралы экенин айкын далилдеди. 💚
2026-жылдын 20–21-августунда Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун кызматкерлери үчүн «Community Movement: Moving Together, Creating Change» темасында эки күндүк стратегиеттик воркшоп болуп өттү.
Иш-чара 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыгын чыгарууга, стратегиеттик артыкчылыктарды макулдашууга, бөлүмдөр аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана экинчи жарым жылдыкка карата так иш-аракеттер планын иштеп чыгууга багытталган.
Эки күндүк программанын жүрүшүндө кызматкерлер аналитикалык ишке, кесиптик көндүмдөрдү жогорулатууга жана команданы баш коштурууга багытталган бир катар интенсивдүү сессиялардан өтүштү. Катышуучулар 2026–2030-жылдарга карата беш жылдык PPF стратегиясын, Community Movement демилгесин өнүктүрүү маселелерин, SST долбоорлорун жакшыртуу стратегияларын жана WFP HGSF программасын карап чыгышты. Коомчулуктун дареметине дем берүү үчүн жергиликтүү калктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аларды жигердүү тартууга багытталган Бель-Алды айылындагы долбоорлорду биргелешип каржылоо маселесине өзгөчө басым жасалды.
Программа ошондой эле тайм-менеджмент боюнча тренингдерди, коргоо саясатынын стандарттарын (PSE & Safeguarding) жана администрациянын стратегиеттик өнөктөш катары операциялык ролун камтыды.
Инстаграм видеосу
Мектеп жашында балдар олуттуу ички жана тышкы өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Бул фонодо көп учурда чыр-чатактар келип чыгат, ал эми буллинг көмүскөдө калышы мүмкүн — чоңдор аны же өтө кеч аныкташат, же таптакыр байкабай калышат.
Ош шаарындагы А. Алиев атындагы №30 орто мектептин директору Сулайманова Нускайым Аманбаевна эмне үчүн алдын алуунун салттуу чаралары мындан ары жетишсиз болуп жатканы менен бөлүшөт. Өспүрүмдөрдү чындап коргоо үчүн мугалимдерге жаңы методикалар, көрсөтмөлөр жана эң башкысы — баарлашууга туура мамиле керек.
Инстаграм видеосу