Кичинекей баатыр, чоң жеңиш: Салих Нозимов дарылоо курсун ийгиликтүү аяктады
Good Neighbors Kyrgyz Republic кубанычтуу жаңылык менен бөлүшөт.
Биздин программанын катышуучуларынын бири Салих Нозимов дарылоо курсун ийгиликтүү аяктап, онкологиялык ооруну жеңе алды. Бул анын сакайып, дени сак жашоого карай жолундагы маанилүү этап болуп калды.
Алдыдагы 2–3 жыл аралыгында Салих дарыгерлердин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө болот. Ал пландуу медициналык кароодон өтүп, керектүү анализдерди тапшырып, адистердин сунуштарын, анын ичинде атайын тамактануу тартибин сактайт. Бул чаралар анын ден соолугун көзөмөлдөөгө жана толук калыбына келишине жардам берет.
Улуттук энелерди жана балдарды коргоо борборунун дарыгер-онкогематологу Камбарова Жанна Алмазовнага жогорку кесипкөйлүгү, камкордугу, жан аябас эмгеги жана Салихтин дарылануусуна кошкон баа жеткис салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин аракети менен балдар сергек келечекке мүмкүнчүлүк алышат.
Салихти жана анын үй-бүлөсүн бул маанилүү окуя менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ага бекем ден соолук, бактылуу балалык, кубанычтуу көз ирмемдерди, эң асыл кыялдарынын орундалышын жана жарык келечек каалайбыз.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөнүн алкагында Good Neighbors уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Болот Мамбетов айыл аймагындагы (Тоң району, Ысык-Көл облусу) Коомчулукту өнүктүрүү долбоорунун командасы долбоордун аймагындагы жети айылдын баарында балдар үчүн майрамдык иш-чараларды уюштурду.
Жаш катышуучулар үчүн аниматорлордун жана костюмчан каармандардын катышуусунда кызыктуу оюн-зоок программасы даярдалды. Балдар оюндарга, сынактарга жана чакан викториналарга катышып, музыкалык программага жана самын көбүкчөлөрүнүн шоусуна күбө болушту. Эң активдүү катышуучулар оюнчуктар жана эстелик белектер менен сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын коопсуздугу, алардын укуктары жана оор кырдаалдарда жоопкерчиликтүү чоңдордон жардам суроонун маанилүүлүгү тууралуу кыскача маалыматтык сессия өткөрүлдү.
Коомчулукту өнүктүрүү комитеттеринин мүчөлөрү менен биргеликте балдарга 700дөн ашуун таттуу белектер таратылып, бул майрамдын эң күтүлгөн учурларынын бири болду.
Өткөрүлгөн иш-чара балдарга кубаныч жана жагымдуу эмоцияларды тартуулап, ар бир бала үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды.
4-июнда Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментине 7 000ден ашык жаңы балдар кийимин өткөрүп берди.
Гуманитардык жардамды тапшыруунун расмий аземине Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Анарбаева Дина Турманбековна, Кыргыз Республикасындагы Good Neighbors International уюмунун директору Чо Сунхёнг, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо боюнча «Келечек» борборунун директору Туменбаева Чынаркүл Айдарбековна жана мекеменин кызматкерлери катышты.
Гуманитардык жардам Корея Республикасынан жеткирилип, жакынкы күндөрү өлкө боюнча социалдык стационардык мекемелерге бөлүштүрүлөт. Биз Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору Дина Турманбековна Анарбаевага кызматташтыгы жана Кыргызстандын балдарынын жыргалчылыгы үчүн биргелешкен иш-аракеттери үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Биз үчүн ар бир берилген кийим жөн гана буюм эмес, балага болгон камкордуктун, көңүл буруунун жана колдоонун белгиси болуп саналары өзгөчө маанилүү.
Good Neighbors уюму мамлекеттик органдар жана өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстандын балдары жана үй-бүлөлөрү үчүн жакшы келечекти түзүү багытындагы ишин улантат.
2026-жылдын 2-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, KOICA жана Good Neighbors Kyrgyz Republic тарабынан биргелешип ишке ашырылып жаткан Кыргыз Республикасында Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Анарбекович Балтабаев, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванджэ, Кыргыз Республикасындагы KOICA өкүлчүлүгүнүн директору Лим Соён, Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхенг, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана өнөктөш мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Коноктор өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүндө Кыргыз Республикасындагы Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун аймактардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанисин белгилешип, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Аземдин жүрүшүндө долбоордун биринчи фазасынын негизги жыйынтыктары жана Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырыла турган экинчи фазанын негизги багыттары тааныштырылды.
Белгилей кетсек, буга чейин, 2026-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Good Neighbors Kyrgyz Republic Кыргыз Республикасында Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча үч тараптуу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Долбоордун жаңы этабы фермерлерди жана айыл чарба кооперативдерин колдоого, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, айылдык инфраструктураны модернизациялоого, логистикалык борбор түзүүгө, микрокаржылоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана агрардык секторго санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган.
Биз биргеликте айыл аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, айыл калкынын бакубаттуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай потенциалын чыңдоо багытындагы иштерди улантабыз.