Ресурстарды өнүктүрүү боюнча адистин бир күнү
Бүгүн биз сиздер менен ресурстарды өнүктүрүү боюнча адисибиз Самат Ажикеевдин бир күнүн бөлүшүүнү чечтик. Ал PR & Fundraising командасы менен бирге KICB банкынын филиалдарына барып, Good Neighbors кайрымдуулук кутулары аркылуу чогултулган кайрымдуулук каражаттарын кезектеги инкассациялоону жүргүздү. Сиздерди ушул маанилүү процесстин артындагы көшөгө артына көз салууга чакырабыз — төмөндөгү шилтеме аркылуу адамдардын боорукердиги аркасында ар бир кайрымдуулук кантип муктаж балдарга жана үй-бүлөлөргө жардамга айланарын көрө аласыз.
Кайрымдуулук кылып, биздин миссияны колдогон ар бириңизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин жакшы жүрөгүңүз жана жардам берүүгө болгон каалооңуз балдардын жашоосун жакшыртууга чоң салым кошууда. Өзгөчө ыраазычылыгыбызды KICB банкына @kicb_bank_ көп жылдык кызматташтыгы, ишеними жана Good Neighbors кайрымдуулук долбоорун колдогону үчүн билдиребиз. Биргелешип, жардамга муктаж болгондор үчүн көбүрөөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз!
Инстаграм видео
Өткөн жумада Камышановка айылынан жана Африка, Азия жана Корея мамлекеттеринин мектеп окуучулары Глобалдык жаштар түйүнүнүн программасынын алкагында онлайн жолугуп, анда балдар өз өлкөсү, маданияты жана кызыктуу жерлери тууралуу кыскача айтып беришти. Бул форматта негизги темаларда - климаттык кризисти жана туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулоо үчүн дагы эки жолугушууну өткөрүү пландалууда.
Гуд Нейборс уюму “Good Neighbors Global Citizenship Education" (эл аралык жаштар алмашуу программасы) – “Глобалдык жаштар тармагы” аттуу жаңы билим берүү программасын ишке киргизип жатканын тактап кеткибиз келет. Бул долбоор бүткүл дүйнө жүзүндөгү жаштарга климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык маселелер боюнча өз пикирин билдирүү жана эл аралык алмашуу иш-чаралары аркылуу пайдалуу иш-аракеттерди практикалоо жана эмпатия жөнүндө концептуалдык түшүнүктү өрчүтө турган, өзүнө ишенген инсан болууга мүмкүндүк берет.
Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепти компьютердик класстар менен жабдууну аяктады.
Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму жыл сайын Талас шаарындагы мектеп окуучуларына активдүү колдоо көрсөтүп келет.