Good Neighbors Kyrgyz Republic кызматкерлери үчүн тренинг: «Эмоционалдык чарчоонун алдын алуу».
2026-жылдын 30-июлунда Good Neighbors Kyrgyz Republic кызматкерлери үчүн «Эмоционалдык чарчоонун алдын алуу» темасында тренинг өткөрүлдү.
Иш-чара кызматкерлердин эмоционалдык чарчоо, анын негизги белгилери, пайда болуу себептери жана кесепеттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле алдын алуунун жана эмоционалдык жыргалчылыкты сактоонун натыйжалуу ыкмалары менен тааныштырууга багытталган.
Эки сааттык программанын жүрүшүндө катышуучулар кесиптик чарчоонун алдын алуу жана өзүн-өзү диагностикалоо куралдарын практикалык жактан өздөштүрүүгө багытталган бир катар интерактивдүү сессиялардан өтүштү. Тренингдин алкагында кызматкерлер тобокелдик факторлорун жана бул абалдын алгачкы белгилерин карап чыгышты. Андан соң катышуучулар жеке тобокелдик факторлорун аныктоого жана кесиптик ресурстарды талдоого багытталган практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты.
Өзгөчө көңүл «Баарлашуу жана Коммуникация» темасына бурулду — катышуучулар топто натыйжалуу өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн талкуулашты, булар эмоционалдык чарчоонун алдын алууда жана туруктуулукту камсыздоодо маанилүү шарт болуп саналат. Программа ошондой эле командалык рефлексияны жана практикалык көнүгүүлөрдү камтыды.
Тренинг ачык диалог жана командалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп, жагымдуу жумуш чөйрөсүн түзүүгө жана кызматкерлердин кесиптик стресске туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.
Урматтуу кесиптешибиз Алымбекова Фатима f.mishaevna кызыктуу программасы жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Good Neighbors International уюму 35 жылдан бери жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ишинин негизинде жакырчылыктан, кырсыктардын кесепеттеринен жана социалдык алсыздыктан жапа чеккен адамдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо турат.
Бул жылдар аралыгында Good Neighbors дүйнө жүзү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, балдарды, үй-бүлөлөрдү жана коомчулуктарды колдоп, туруктуу өнүгүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуп келет.
Биз бардык өнөктөштөргө, донорлорго жана коомчулуктарга ишеним, колдоо жана биргелешкен иш үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.
Биз биргеликте ар бир адам татыктуу жашап, жакшы келечекке үмүтү бар дүйнөнү түзүүнү улантабыз.
Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаныбаева «КМШнын мыкты педагогу» эл аралык сынагында I даражадагы дипломго ээ болду.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын биринчи этабы 7-февралда башталып, анын жыйынтыгында ал экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Сынактын финалы 24-мартта Астана шаарында өтүп, анда Аида Жаныбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШнын мыкты педагогу» статуэткасы менен сыйланды.
Белгилей кетсек, Аида Жаныбаева жетектеген №7 мектепке чейинки билим берүү уюму буга чейин Кыргызстандагы Good Neighbors уюму тарабынан колдоого алынган. Биздин ишмердүүлүктүн алкагында оңдоо иштери жүргүзүлүп, бала бакча керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыздалган. Инфраструктураны жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү педагогдордун кесиптик өсүшүнө жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Аида Жаныбаеваны бул жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, кесиптик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, шыктануу жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Эмгегиңиз жана ишиңизге болгон берилгендигиңиз мындан ары да чоң жыйынтыктарды алып келип, башкаларга үлгү болсун!
2-апрелде «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда аутизм тууралуу маалыматты жайылтуунун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Бул күнү аутизм тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, ошондой эле АСБ бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду.
Ата-энелер форумга катышып жаткан учурда, Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун кызматкерлери жана ыктыярчылары балдардын бош убактысын уюштурууга жардам беришти: алар менен оюндарды ойношуп, көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүп, иш-чаранын жүрүшүндө коштоп жүрүштү.
Good Neighbors бул иш-чаранын өнөктөштөрүнүн бири болуп, ар бир бала үчүн инклюзивдүү жана камкор чөйрөнү түзүүгө багытталган демилгелерди колдоду.