КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1) Тендер: Балдар бакчалары үчүн балдар аянтчасын, эмеректерди жана окуу-өнүктүрүү материалдарын жеткирүү
Долбоор жөнүндө:
Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы балдар бакчалары үчүн оюн жабдууларын, балдар эмеректерин жана окуу-өнүктүрүү материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана монтаждоо. Долбоор коопсуз, комфорттуу жана өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүгө, мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Бардык жумуштар (жеткирүү, чогултуу жана орнотуу) 2026-жылдын 5-сентябрына чейин толугу менен аякташы керек.
⏰ Тендердик билдирмелерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү (дедлайн): 2026-жылдын 17-августу, саат 17:00
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 11.08.2026-жылдагы №31310 номери астынан караңыздар.
Tenders.kg сайтына шилтеме.
2) Коммерциялык сунуштарды суроо: Курулуш материалдарын жана санитардык-техникалык жабдууларды жеткирүү
Долбоор жөнүндө:
Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылындагы балдар бакчасынын имаратын кеңейтүү үчүн курулуш материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана түшүрүү, ошондой эле Чүй облусунун Нижне-Чүй айыл өкмөтүнө санитардык-техникалык жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү. Долбоор балдардын болуу шарттарын жакшыртууга, кошумча окуу аянтчаларын түзүүгө жана мектепке чейинки мекемелерде коопсуздук жана гигиена деңгээлин жогорулатууга багытталган. Жеткирүү 2026-жылдын 25-августуна чейин аякташы керек.
⏰ Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү (дедлайн): 2026-жылдын 17-августу, саат 17:00
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 11.08.2026-жылдагы №31307 номери астынан караңыздар.
Tenders.kg сайтына шилтеме.
Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаныбаева «КМШнын мыкты педагогу» эл аралык сынагында I даражадагы дипломго ээ болду.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын биринчи этабы 7-февралда башталып, анын жыйынтыгында ал экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Сынактын финалы 24-мартта Астана шаарында өтүп, анда Аида Жаныбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШнын мыкты педагогу» статуэткасы менен сыйланды.
Белгилей кетсек, Аида Жаныбаева жетектеген №7 мектепке чейинки билим берүү уюму буга чейин Кыргызстандагы Good Neighbors уюму тарабынан колдоого алынган. Биздин ишмердүүлүктүн алкагында оңдоо иштери жүргүзүлүп, бала бакча керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыздалган. Инфраструктураны жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү педагогдордун кесиптик өсүшүнө жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Аида Жаныбаеваны бул жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, кесиптик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, шыктануу жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Эмгегиңиз жана ишиңизге болгон берилгендигиңиз мындан ары да чоң жыйынтыктарды алып келип, башкаларга үлгү болсун!
2-апрелде «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда аутизм тууралуу маалыматты жайылтуунун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Бул күнү аутизм тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, ошондой эле АСБ бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду.
Ата-энелер форумга катышып жаткан учурда, Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун кызматкерлери жана ыктыярчылары балдардын бош убактысын уюштурууга жардам беришти: алар менен оюндарды ойношуп, көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүп, иш-чаранын жүрүшүндө коштоп жүрүштү.
Good Neighbors бул иш-чаранын өнөктөштөрүнүн бири болуп, ар бир бала үчүн инклюзивдүү жана камкор чөйрөнү түзүүгө багытталган демилгелерди колдоду.
2026-жылдын 12–13-март күндөрү Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхёнг Токтогул районундагы Бел-Алды, Уч-Терек жана Котормо айылдарына иш сапары менен барып, ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары жана коомчулуктарды өнүктүрүүгө багытталган учурдагы демилгелер менен таанышты.
Иш сапардын алкагында Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Асанов Аскат Таштемирович менен жолугушуу болуп өттү. Тараптар өткөн жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусундагы биргелешкен каржылоо негизинде ишке ашырылып жаткан долбоорлордун туруктуулугун талкуулашты.
Уч-Терек айылындагы К. Токторалиев атындагы №30 орто мектепте директор «Дени сак тамактануу» долбоорунун алкагында орнотулган ашкана жабдуулары менен таанышып, мектептеги тамактануу шарттарын жана санитардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган иштер менен таанышты. Ошондой эле Girls Friendly Toilets долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, анын курулушу аяктоо баскычына жакындап калгандыгы белгиленди.
Бел-Алды айылында директор Мукаш Жамгырканов атындагы мектепке барып, биргелешкен каржылоо негизинде түзүлгөн IT-класс жана орнотулган интерактивдүү такталар менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө окуучулар санариптик жабдууларды окуу процессинде кантип колдонуп жатканын көрсөтүштү. Заманбап технологияларды киргизүү окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.
Котормо айылында директор Абды Суеркулов айыл өкмөтү жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун биргелешкен аракеттеринин натыйжасында түзүлгөн бала бакчага барды. Сапардын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүүнүн туруктуулугу жана мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында, иш сапар коомчулуктардын активдүү катышуусу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун оң таасирин тастыктап, жергиликтүү тургундар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун ортосундагы өнөктөштүктүн туруктуу аймактык өнүгүү үчүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи.