Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун кызматкерлери үчүн «Community Movement: Moving Together, Crea
2026-жылдын 20–21-августунда Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун кызматкерлери үчүн «Community Movement: Moving Together, Creating Change» темасында эки күндүк стратегиеттик воркшоп болуп өттү.
Иш-чара 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыгын чыгарууга, стратегиеттик артыкчылыктарды макулдашууга, бөлүмдөр аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана экинчи жарым жылдыкка карата так иш-аракеттер планын иштеп чыгууга багытталган.
Эки күндүк программанын жүрүшүндө кызматкерлер аналитикалык ишке, кесиптик көндүмдөрдү жогорулатууга жана команданы баш коштурууга багытталган бир катар интенсивдүү сессиялардан өтүштү. Катышуучулар 2026–2030-жылдарга карата беш жылдык PPF стратегиясын, Community Movement демилгесин өнүктүрүү маселелерин, SST долбоорлорун жакшыртуу стратегияларын жана WFP HGSF программасын карап чыгышты. Коомчулуктун дареметине дем берүү үчүн жергиликтүү калктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аларды жигердүү тартууга багытталган Бель-Алды айылындагы долбоорлорду биргелешип каржылоо маселесине өзгөчө басым жасалды.
Программа ошондой эле тайм-менеджмент боюнча тренингдерди, коргоо саясатынын стандарттарын (PSE & Safeguarding) жана администрациянын стратегиеттик өнөктөш катары операциялык ролун камтыды.
Инстаграм видеосу
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 9 октябрь, 2024 жылы Шин Дон Мин атындагы стипендиялык программасынын жыйынтыгын чыгарды, Талас облусунун администрациясы менен биргеликте 4 райондон 36 окуучу тандалып стипендия жана окуу куралдар ыйгарылган. Бул программа 2018 жылдан бери уланып келген иш чара, ар бир баланын чоң потенциалы бар экенине ишенебиз.
#Education #Scholarship #ShinDongMinScholarship
2024-жылдын 8-октябрь күнү "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемеси Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы бала бакчанын жаңыланган ашканасынын ачылыш аземин өткөрдү. Бул долбоордун алкагында "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" бала бакчанын жетекчилигине жана администрациясына керектүү курулуш материалдары, ошондой эле заманбап жабдуулар берилген. Заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы ашкана балдарга пайдалуу азыктар менен тамактанууга жана дени сак болууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле күнү, жергиликтүү бийлик органдарынын, медициналык мекеменин кызматкерлеринин, жергиликтүү тургундардын жана "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемесинин биргелешкен аракети менен өткөрүлгөн оңдоо иштеринин алкагында жаңыланган медициналык борбордун инфраструктурасын ишке киргизүү аземи болуп өттү. "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемесинин каржылоосу жана көмөктөшүүсү менен медициналык борбордун суу менен камсыздоо системасы реконструкцияланган жана бардык негизги бөлмөлөрү ичүүчү таза суу менен камсыз болду.
Бул медициналык борбор регион үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени Токтогул районунун тургундарына гана жардам көрсөтпөстөн (30 миңге жакын адам), ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы аварияларды да тейлейт.
#GoodChange #CommunityDevelopment #CleanWaterAccess
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл өкмөтүндөгү акыркы селдин кесепетинен жабыр тарткан Эшперов жана Ак-Сай айылдарынын тургундарына атайын керектуу буюмдарды тапшырды.
32 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү, алардын ичинен Ак-Сай айылынан 25 үй-бүлө жана Эшперов айылынан 7 үй-бүлө. Жардамдын алкагында жабыркагандарга азык-түлүк, керектүү буюмдар жана жеке гигиена каражаттары берилди.
Бул колдоо табигый кырсыктардан улам татаал кырдаалга туш болгон адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Уюм жабыр тарткан аймактардагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда.
#EmergencyRelief #EmergencyKit