Мектептин приусадебдик участогу: балдар үчүн дени сак тамактануу
2026-жылдын 25-августунда Good Neighbors уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы «Green Schools for Healthy Nutrition» долбоорунун алкагында Которомо айылындагы К. Чокоев атындагы мектептин базасында «Мектептерде дени сак тамактанууну уюштуруу» деген темада тажрыйба алмашуу боюнча практикалык семинар өткөрдү. Иш-чарага Уч-Терек жана Бель-Алды айылдык аймактарынын мектеп директорлору катышты.
Семинардын башкы максаты — мектеп айланасындагы жер тилкесин натыйжалуу пайдалануу аркылуу мектеп ашканасы үчүн жаңы жашылча-жемиштерди өстүрүү, ошондой эле окуучулардын күнүмдүк рационун пайдалуу ысык тамак менен байытуу мүмкүнчүлүктөрүн катышуучуларга көрсөтүү болду. 🍲🍛
Практикалык кыдыруунун жүрүшүндө К. Чокоев атындагы мектептин жамааты өзүнүн уникалдуу тажрыйбасы менен бөлүштү:
- Өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү: жер тилкесинде алма, бадыраң, картошка, кулпунай, ошондой эле лимон менен банан ийгиликтүү өстүрүлүүдө.
- Жогорку түшүмдүүлүк: мектеп бир сезондо эки жолу түшүм алууда.
- Ишенимдүү сактоо: катышуучуларга түшүмдүн жаңылыгын окуу жылы бою сактоого мүмкүндүк берген, өз күчү менен курулган жер төлө (подвал) көрсөтүлдү.
Катышуучулар практикалык деталдарга чоң кызыгуу көрсөтүп, сугат суу, өсүмдүктөрдү өстүрүү, түшүмдү сактоо маселелерин жана бул тажрыйбаны өз мектептерине адаптациялоону талкуулашты. Мындан тышкары, жетекчилер тоолуу аймактардагы негизги көйгөйлөрдү — айыл чарба сезонунун кыскалыгын жана сугат суунун жетишсиздигин белгилеп өтүштү.
Семинар мектеп чарбасы ысык тамак программасын өнүктүрүүнүн жана балдардын ден соолугун чыңдоонун жеткиликтүү же натыйжалуу куралы экенин айкын далилдеди. 💚
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму жыл сайын Талас шаарындагы мектеп окуучуларына активдүү колдоо көрсөтүп келет.
Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепте компьютердик класстарды жабдууну аяктады.
Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз.