КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1. Коммерциялык сунуштарды суроо: «Тең-теңи менен» тренингин өткөрүү боюнча колдонмону жаңылоо жана актуалдаштыруу
Долбоор жөнүндө:
Өспүрүмдөр үчүн «Менин укуктарым» жана «Өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алуу» темалары боюнча колдонмонун мазмунун актуалдаштыруу. Долбоор колдонуудагы версияны талдоону, методологиялык бөлүктү, окуу материалдарын, көнүгүүлөрдү жана кейстерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясына, балдарды коргоо, гендердик теңчилик жана инклюзия принциптерине ылайык кыргыз жана орус тилдеринде жаңылоону камтыйт. Колдонмонун акыркы көлөмү: 50дөн 90 баракка чейин. Жумуштарды аткаруу мөөнөтү — 2026-жылдын 30-сентябрына чейин.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 16-сентябрь, 2026-жыл, саат 19:00
Кененирээк маалыматты tenders.kg сайтынан 03.09.2026-жылдагы №31604 «Коммерциялык сунуштарды суроо: «Тең-теңи менен» тренингин өткөрүү боюнча колдонмону жаңылоо жана актуалдаштыруу» номери астынан караңыздар.
2. Коммерциялык сунуштарды суроо: Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар үчүн куурчак спектаклдерин жана форум-театр иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу
Долбоор жөнүндө:
Коопсуз жана инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө багытталган «Балдардын үнү» долбоорунун алкагында практикалык методикалык колдонмону иштеп чыгуу. Аткаруучу методиканы, баалоо куралдарын, кыргыз жана орус тилдеринде куурчак спектаклдеринин кем эмес 5 сценарийин (5–6 жаштагы балдар үчүн) жана форум-театрдын кем эмес 5 сценарийин (10–17 жаштагы балдар үчүн) даярдашы керек. Колдонмо мугалимдерге, психологдорго жана социалдык педагогдорго арналган. Болжолдуу аткаруу мөөнөтү — келишимге кол коюлган күндөн тартып 30 күн.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 16-сентябрь, 2026-жыл, саат 19:00
Кененирээк маалыматты tenders.kg сайтынан 03.09.2026-жылдагы №31608 «Коммерциялык сунуштарды суроо: Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар үчүн куурчак спектаклдерин жана форум-театр иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу» номери астынан караңыздар.
2024-жылдын сентябрынан баштап Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс STEAM билим берүүнү мектептерге киргизүү боюнча демилгелүү долбоорун ишке киргизди. Долбоор 4 коомдук өнүгүү аймагындагы 16 мектепти камтыйт.
Долбоордун максаты — билим берүү сапатын жакшыртуу, окуучуларды заманбап чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө даярдоо жана так илимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттыруу. STEAM жөн гана билим берүү эмес — бул келечектеги лидерлерди жана новаторлорду тарбиялоочу мамиле!
Биз мындай демилгелер кыргыз мектеп окуучуларына инновацияларга жана эл аралык билим берүү стандарттарына карай кадам жасоого жардам берет деп ишенебиз.
#Education #STEAM
2024-жылдын октябрында, Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл өкмөтүндө климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу жана туруктуу айыл чарба алып баруу боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге суу комитетинин жана Кайыңды-Охна суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрү, аялдар жана жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле Айылдык Кеңештин өкүлдөрү катышты.
Тренингдин жүрүшүндө жергиликтүү коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу боюнча иш планы талкууланып, көйгөйдү чечүү жолдору сунушталды. Бул долбоор “Баткен облусунда багбанчылык жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда
#Training #ClimateChange #SustainableAgriculture
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 9 октябрь, 2024 жылы Шин Дон Мин атындагы стипендиялык программасынын жыйынтыгын чыгарды, Талас облусунун администрациясы менен биргеликте 4 райондон 36 окуучу тандалып стипендия жана окуу куралдар ыйгарылган. Бул программа 2018 жылдан бери уланып келген иш чара, ар бир баланын чоң потенциалы бар экенине ишенебиз.
#Education #Scholarship #ShinDongMinScholarship