Токтогул району: Үч-Терек жана Бель-Алдыдагы балдардын медициналык кароосу
Алыскы айылдарда атайын медициналык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү чектелген: УЗИден өтүү үчүн ата-энелер райондун борборуна өздөрү жол кире төлөп барууга же транспорт жана жатаканага кошумча чыгым тартып, Бишкек шаарына барууга аргасыз болушат.
«Good Neighbors Kyrgyz Republic» филиалы тарабынан уюштурулган акысыз медициналык кароо үй-бүлөлөр үчүн каржылык жана логистикалык тоскоолдуктарды азайтат. Долбоордун реалдуу таасиринин айкын мисалы — Сары-Сөгөт айылындагы баланын окуясы: дарыгерлер анын өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурган боордун курч эхинококкозун жана чоң кистаны өз убагында аныкташкан. Үй-бүлөгө дароо кеңеш берилип, алар Бишкек шаарына шашылыш хирургиялык дарылоого жөнөтүлгөн.
Медициналык кароонун катышуучусу менен маек:
Анарбекова Эльнура, Сары-Сөгөт айылынын тургуну:
«Биз «Good Neighbors» уюму менен бир канча жылдан бери иштешип келе жатабыз. Негизинен балдарды атайын медициналык кароодон өткөрүү үчүн бизге алыс жакка, Бишкек шаарына, атүгүл райондун борборуна да алып барып, медициналык кароодон өткөрүү ар кандай себептерден улам мүмкүн болбой калат. А бизге дал ушул айылыбызга атайын аппараттарын алып келип, ушундай жаш балдарыбызды медициналык кароодон өткөрүүгө, алардын ден соолугуна көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгы үчүн биз «Good Neighbors» уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Медициналык кароодон алдын ала өткөрүү абдан маанилүү деп эсептейм: себеби дегенде, биз айрым оорулардын белгилерин учурунда байкабай калышыбыз мүмкүн жана эгер өтүп кетсе, ар кандай аянычтуу окуяларга алып келиши мүмкүн. А бул медициналык кароо аркылуу биз балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүп, алдын ала көзөмөлдөп, ар түрдүү оорулардын алдын ала алабыз!»
Инстаграм видеосу
26-июнда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Бул күн миңдеген жаштар үчүн мектеп жашоосунун жыйынтыгын чыгарып, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана келечекке карай жол ачкан маанилүү учур болду.
«Көк-Чү» Коомчулукту өнүктүрүү долбооруна (Kok-Chu CDP) караштуу мектептердин бүтүрүүчүлөрү да бул өзгөчө күндү кубаныч менен белгилешти. Майрамды дагы да жылуу жана эсте каларлык кылуу максатында Good Neighbors Kyrgyz Republic «Айыл жаштарынын өз алдынча жашоого өтүүсүн колдоо жана билим алууга болгон мотивациясын жогорулатуу демилгеси» (Rural Youth Transition & Educational Motivation Initiative) долбоорунун алкагында бүтүрүүчүлөргө эстелик белектерди жана таттуу белектерди тапшырды.
Бүтүрүүчүлөр көрсөтүлгөн көңүл буруу, камкордук жана колдоо үчүн Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти. Бардык бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз! Келечекте өз максаттарыңызга ишенимдүү жетип, кыялдарыңызды ишке ашырып, жашооңуздун жаңы барагын ийгиликтүү баштооңуздарды каалайбыз!
Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоонун алкагында «Көк-Чу» Коомчулукту өнүктүрүү долбоорунда (Чүй облусу) Good Neighbors Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү менен өнөктөштүктө майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын программасы жамааттын муктаждыктарын баалоонун жыйынтыктарына жана фокус-топтордогу талкууларга негизделип иштелип чыкты. Баалоонун жыйынтыгында балдардын STEAM багытындагы көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана интерактивдүү билим берүү ресурстарына болгон муктаждыгы аныкталган. Ушул муктаждыктарды эске алуу менен билим берүү жана көңүл ачуучу элементтерди айкалыштырган программа даярдалды.
Майрамдын жүрүшүндө балдар Good Neighbors тарабынан уюштурулган билим берүүчү чыгармачыл оюндарга активдүү катышышты. Оюндардын жүрүшүндө алардын логикалык ой жүгүртүүсү, чыгармачылык жөндөмдөрү, баарлашуу көндүмдөрү, командада иштөө жөндөмү жана окууга болгон практикалык мамилеси өнүктүрүлдү. Иш-чаранын форматы балдарга көңүлдүү убакыт өткөрүүгө гана эмес, кызыктуу жана таанып-билүүгө багытталган иш-чаралар аркылуу жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Майрамдын ийгиликтүү өткөрүлүшү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү жамааттардын жана Good Neighbors уюмунун өнөктөштүгү балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө жана алардын сапаттуу билим берүүчү жана өнүктүрүүчү мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө маанилүү экендигин дагы бир жолу тастыктады.
2026-жылдын 1-июнунда Жапалак айыл өкмөтү жана маданият бөлүмү менен биргеликте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара уюштурулду.
Майрамга балдар, ата-энелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттын тургундары катышып, кубанычка, чыгармачылыкка жана ынтымакка толгон өзгөчө маанай түзүлдү.
Иш-чаранын алкагында 120 балага Good Neighbors уюму тарабынан белектер тапшырылды. Ошондой эле Жапалак айыл өкмөтү тарабынан балдарга балмуздак уюштурулуп таратылып, майрамга өзгөчө көрк берип, балдарга кошумча кубаныч тартуулады.
Кичинекей коноктор үчүн мазмундуу маданий-көңүл ачуучу программа даярдалды. Балдар ар кандай сынактарга жана оюндарга активдүү катышып, ырдоо, бийлөө жана чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Өзгөчө кызыгууну кыргыз элинин улуттук маданиятынын элементтерин жана корей элинин салттарын чагылдырган көркөм номерлер, ошондой эле таэквондо боюнча көрсөтмө оюн жаратты.
Бул майрам балдардын чыгармачылык дараметин ачууга мүмкүнчүлүк түзүп, алардын көбү өз таланттарын көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болушту. Катышуучулардын жаркын өнөрлөрү унутулгус маанай жаратып, келген конокторго жагымдуу таасир калтырды.