Токтогул району: Үч-Терек жана Бель-Алдыдагы балдардын медициналык кароосу

Алыскы айылдарда атайын медициналык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү чектелген: УЗИден өтүү үчүн ата-энелер райондун борборуна өздөрү жол кире төлөп барууга же транспорт жана жатаканага кошумча чыгым тартып, Бишкек шаарына барууга аргасыз болушат.

«Good Neighbors Kyrgyz Republic» филиалы тарабынан уюштурулган акысыз медициналык кароо үй-бүлөлөр үчүн каржылык жана логистикалык тоскоолдуктарды азайтат. Долбоордун реалдуу таасиринин айкын мисалы — Сары-Сөгөт айылындагы баланын окуясы: дарыгерлер анын өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурган боордун курч эхинококкозун жана чоң кистаны өз убагында аныкташкан. Үй-бүлөгө дароо кеңеш берилип, алар Бишкек шаарына шашылыш хирургиялык дарылоого жөнөтүлгөн.

Медициналык кароонун катышуучусу менен маек:

Анарбекова Эльнура, Сары-Сөгөт айылынын тургуну:

«Биз «Good Neighbors» уюму менен бир канча жылдан бери иштешип келе жатабыз. Негизинен балдарды атайын медициналык кароодон өткөрүү үчүн бизге алыс жакка, Бишкек шаарына, атүгүл райондун борборуна да алып барып, медициналык кароодон өткөрүү ар кандай себептерден улам мүмкүн болбой калат. А бизге дал ушул айылыбызга атайын аппараттарын алып келип, ушундай жаш балдарыбызды медициналык кароодон өткөрүүгө, алардын ден соолугуна көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгы үчүн биз «Good Neighbors» уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Медициналык кароодон алдын ала өткөрүү абдан маанилүү деп эсептейм: себеби дегенде, биз айрым оорулардын белгилерин учурунда байкабай калышыбыз мүмкүн жана эгер өтүп кетсе, ар кандай аянычтуу окуяларга алып келиши мүмкүн. А бул медициналык кароо аркылуу биз балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүп, алдын ала көзөмөлдөп, ар түрдүү оорулардын алдын ала алабыз!»

Инстаграм видеосу

Башка жаңылыктар:
Good Neighbors International уюму өзүнүн 35 жылдыгын белгилөөдө

Good Neighbors International уюму 35 жылдан бери жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ишинин негизинде жакырчылыктан, кырсыктардын кесепеттеринен жана социалдык алсыздыктан жапа чеккен адамдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо турат.

Бул жылдар аралыгында Good Neighbors дүйнө жүзү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, балдарды, үй-бүлөлөрдү жана коомчулуктарды колдоп, туруктуу өнүгүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуп келет.

Биз бардык өнөктөштөргө, донорлорго жана коомчулуктарга ишеним, колдоо жана биргелешкен иш үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

Биз биргеликте ар бир адам татыктуу жашап, жакшы келечекке үмүтү бар дүйнөнү түзүүнү улантабыз.

Толугу менен окуңуз
Ысык-Көл облусунун мугалими КМШдагы эл аралык сынакта эң мыкты деп табылды

Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаныбаева «КМШнын мыкты педагогу» эл аралык сынагында I даражадагы дипломго ээ болду.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын биринчи этабы 7-февралда башталып, анын жыйынтыгында ал экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Сынактын финалы 24-мартта Астана шаарында өтүп, анда Аида Жаныбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШнын мыкты педагогу» статуэткасы менен сыйланды. 

Белгилей кетсек, Аида Жаныбаева жетектеген №7 мектепке чейинки билим берүү уюму буга чейин Кыргызстандагы Good Neighbors уюму тарабынан колдоого алынган. Биздин ишмердүүлүктүн алкагында оңдоо иштери жүргүзүлүп, бала бакча керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыздалган. Инфраструктураны жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү педагогдордун кесиптик өсүшүнө жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Аида Жаныбаеваны бул жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, кесиптик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, шыктануу жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Эмгегиңиз жана ишиңизге болгон берилгендигиңиз мындан ары да чоң жыйынтыктарды алып келип, башкаларга үлгү болсун!

Толугу менен окуңуз
Аутизм тууралуу маалыматты жайылтуунун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара Бишкекте өткөрүлдү

2-апрелде  «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда аутизм тууралуу маалыматты жайылтуунун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. 

Бул күнү аутизм тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, ошондой эле АСБ бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду.

Ата-энелер форумга катышып жаткан учурда, Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун кызматкерлери жана ыктыярчылары балдардын бош убактысын уюштурууга жардам беришти: алар менен оюндарды ойношуп, көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүп, иш-чаранын жүрүшүндө коштоп жүрүштү.

Good Neighbors бул иш-чаранын өнөктөштөрүнүн бири болуп, ар бир бала үчүн инклюзивдүү жана камкор чөйрөнү түзүүгө багытталган демилгелерди колдоду.

Толугу менен окуңуз