Токтогул району: Үч-Терек жана Бель-Алдыдагы балдардын медициналык кароосу

Алыскы айылдарда атайын медициналык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү чектелген: УЗИден өтүү үчүн ата-энелер райондун борборуна өздөрү жол кире төлөп барууга же транспорт жана жатаканага кошумча чыгым тартып, Бишкек шаарына барууга аргасыз болушат.

«Good Neighbors Kyrgyz Republic» филиалы тарабынан уюштурулган акысыз медициналык кароо үй-бүлөлөр үчүн каржылык жана логистикалык тоскоолдуктарды азайтат. Долбоордун реалдуу таасиринин айкын мисалы — Сары-Сөгөт айылындагы баланын окуясы: дарыгерлер анын өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурган боордун курч эхинококкозун жана чоң кистаны өз убагында аныкташкан. Үй-бүлөгө дароо кеңеш берилип, алар Бишкек шаарына шашылыш хирургиялык дарылоого жөнөтүлгөн.

Медициналык кароонун катышуучусу менен маек:

Анарбекова Эльнура, Сары-Сөгөт айылынын тургуну:

«Биз «Good Neighbors» уюму менен бир канча жылдан бери иштешип келе жатабыз. Негизинен балдарды атайын медициналык кароодон өткөрүү үчүн бизге алыс жакка, Бишкек шаарына, атүгүл райондун борборуна да алып барып, медициналык кароодон өткөрүү ар кандай себептерден улам мүмкүн болбой калат. А бизге дал ушул айылыбызга атайын аппараттарын алып келип, ушундай жаш балдарыбызды медициналык кароодон өткөрүүгө, алардын ден соолугуна көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгы үчүн биз «Good Neighbors» уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Медициналык кароодон алдын ала өткөрүү абдан маанилүү деп эсептейм: себеби дегенде, биз айрым оорулардын белгилерин учурунда байкабай калышыбыз мүмкүн жана эгер өтүп кетсе, ар кандай аянычтуу окуяларга алып келиши мүмкүн. А бул медициналык кароо аркылуу биз балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүп, алдын ала көзөмөлдөп, ар түрдүү оорулардын алдын ала алабыз!»

Инстаграм видеосу

Башка жаңылыктар:
Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен!

Бүгүн — Кыргызстандын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү. Бул — эмгеги ар дайым көрүнө бербеген, бирок кыйын кырдаалга туш болгондорго камкордук көрсөтүүнү аларсыз элестетүү мүмкүн болбогон адамдардын майрамы.

Бирок бул кесиптин айланасында дагы эле көптөгөн стереотиптер бар. Биз социалдык кызматкерлер тууралуу 5 мифти чогултуп, аларды карусель аркылуу жокко чыгарабыз. Иш жүзүндө кандай экенин билүү үчүн жылдырыңыз

Толугу менен окуңуз
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!

1. Тендер: Телевизорду (110–115 дюйм), жылма стендди жана презентерди (кликерди) жеткирүү

Долбоор жөнүндө:
Good Neighbors кеңсесинин конференц-залында презентацияларды, тренингдерди, жыйындарды жана видеоконференцияларды өткөрүү үчүн мобилдик дөңгөлөктүү стенди жана зымсыз презентер (кликер) менен кошо кең форматтагы дисплейди/телевизорду (110–115 дюйм, 4K UHD, HDR, Smart TV) сатып алуу. Сунуштун баасына жеткирүү, мобилдик стендди чогултуу, дисплейди орнотуу, жөндөө жана ишке киргизүү кирүүгө тийиш.

Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 20-октябры, саат 18:00гө чейин

Тапшыруу ыкмасы: «Телевизор» деген милдеттүү тема белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына

Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан №32258 «Запрос коммерческих предложений: Поставка телевизора, диагональ 110-115 дюйм. Мобильная подставка. Кликер» номери астынан караңыздар (жарыяланган күнү: 14.10.2026-ж.).


2. Тендер: Билим берүү, мультимедиа жана коопсуздук жабдууларын жеткирүү, орнотуу жана ишке киргизүү

Долбоор жөнүндө:
Токтогул районунун Билим берүү бөлүмүн, Ы. Алыбеков атындагы №21 орто мектебин, ошондой эле «Нур» жана «Ак-Шоола» балдар бакчаларын (Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Сары-Сегет айылы) заманбап билим берүү, мультимедиалык жабдуулар, коопсуздук системалары менен камсыздоо. Жабдуулардын тизмесине интерактивдүү панелдер (86" жана 75"), кесипкөй аудио жабдуулар, видеокөзөмөл системалары (20 IP-камера, NVR, УББ, тармактык шкафтар жана кабелдер), ошондой эле толук монтаждоо жана жөндөө иштери менен түстүү сыялуу МФУлар жана ламинаторлор кирет.

Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 21-октябры, саат 17:00гө чейин

Тапшыруу ыкмасы: «Оборудование в Токтогул» деген милдеттүү белгиси бар А4 форматындагы конвертте кагаз түрүндөгү билдирме төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Иманалы Айдарбеков көч., 6 (2-кабат, Good Neighbors административдик бөлүмү). Бардык суроолор боюнча administration@goodneighbors.kg электрондук дарегине кайрылыңыздар.

Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан №32150 «Поставка, установка и ввод в эксплуатацию образовательного, мультимедийного и оборудования безопасности» номери астынан караңыздар (жарыяланган күнү: 08.10.2026-ж.).

Толугу менен окуңуз
Ош шаары Good Neighbors уюмунун көзү менен

Ош — бул жөн гана бай тарыхы бар байыркы шаар жана заңкайган Сулайман-Тоо эмес. Ош — эң биринчи кезекте, меймандостугу жана айкөлдүгү менен бизге күн сайын дем берген адамдар.

Бул видеодо биз Ош шаарын Good Neighbors Kyrgyz Republic командасы кандай көрсө, дал ошондой чагылдыргыбыз келди.

Биз бул кооз аймактын турмушунун бир бөлүгү болууга, өсүп келе жаткан муун үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө жана үй-бүлөлөрдү ишенимдүү келечекке карай жолунда колдоого сыймыктанабыз.

Инстаграм видеосу

Толугу менен окуңуз