Токтогул району: Үч-Терек жана Бель-Алдыдагы балдардын медициналык кароосу
Алыскы айылдарда атайын медициналык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү чектелген: УЗИден өтүү үчүн ата-энелер райондун борборуна өздөрү жол кире төлөп барууга же транспорт жана жатаканага кошумча чыгым тартып, Бишкек шаарына барууга аргасыз болушат.
«Good Neighbors Kyrgyz Republic» филиалы тарабынан уюштурулган акысыз медициналык кароо үй-бүлөлөр үчүн каржылык жана логистикалык тоскоолдуктарды азайтат. Долбоордун реалдуу таасиринин айкын мисалы — Сары-Сөгөт айылындагы баланын окуясы: дарыгерлер анын өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурган боордун курч эхинококкозун жана чоң кистаны өз убагында аныкташкан. Үй-бүлөгө дароо кеңеш берилип, алар Бишкек шаарына шашылыш хирургиялык дарылоого жөнөтүлгөн.
Медициналык кароонун катышуучусу менен маек:
Анарбекова Эльнура, Сары-Сөгөт айылынын тургуну:
«Биз «Good Neighbors» уюму менен бир канча жылдан бери иштешип келе жатабыз. Негизинен балдарды атайын медициналык кароодон өткөрүү үчүн бизге алыс жакка, Бишкек шаарына, атүгүл райондун борборуна да алып барып, медициналык кароодон өткөрүү ар кандай себептерден улам мүмкүн болбой калат. А бизге дал ушул айылыбызга атайын аппараттарын алып келип, ушундай жаш балдарыбызды медициналык кароодон өткөрүүгө, алардын ден соолугуна көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгы үчүн биз «Good Neighbors» уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Медициналык кароодон алдын ала өткөрүү абдан маанилүү деп эсептейм: себеби дегенде, биз айрым оорулардын белгилерин учурунда байкабай калышыбыз мүмкүн жана эгер өтүп кетсе, ар кандай аянычтуу окуяларга алып келиши мүмкүн. А бул медициналык кароо аркылуу биз балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүп, алдын ала көзөмөлдөп, ар түрдүү оорулардын алдын ала алабыз!»
Инстаграм видеосу
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму 2023-жылдын февраль айында Көк-Чу (Коомчулукту өнүктүрүү долбоору) алкагында Мирное айылындагы Ден соолук борборун жакшыртуу ишин аяктады. Жылытуу системасы орнотулуп, суу түтүгү жакшыртылып, керектүү шарттар да түзүлдү. Мирное айылынын жашоочуларынын көбү кыш мезгилинде медициналык кароодон өтүп жаткан учурда жылуулук системасы жок болгондуктан медпунктта боло алышкан эмес. Эми филиалдын колдоосу менен Ден соолукту чыңдоо борбору жылдын каалаган мезгилинде ыңгайлуу иштей алат. Калктын жана өзгөчө балдар үчүн маанилүү кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуунун негизги максаты менен инфраструктураны өнүктүрүүнү камсыз кылуу коомчулукту долбоорлорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборстун ар дайым маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму 2018-жылдан 2022-жылга чейин KOICA тарабынан каржыланган «Менин айылым» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды.
Долбоордун жүрүшүндө Баткен, Ош жана Чүй облустарындагы 30 айыл айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана киреше алып келүүчү долбоорлорду түзүүгө активдүү катышты.
Долбоордон кийинки башкаруу программасынын алкагында «АгроЛид» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү болгон агрономдор тобу Баткен районунун фермерлери үчүн күнөсканаларда жашылчаларды өстүрүү, күрүч өстүрүү жана кургатуу ыкмалары, анын ичинде практикалык тренинг өткөрүштү.
Негизги максат – долбоордун алкагында ("Менин айылым" долбоору) бүткөрүлгөн объектилердин кирешелүү иштеши үчүн айылдык фермерлердин жана ишкерлердин потенциалын, алардын айыл чарба жана бизнес тармагындагы билим жана көндүмдөрүн жогорулатуу.
Гуд Нейборс уюму биргеликте Ысык-Көл областынын Тоң районундагы жайгашкан Ж. Жамгырчиев орто мектебинин администрациясы менен 3 классынын ондоосуна жардам берилди. Оңдоо иштерин аткаргандан кийин класстарга эмеректер жана класстык жабдуулар алынды, жумушчу күч менен камсыз кылууга мектеп жетекчилиги жардам көрсөттү. Биргелешип класстарды жаңырттык, эми студенттер ыңгайлуу шарттарда окуй алышат.