КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1. Коммерциялык сунуштарды суроо: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары»
Долбоор жөнүндө:
Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылындагы балдар бакчасынын имаратын кеңейтүү (кошумча имаратты куруу үчүн курулуш, жасалгалоо, электр-техникалык, жылуулук изоляциялоочу материалдарды жана сантехникалык жабдууларды сатып алуу, жеткирүү жана түшүрүү), ошондой эле Чүй облусунун Нижне-Чүй айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасы үчүн балдар унитаздарын сатып алуу жана жеткирүү. Долбоор балдардын болуу шартын жакшыртууга жана мектепке чейинки мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-сентябры, саат 17:30га (18:00) чейин
Тапшыруу ыкмасы: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары» белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек
Төлөгүрөөк маалыматты tenders.kg сайтынан 10.09.2026-жылдагы №31706 «Коммерциялык сунуштарды суроо: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары»» номери аркылуу караңыздар.
2. Тендер: Балдар бакчалары үчүн оюн жабдууларын, эмеректерди жана окуу-өнүктүрүү материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу
Долбоор жөнүндө:
Ош, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын мектепке чейинки мекемелеринде коопсуз, комфорттуу жана өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү. Долбоордун милдеттерине сырткы оюн жабдууларын (беседкалар, кумдондор, дөңсөөлөр, маятниктер, каруселдер, оюн үйлөрү) сатып алуу, ташуу, түшүрүү, чогултуу жана монтаждоо, ошондой эле имараттын ичин эмеректер (кербештер, отургучтар, шкафтар), тиричилик техникасы (телевизорлор), килемдер жана окуу-өнүктүрүү топтомдору менен камсыздоо кирет.
Тендердик билдирмелерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-сентябры, саат 17:00гө (17:30) чейин
Тапшыруу ыкмасы: милдеттүү түрдө «Балдар бакчалары үчүн жабдуулар жана эмеректер» деген маркировкасы бар чапталган А4 конвертинде Бишкек ш., Жаш Гвардия проспектиси, 2/1 (2-кабат) дареги боюнча тапшыруу керек.
Төлөгүрөөк маалыматты tenders.kg сайтынан 10.09.2026-жылдагы №31708 «Тендер: Балдар бакчалары үчүн оюн жабдууларын, эмеректерди жана окуу-өнүктүрүү материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу» номери аркылуу караңыздар.
Бүгүн биз сиздер менен ресурстарды өнүктүрүү боюнча адисибиз Самат Ажикеевдин бир күнүн бөлүшүүнү чечтик. Ал PR & Fundraising командасы менен бирге KICB банкынын филиалдарына барып, Good Neighbors кайрымдуулук кутулары аркылуу чогултулган кайрымдуулук каражаттарын кезектеги инкассациялоону жүргүздү. Сиздерди ушул маанилүү процесстин артындагы көшөгө артына көз салууга чакырабыз — төмөндөгү шилтеме аркылуу адамдардын боорукердиги аркасында ар бир кайрымдуулук кантип муктаж балдарга жана үй-бүлөлөргө жардамга айланарын көрө аласыз.
Кайрымдуулук кылып, биздин миссияны колдогон ар бириңизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин жакшы жүрөгүңүз жана жардам берүүгө болгон каалооңуз балдардын жашоосун жакшыртууга чоң салым кошууда. Өзгөчө ыраазычылыгыбызды KICB банкына @kicb_bank_ көп жылдык кызматташтыгы, ишеними жана Good Neighbors кайрымдуулук долбоорун колдогону үчүн билдиребиз. Биргелешип, жардамга муктаж болгондор үчүн көбүрөөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз!
Инстаграм видео
Good Neighbors Kyrgyz Republic кубанычтуу жаңылык менен бөлүшөт.
Биздин программанын катышуучуларынын бири Салих Нозимов дарылоо курсун ийгиликтүү аяктап, онкологиялык ооруну жеңе алды. Бул анын сакайып, дени сак жашоого карай жолундагы маанилүү этап болуп калды.
Алдыдагы 2–3 жыл аралыгында Салих дарыгерлердин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө болот. Ал пландуу медициналык кароодон өтүп, керектүү анализдерди тапшырып, адистердин сунуштарын, анын ичинде атайын тамактануу тартибин сактайт. Бул чаралар анын ден соолугун көзөмөлдөөгө жана толук калыбына келишине жардам берет.
Улуттук энелерди жана балдарды коргоо борборунун дарыгер-онкогематологу Камбарова Жанна Алмазовнага жогорку кесипкөйлүгү, камкордугу, жан аябас эмгеги жана Салихтин дарылануусуна кошкон баа жеткис салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин аракети менен балдар сергек келечекке мүмкүнчүлүк алышат.
Салихти жана анын үй-бүлөсүн бул маанилүү окуя менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ага бекем ден соолук, бактылуу балалык, кубанычтуу көз ирмемдерди, эң асыл кыялдарынын орундалышын жана жарык келечек каалайбыз.
Good Neighbors Kyrgyz Republic бош кызмат орундарын жарыялайт!
Төмөнкү бош кызмат орундар ачык:
- Коммуникациялар боюнча адис (Административдик бөлүм)
- Айдоочу-механик (Административдик бөлүм)
Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 26-июлу
Резюмелерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүңүз: gnkgz@goodneighbors.kg
Талапкерлер үчүн толук маалымат жана талаптар employment.kg сайтында жеткиликтүү.
Биздин командага кошулуп, Кыргызстандын коомчулуктарын өнүктүрүүгө өз салымыңызды кошуңуз!