Офтальмологиялык текшерүү: этникалык корейлерди колдоо долбоорунун алкагында

Жаш өткөн сайын үзгүлтүксүз диагностикадан өтүү өмүрлүк зарылчылыкка айланат, бирок жогорку чыгымдардан улам улгайган адамдар жана пенсионерлер үчүн заманбап клиникаларда толук текшерүүдөн өтүү дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт.

Бишкекте жана Чүй облусунда балдары чет өлкөгө иштеп кетишкен улгайган этникалык корейлер аз эмес. Good Neighbors (2026) изилдөөсүнө ылайык, алардын 77,9% көз көйгөйлөрүнөн жабыркайт, ал эми 89,4% жеке офтальмологдордун кызматтарын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Өз убагында дарыланбаса, адамдар бара-бара көрүүсүнөн ажырап, жалгыздыкта калышат.

Бул каржылык барьерди жоюу үчүн Good Neighbors Kyrgyz Republic, Түштүк Кореянын Эл аралык саламаттыкты сактоо фонду (KOFIH) жана Кыргызстан корейлеринин коому менен биргеликте көз ооруларын акысыз диагностикалоо жана дарылоо долбоорун башташты. Мындай колдоонун башкы натыйжасы — коркунучтуу ооруларды өз убагында аныктоо: текшерүү учурунда катышуучулардын биринен дарыгерлер биринчи жолу катарактаны таап, зарыл болгон операцияга өз убагында багытташты.

Медосмотрдун катышуучусу менен маектен:

Ким Людмила, корей диаспорасынын өкүлү:

«Бул демөөрчүлүк жардам болбосо, мен мындай заманбап клиникага келе алмак эмесмин. Мени текшерип, катарактаны аныкташты — операция жасоону сунушташты. Пенсионерлерге диагностиканы төлөө оор, ошондуктан биз камкордук, дарыгерлердин кунт коюп мамиле жасаганы жана кезексиз сонун уюштурулганы үчүн абдан ыраазыбыз!»

Инстаграм видеосу

Башка жаңылыктар:
20 бала бакча үчүн таза ичүүчү суу: долбоордун жыйынтыгын чыгарабыз!

Балдардын ден соолугу жана бакубаттуулугу — биздин башкы артыкчылыгыбыз. «Clean Drinking Water in Kindergartens» долбоорунун алкагында Good Neighbors Kyrgyz Republic командасы 20 бала бакчага заманбап суу чыпкалоо (фильтрация) тутумдарын орнотууну ийгиликтүү аяктады.

Жабдуулардын үзгүлтүксүз жана узак мөөнөттүү иштешин камсыз кылуу үчүн ар бир бала бакчага кошумча 2 комплекттен алмаштыруучу фильтрлер өткөрүлүп берилди.

Бала бакчалардын жетекчилери жана кызматкерлери аткарылган иштер үчүн терең ыраазычылык билдиришип, балдарды күн сайын коопсуз жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул демилгени ишке ашыруу бала бакчалардагы шарттарды жакшыртууга жана өсүп келе жаткан муун үчүн дени сак келечекти түзүүгө көмөктөшкөнүнө кубанычтабыз!

Толугу менен окуңуз
Жаш таланттар жана жаңы идеялар: STEMKYZ CUP 2026 кандай өттү?

27-сентябрда кыздар үчүн STEM-долбоорлору боюнча эл аралык STEMKYZ CUP 2026 чемпионаты болуп өттү — бул жаш ойлоп табуучуларды, насаатчыларды жана эксперттерди бириктирген жаркын окуя болду.

Биз, Good Neighbors Kyrgyz Republic, бул масштабдуу иш-чаранын өнөктөшү болууга жана өсүп келе жаткан жаш таланттарды колдоого кубанычта болдук. Чемпионаттын жүрүшүндө биз катышуучу кыздардын бири менен маектештик — Кыргызстандын жаштары кандай демилгелер жана илхам менен бөлүшөрүн видеодон угуңуздар!

Биз үчүн балдарды колдоо жана алардын өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүү — негизги артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Инсандын, үй-бүлөнүн жана коомчулуктун өзүн-өзү ишке ашыруусун жана тынымсыз өнүгүүсүн колдоо боюнча маанилүү принцибибизди жетекчиликке алып, биз ушундай демилгелердин бир бөлүгү болууга жана ар бир баланын потенциалын ачууга көмөктөшүүгө сыймыктанабыз.

Ушундай күчтүү аянтчаны түзгөндүгү үчүн STEMKYZ уюштуруучуларына жана эмгеги, тайманбастыгы, ошондой эле дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө болгон умтулуусу үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз! 🚀✨

Инстаграм видеосу

Толугу менен окуңуз
Good Neighbors Kyrgyz Republic Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чарада

2026-жылдын 5-октябрында билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун өкүлдөрү КР Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышышты.

Иш-чаранын алкагында мугалимдердин өлкөнүн келечегин түптөөдөгү жана билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү баа жеткис салымы белгиленди.

Good Neighbors уюму үчүн мугалимдерди колдоо, мектеп инфраструктурасын жакшыртуу жана сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү негизги багыттардын бири болуп саналат. Кыргызстандын билим берүү тармагын чыңдоо багытында биргеликте иш алып барууну уланта беребиз!

Инстаграм видеосу

Толугу менен окуңуз