КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1. Коммерциялык сунуштарды суроо: «Теңтуш теңтушка» методологиясы, форум-театр жана куурчак театрын колдонуу боюнча тренерлер үчүн тренинг (ToT) өткөрүү
Долбоор жөнүндө:
4 пилоттук региондо (Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл областтары) лидер-балдарды (13–17 жаштагы 43 өспүрүм), социалдык педагогдорду, мектеп психологдорун жана социалдык кызматкерлерди (41 адис) даярдоо. Долбоор «Теңтуш теңтушту окутат» мамилеси жана интерактивдүү театр методикалары аркылуу баланын укуктарын илгерилетүүгө, зомбулукту, буллингди жана дискриминацияны алдын алууга, ошондой эле жардам суроо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-сентябры, саат 18:00гө чейин
Тапшыруу ыкмасы: «ТОТ по методологии «Равный равному» и применению форум-театра и кукольного театра» («Теңтуш теңтушка» методологиясы, форум-театр жана куурчак театрын колдонуу боюнча ТОТ) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 16.09.2026-жылдагы №31826 «Коммерциялык сунуштарды суроо: Баланын укуктарын илгерилетүү, зомбулукту алдын алуу жана балдар арасында жардам суроо көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн «Теңтуш теңтушка» методологиясы, форум-театр жана куурчак театрын колдонуу боюнча тренерлер үчүн тренинг (ToT) өткөрүү» номери астынан караңыздар.
2. Коммерциялык сунуштарды суроо: «Good Mama» долбоору боюнча маалыматтык-билим берүү материалдарын жаңыртуу жана эки күндүк окутуу иш-чараларын өткөрүү
Долбоор жөнүндө:
Медицина кызматкерлери, Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) мүчөлөрү, кош бойлуу аялдар жана алардын жолдоштору үчүн маалыматтык-билим берүү материалдарын (эстеткичтер, жумушчу дептерлер, колдонмолор) актуалдаштыруу жана дизайнын иштеп чыгуу. Ошондой эле коопсуз кош бойлуулук, тамактануу, эмчек эмизүү жана баланы багуу боюнча билимин жогорулатууга багытталган 4 пилоттук региондогу (Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл областтары) 40 медкызматкер/АДК мүчөсү жана жолдоштору менен 200 кош бойлуу аял үчүн эки күндүк интерактивдүү тренингдерди өткөрүү.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-сентябры, саат 17:00гө (18:00) чейин
Тапшыруу ыкмасы: «По проекту GOOD MAMA» (GOOD MAMA долбоору боюнча) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 16.09.2026-жылдагы №31827 «Коммерциялык сунуштарды суроо: Медицина кызматкерлери, Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) мүчөлөрү, кош бойлуу аялдар жана алардын жолдоштору үчүн маалыматтык-билим берүү материалдарын жаңыртуу жана эки күндүк окутуу иш-чараларын өткөрүү» номери астынан караңыздар.
3. Коммерциялык сунуштарды суроо: Комплекстүү медициналык кароо жана андан кийинки медициналык жардам
Долбоор жөнүндө:
Бишкек шаарындагы долбоордун 30 бенефициары үчүн комплекстүү медициналык кароону (Check-up) жана андан кийинки дарылоону/медицинско коштоону камсыз кылуу. Программа алгачкы кароону, лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдү (УЗИ, ЭКГ ж.б.), профилдик адистердин консультацияларын, ошондой эле медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда терапиялык же хирургиялык дарылоону жекече дайындоону камтыйт.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-сентябры, саат 17:30га (18:00) чейин
Тапшыруу ыкмасы: «Оказание медицинских услуг» (Медициналык кызматтарды көрсөтүү) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 18.09.2026-жылдагы №31871 «Коммерциялык сунуштарды суроо: Комплекстүү медициналык кароо жана андан кийинки медициналык жардам» номери астынан караңыздар.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс өткөн дем алыш күндөрү Болот Мамбетов, Бел-Ады, Жапалак Айыл Өкмөттөрүндөгү жана Айым кооперативдеринин мүчөлөрүнө потенциалды жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү.
Тренингдин негизги максаты кооперативдердин мүчөлөрүнүн көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатуу болгон. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Финансылык сабаттуулук, Кыргыз Республикасында салык салуу жана салыктык жөнгө салуунун негиздери, бухгалтердик эсеп жана долбоорду башкаруу боюнча көбүрөөк маалымат алышты. Потенциалды жогорулатуу боюнча тренингди бул багыттар боюнча квалификациялуу эксперттер алып барышты.
Маалыматтык сессиялардан тышкары тренинг кооперативдин мүчөлөрү үчүн бир арага келип, бири-бири менен тажрыйба алмашуу үчүн сонун аянтча болду. Алдыдагы оруп-жыюу маалында түшүмдүн жемиштүү болушун каалайбыз.
#Cooperatives #Training
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс "Мектептердин базасында СТИМ борборлорду түзүү жолу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу" долбоору боюнча ишин улантууда.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 19-августтан баштап Талас облусунун Байсейит уулу Эшманбет атындагы Орто Мектебинин мугалимдери үчүн СТИМ усулу боюнча окутуу тренингдин оффлайн бөлүгү башталды.
Бул СТИМ окутуунун методикасын ишке ашыруу боюнча программанын ажырагыс бөлүгү. Тренинг Мугалим Эду билим берүү платформасынын командасы менен биргеликте өткөрүлүүдө. Тренингдин жалпы узактыгы 120 саат. Оффлайн-бөлүк 32 саатты түзөт, ал эми тренингдин калган 88 сааты онлайн форматта өткөрүлөт.
Долбоордун максаты-мектепте балдар алган билимдерин практикада колдонуп, жаңы инновациялык ыкманы колдонуу менен мектеп программасын үйрөнө турган СТИМ-борборлорду түзүү. Борборлор мектептик билимдерди практикалык өздөштүрүү үчүн бардык заманбап шаймандар жана жабдуулар менен жабдылат.
#Education #STEAM #СТЭМ
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс «Good Mama 2024» долбоорунун үстүндө иштөөнү улантууда. Долбоордун негизги максаты ФАПтын жана ден соолукту чыңдоо борборлорунун кызматкерлерин кош бойлуулуктун пренаталдык жана постнаталдык процесси менен тааныштыруу, ошондой эле өнүгүп келе жаткан түйүлдүккө кантип туура кам көрүү жана эненин ден соолугун сактоо боюнча билимдерин бекемдөө болуп саналат.
Долбоордун алкагында 4 аймактагы ФАП жана АДК өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлдү. Тренингдерден кийин 80 АДК өкүлдөрү ФАП менен макулдашуу боюнча кош бойлуу аялдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды үзгүлтүксүз кароого чакырышты. Долбоордун алкагында август айынын башында АДКнын ишине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө долбоорго катышкан кош бойлуу аялдар текшерилип, маалымат берилди.
Аймактардагы кош бойлуу аялдарга мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты баланын жана эненин ден соолугуна мүмкүн болуучу коркунучтарды аныктоо жана аларды өз убагында дарылоо болуп саналат.
#GoodMama #Health