КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1. Тендер: Кош бойлуу аялдар үчүн төрөтканага керектелүүчү баштыктарды сатып алуу, комплекттөө жана жеткирүү
Долбоор жөнүндө: «GOOD MAMA» долбоорунун алкагында кош бойлуу аялдар үчүн 200 даяр комплектти (төрөткана баштыктарын) сатып алуу, комплекттөө жана жеткирүү. Долбоор 4 пилоттук регионду (Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустары) камтыйт жана аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайларды зарыл болгон санитардык-гигиеналык каражаттар жана биринчи керектелүүчү буюмдар менен камсыз кылууга багытталган.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 12-октябры, саат 17:00гө чейин
Тапшыруу ыкмасы: «сумки в роддом GOOD MAMA» деген милдеттүү белгиси бар А4 форматындагы конвертте кагаз түрүндөгү билдирме төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Иманалы Айдарбеков көч., 6 (2-кабат, «Элдик» имараты, административдик бөлүм).
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан №32017 «Закуп, комплектация и доставка сумок в роддом для беременных женщин» номери астынан караңыздар (жарыяланган күнү: 30.09.2026-ж.).
2. Конкурс: «Менин үнүм – биздин келечек» фестивалын уюштуруу жана өткөрүү боюнча экспертти тартууга
Долбоор жөнүндө: «Балдардын үнү» (Voices of Children) долбоорунун алкагында Бишкек шаарында массалык фестивалды (кеминде 300 катышуучу: балдар, ата-энелер, педагогдор, ЖӨББ жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү) уюштуруу жана өткөрүү. Иш-чара баланын укуктары, балдарды зомбулуктан коргоо, балдардын катышуусун илгерилетүү жана коомчулуктар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 12-октябры, саат 19:00гө чейин
Тапшыруу ыкмасы: «Эксперт по проведению фестиваля» деген белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан №32050 «На привлечение эксперта по организации и проведению фестиваля «Менин үнүм – биздин келечек»» номери астынан караңыздар (жарыяланган күнү: 02.10.2026-ж.).
3. Конкурс: Форум-театр, куурчак спектаклдерин жана маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүү боюнча фасилитаторду тартууга
Долбоор жөнүндө: «Балдардын үнү» долбоорунун алкагында 4 максаттуу коомчулукта (Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустары) 256 катышуучу (мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдар, ата-энелер жана педагогдор) үчүн интерактивдүү форум-театрларды, куурчак спектаклдерин жана балдар сүрөттөрүнүн конкурсун өткөрүү. Иш-чаралар баланын укуктарын үйрөтүүгө, буллингдин жана зомбулуктун алдын алууга, ошондой эле жардам сурап кайрылуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 12-октябры, саат 20:00гө чейин
Тапшыруу ыкмасы: «Фасилитатор по форум театрам и кукульным театрам» деген белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан №32051 «На привлечение фасилитатора по проведению форум-театра, кукольных представлений и культурно-просветительских мероприятий» номери астынан караңыздар (жарыяланган күнү: 02.10.2026-ж.).
Өткөн жумада Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс филиалынын директору Талас облусунун мыкты студенттерине стипендия тапшырды. Бул стипендиялык программа Түштүк Кореянын жеке демөөрчүлүгүнүн демилгеси менен ишке ашырылат. Жылына бир жолу Талас шаардык мэриясы окуу жылынын жыйынтыгы менен окууда өзүн эң мыкты көрсөткөн окуучулардын тизмесин түзөт. Жыл сайын муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу жана акылдуу балдарына стипендия жана сертификаттарды, ошондой эле канцелярдык товарлардын топтомун беребиз. Быйыл 30 студент стипендия алды. Балдар алган сыйлыктарын сарамжалдуу пайдаланып, келечекте Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салымын кошот деп ишенебиз.
Өткөн жумада Камышановка айылынан жана Африка, Азия жана Корея мамлекеттеринин мектеп окуучулары Глобалдык жаштар түйүнүнүн программасынын алкагында онлайн жолугуп, анда балдар өз өлкөсү, маданияты жана кызыктуу жерлери тууралуу кыскача айтып беришти. Бул форматта негизги темаларда - климаттык кризисти жана туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулоо үчүн дагы эки жолугушууну өткөрүү пландалууда.
Гуд Нейборс уюму “Good Neighbors Global Citizenship Education" (эл аралык жаштар алмашуу программасы) – “Глобалдык жаштар тармагы” аттуу жаңы билим берүү программасын ишке киргизип жатканын тактап кеткибиз келет. Бул долбоор бүткүл дүйнө жүзүндөгү жаштарга климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык маселелер боюнча өз пикирин билдирүү жана эл аралык алмашуу иш-чаралары аркылуу пайдалуу иш-аракеттерди практикалоо жана эмпатия жөнүндө концептуалдык түшүнүктү өрчүтө турган, өзүнө ишенген инсан болууга мүмкүндүк берет.
Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепти компьютердик класстар менен жабдууну аяктады.
Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз.