Жаш таланттар жана жаңы идеялар: STEMKYZ CUP 2026 кандай өттү?
27-сентябрда кыздар үчүн STEM-долбоорлору боюнча эл аралык STEMKYZ CUP 2026 чемпионаты болуп өттү — бул жаш ойлоп табуучуларды, насаатчыларды жана эксперттерди бириктирген жаркын окуя болду.
Биз, Good Neighbors Kyrgyz Republic, бул масштабдуу иш-чаранын өнөктөшү болууга жана өсүп келе жаткан жаш таланттарды колдоого кубанычта болдук. Чемпионаттын жүрүшүндө биз катышуучу кыздардын бири менен маектештик — Кыргызстандын жаштары кандай демилгелер жана илхам менен бөлүшөрүн видеодон угуңуздар!
Биз үчүн балдарды колдоо жана алардын өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүү — негизги артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Инсандын, үй-бүлөнүн жана коомчулуктун өзүн-өзү ишке ашыруусун жана тынымсыз өнүгүүсүн колдоо боюнча маанилүү принцибибизди жетекчиликке алып, биз ушундай демилгелердин бир бөлүгү болууга жана ар бир баланын потенциалын ачууга көмөктөшүүгө сыймыктанабыз.
Ушундай күчтүү аянтчаны түзгөндүгү үчүн STEMKYZ уюштуруучуларына жана эмгеги, тайманбастыгы, ошондой эле дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө болгон умтулуусу үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз! 🚀✨
Инстаграм видеосу
2024-жылдын 2-ноябрында Good Neighbors Kyrgyz Republic "Кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү клубу 2024" долбоорунун алкагында кыздар үчүн футбол боюнча кубок өткөрдү.
Бул долбоор кыздарга күчтүү болуп, максаттарына жетүүгө, стереотиптерден арылууга жана өзүнө болгон ишенимди бекемдөөгө жардам берет. Биз спорт жаштардын ички потенциалын ачып, аларды бириктирүүнүн мыкты жолу экенине ишенебиз.
#Advocacy #GirlsEmpowermentClub #GirlsFootball
2024-жылдын сентябрынан баштап Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс STEAM билим берүүнү мектептерге киргизүү боюнча демилгелүү долбоорун ишке киргизди. Долбоор 4 коомдук өнүгүү аймагындагы 16 мектепти камтыйт.
Долбоордун максаты — билим берүү сапатын жакшыртуу, окуучуларды заманбап чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө даярдоо жана так илимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттыруу. STEAM жөн гана билим берүү эмес — бул келечектеги лидерлерди жана новаторлорду тарбиялоочу мамиле!
Биз мындай демилгелер кыргыз мектеп окуучуларына инновацияларга жана эл аралык билим берүү стандарттарына карай кадам жасоого жардам берет деп ишенебиз.
#Education #STEAM
2024-жылдын октябрында, Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл өкмөтүндө климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу жана туруктуу айыл чарба алып баруу боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге суу комитетинин жана Кайыңды-Охна суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрү, аялдар жана жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле Айылдык Кеңештин өкүлдөрү катышты.
Тренингдин жүрүшүндө жергиликтүү коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу боюнча иш планы талкууланып, көйгөйдү чечүү жолдору сунушталды. Бул долбоор “Баткен облусунда багбанчылык жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда
#Training #ClimateChange #SustainableAgriculture