20 бала бакча үчүн таза ичүүчү суу: долбоордун жыйынтыгын чыгарабыз!

Балдардын ден соолугу жана бакубаттуулугу — биздин башкы артыкчылыгыбыз. «Clean Drinking Water in Kindergartens» долбоорунун алкагында Good Neighbors Kyrgyz Republic командасы 20 бала бакчага заманбап суу чыпкалоо (фильтрация) тутумдарын орнотууну ийгиликтүү аяктады.

Жабдуулардын үзгүлтүксүз жана узак мөөнөттүү иштешин камсыз кылуу үчүн ар бир бала бакчага кошумча 2 комплекттен алмаштыруучу фильтрлер өткөрүлүп берилди.

Бала бакчалардын жетекчилери жана кызматкерлери аткарылган иштер үчүн терең ыраазычылык билдиришип, балдарды күн сайын коопсуз жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул демилгени ишке ашыруу бала бакчалардагы шарттарды жакшыртууга жана өсүп келе жаткан муун үчүн дени сак келечекти түзүүгө көмөктөшкөнүнө кубанычтабыз!

Башка жаңылыктар:
Мамлекеттик эки мектепте компьютердик класстар менен жабдылды.

Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепте компьютердик класстарды жабдууну аяктады. 

Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз. 

Толугу менен окуңуз