2026-жылдагы балдардын медициналык кароосунун жыйынтыктары
Программабыздын төрт регионунда — Кок-Чу, Б. Мамбетов, Бел-Алды жана Жапалак аймактарында балдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн масштабдуу этабы жыйынтыкталды. Эки ай бою «Кроха» балдар клиникасынын адистери балдардын ден соолугунун өзгөчөлүктөрүн өз убагында аныктоо жана зарыл болгон колдоону көрсөтүү үчүн комплекстүү кароо жүргүзүштү.
📊 Сандар жана фактылар:
- 7 453 бала келишим боюнча камтылышы пландалган.
- 340 баланы «Кроха» клиникасы кошумча жана толугу менен акысыз текшерди.
- 7 793 бала 2026-жылы жалпысынан баштапкы медициналык кароодон өттү!
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча профилдик адистер өзгөчө көңүл бурууну талап кылган негизги багыттарды белгилешти: көрүүнүн начарлашынын (миопия) 314 учуру, өнөкөт тонзиллиттин 158 учуру жана кулактагы серник бүтөлүүлөрүнүн (серные пробки) 248 учуру, ошондой эле башка медициналык көрсөтмөлөр аныкталды.
Алынган маалыматтар азыркы тапта биздин команда тарабынан иштелип чыгууда. Ар бир баланын дени сак жана чың болуп өсүүсү үчүн бардык жыйынтыктар 2027-жылга карата саламаттыкты сактоо тармагындагы жаңы долбоорлорду, демилгелерди жана даректүү жардамдарды пландаштырууга негиз болот.
Өсүп келе жаткан муундун келечегине кам көргөндүгү үчүн өнөктөштөрүбүзгө жана бардык салым кошконуштуктарга ыраазычылык билдиребиз!
2024-жылдын сентябрынан баштап Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс STEAM билим берүүнү мектептерге киргизүү боюнча демилгелүү долбоорун ишке киргизди. Долбоор 4 коомдук өнүгүү аймагындагы 16 мектепти камтыйт.
Долбоордун максаты — билим берүү сапатын жакшыртуу, окуучуларды заманбап чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө даярдоо жана так илимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттыруу. STEAM жөн гана билим берүү эмес — бул келечектеги лидерлерди жана новаторлорду тарбиялоочу мамиле!
Биз мындай демилгелер кыргыз мектеп окуучуларына инновацияларга жана эл аралык билим берүү стандарттарына карай кадам жасоого жардам берет деп ишенебиз.
#Education #STEAM
2024-жылдын октябрында, Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл өкмөтүндө климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу жана туруктуу айыл чарба алып баруу боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге суу комитетинин жана Кайыңды-Охна суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрү, аялдар жана жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле Айылдык Кеңештин өкүлдөрү катышты.
Тренингдин жүрүшүндө жергиликтүү коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу боюнча иш планы талкууланып, көйгөйдү чечүү жолдору сунушталды. Бул долбоор “Баткен облусунда багбанчылык жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда
#Training #ClimateChange #SustainableAgriculture
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 9 октябрь, 2024 жылы Шин Дон Мин атындагы стипендиялык программасынын жыйынтыгын чыгарды, Талас облусунун администрациясы менен биргеликте 4 райондон 36 окуучу тандалып стипендия жана окуу куралдар ыйгарылган. Бул программа 2018 жылдан бери уланып келген иш чара, ар бир баланын чоң потенциалы бар экенине ишенебиз.
#Education #Scholarship #ShinDongMinScholarship