«Менин укуктарым корголгон, менин милдеттерим маанилүү!» сүрөт конкурсу!
ЖОБО
«Менин укуктарым корголгон, менин милдеттерим маанилүү!»
сүрөт конкурсун өткөрүү жөнүндө
💡 Конкурстун урааны:
«Укуктар мүмкүнчүлүк берет, милдеттер өсүүгө жардам берет!»
1. Жалпы жоболор
«Менин укуктарым корголгон, менин милдеттерим маанилүү!» сүрөт конкурсу «Балдардын үнү» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасындагы «Гуд Нейборс Интернешнл» Коомдук Фондунун коомчулукту өнүктүрүүнүн төрт программасынын (CDP) аймагында жайгашкан билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында өткөрүлөт. Конкурс БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясын кабыл алуунун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө (20-ноябрь) карата уюштурулууда.
Конкурс балдар менен өспүрүмдөрдүн өз укуктары жана милдеттери жөнүндө кабардарлыгын жогорулатууга, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, укуктук маданиятты, жоопкерчиликти жана башка адамдардын укуктарын урматтоо мамилесин калыптандырууга багытталган.
2. Конкурстун максаты
Чыгармачылык аркылуу балдарда жана өспүрүмдөрдө өз укуктары менен милдеттерин түшүнүүнү калыптандыруу, ошондой эле БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын жоболору тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.
3. Конкурстун милдеттери
-
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу;
-
Адам укуктарына жана баланын укуктарына урмат-сый менен мамиле кылууну калыптандыруу;
-
Өз жоруктары үчүн жоопкерчилик сезимин өнүктүрүү;
-
Катышуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн жана көркөм өнөр көндүмдөрүн өнүктүрүү;
-
Балдардын укуктарын коргоо жана зомбулуктун алдын алуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу;
-
Урматтоо, теңчилик жана зомбулуксуздук идеяларын жайылтууга балдардын активдүү катышуусун сыйлоо/колдоо.
-
4. Конкурстун катышуучулары
Конкурска катышууга 13 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр чакырылат.
Конкурска төмөнкү аймактарда жайгашкан мектептердин окуучулары катышат:
-
Көк-Чу КӨД
-
Болот Мамбетов КӨД
-
Бел-Алды КӨД
-
Жапалак КӨД
Катышуучу мектептер:
-
Ч. Түлөбердиев атындагы № 34 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Атабаев атындагы № 35 орто жалпы билим берүү мектеби
-
А. Алиев атындагы № 30 орто жалпы билим берүү мектеби
-
М. Мырзаев атындагы № 45 орто жалпы билим берүү мектеби (Ош ш.)
-
№ 48 орто жалпы билим берүү мектеби
-
№ 68 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Исхак Раззаков атындагы Төмөнкү Чүй орто мектеби
-
Абсамат Масалиев атындагы Төмөнкү Чүй орто мектеби
-
Аалы Токомбаев атындагы орто мектеп
-
Б. Мамбетов атындагы орто мектеп
-
А. Көлбаев атындагы орто мектеп
-
Жусуп Турусбеков атындагы орто мектеп
-
К. Тилеков атындагы орто мектеп
-
Жума Жамгырчиев атындагы орто мектеп
-
М. Догдуров атындагы орто мектеп (Тоң району)
-
Тайлаков атындагы орто мектеп (Тоң району)
-
Кубатбек Чокоев атындагы № 18 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Мукаш Жамгырканов атындагы № 22 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Кулманбет Токторалиев атындагы № 30 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Муктар Нургазиев атындагы № 29 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Салаев атындагы № 34 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Бекназар атындагы № 32 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Артыкбаев атындагы № 33 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Ы. Алымбеков атындагы № 21 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Токтонаалы Ашыралиев атындагы № 19 орто жалпы билим берүү мектеби
-
Абдыманап Мамыров атындагы орто мектеп
-
Т. Жундубаев атындагы № 20 орто мектеп
5. Конкурстук иштердин тематикасы
Конкурстук иштер төмөнкү темаларды чагылдырышы мүмкүн:
-
Билим алууга болгон укук;
-
Зомбулуктан коргонууга болгон укук;
-
Ден соолукка жана бакубаттуулукка болгон укук;
-
Эс алууга, бош убакытка жана өнүгүүгө болгон укук;
-
Өз пикирин билдирүүгө болгон укук;
-
Баланын үй-бүлөдөгү, мектептеги жана коомдогу милдеттери;
-
Өз ара урматтоо, жоопкерчилик жана достук;
-
Зомбулуксуз дүйнө;
-
Балдар үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрө;
-
Баланын укуктарын сактоо жана коргоо.
6. Конкурстук иштерге коюлуучу талаптар
-
Иш конкурстун темасына шайкеш келиши керек.
-
Ар бир катышуучу 1ден ашык эмес иш сунуштай алат.
-
Иш катышуучу тарабынан өз алдынча аткарылышы керек.
-
Каалагандай көркөм ыкмаларды/техниканы колдонууга уруксат берилет (карандаш, акварель, гуашь, пастель, фломастерлер ж.б.).
-
Иштин форматы: А3.
-
Иш тыкан жана аягына чыккан (бүткөрүлгөн) түрдө аткарылышы керек.
-
Мөөнөтү (дедлайн): 2026-жылдын 10-ноябры.
Иштин арткы бетине сөзсүз түрдө төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
-
Катышуучунун аты-жөнү;
-
Жашы;
-
Классы;
-
Билим берүү уюмунун аталышы;
-
Калктуу пункт;
-
Мугалимдин аты-жөнү (бар болсо);
-
Байланыш телефону.
7. Баалоо критерийлери
Конкурстук иштер төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
|
Критерий |
Максималдуу балл |
|
Конкурстун темасына шайкештиги |
20 |
|
Баланын укуктары жана милдеттери темасынын ачылышы |
20 |
|
Идеянын оригиналдуулугу |
20 |
|
Көркөм чеберчилиги жана аткаруу сапаты |
20 |
|
Чыгармачыл мамиле жана иштин таасирдүүлүгү |
20 |
|
Жалпы |
100 |
8. Жыйынтыкты чыгаруу тартиби
-
Конкурстук иштерди баалоону конкурс уюштуруучулары тарабынан түзүлгөн конкурстук комиссия жүзөгө ашырат.
-
Жеңүүчүлөр топтолгон балдардын суммасы боюнча аныкталат.
-
Конкурстук комиссия кошумча номинацияларды белгилөө укугун өзүнө калтырат.
9. Сыйлоо
Конкурстун эң мыкты иштери Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата «Балдардын үнү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүчү «Менин үнүм – менин келечегим» фестивалында көрсөтүлөт.
Эң мыкты иштердин авторлору төмөнкүлөр менен сыйланышат:
-
📜 Дипломдор;
-
🎁 Эстелик белектер;
-
🏆 Баалуу сыйлыктар.
Конкурстун бардык катышуучуларына катышкандыгы үчүн сертификаттар берилет.
10. Корутунду жоболор
Ишти конкурска тапшыруу менен катышуучулар ушул Жобого макулдугун ырасташат жана уюштуруучуларга конкурстук иштерди көргөзмөлөрдү, презентацияларды өткөрүүдө, долбоордун маалыматтык материалдарында, социалдык тармактарда жарыялоодо жана башка коммерциялык эмес максаттарда авторлукту милдеттүү түрдө көрсөтүү менен пайдалануу укугун беришет.
Биз балдарды жана өспүрүмдөрдү чыгармачылык аркылуу укуктарды, милдеттерди, урмат-сыйды, жоопкерчиликти жана зомбулуксуз дүйнөнү өз түшүнүгүндө чагылдырып көрсөтүүгө чакырабыз!
Калктын муктаждыктарын комплекстүү баалоонун алкагында Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Көк-Чу, Болот Мамбетова, Бел-Алды жана Жапалак КӨДдөрүндө (Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлору) фокус-топтук талкуулардын (Focus Group Discussions — FGD) сериясы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Талкууларга мугалимдер, медицина кызматкерлери, ата-энелер, жаштар, фермерлер, ишкерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын өкүлдөрү катышты. Фокус-топтор жамааттардагы актуалдуу көйгөйлөрдү ачык талкуулоо, артыкчылыктуу муктаждыктарды аныктоо жана мүмкүн болгон чечимдерди издөө үчүн аянтча болуп берди.
Талкуулардын жүрүшүндө билим берүү, саламаттык сактоо, таза суу жана санитарияга жеткиликтүүлүк, укуктарды коргоо, социалдык колдоо, жумуш менен камсыз кылуу жана калктын киреше булактарын өнүктүрүү маселелери каралды. Өзгөчө көңүл аялуу топтордун көйгөйлөрүнө, негизги кызматтарга жеткиликтүүлүккө, жашоо шарттарын жакшыртууга жана жергиликтүү жамааттардын потенциалын чыңдоого бурулду.
Фокус-топтук талкуулар сапаттуу маалыматтарды чогултууга жана калктын муктаждыктарды баалоо процессине активдүү катышуусун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди. Алынган жыйынтыктар келечектеги пландаштыруу иштеринде жана коомчулуктун реалдуу муктаждыктарына багытталган практикалык программаларды жана демилгелерди иштеп чыгууда колдонулат.
Ош шаарындагы №48 Керме-Тоо орто мектебинде жана М. Мырзаев атындагы №45 орто жалпы билим берүү мектебинде жогорку класстын окуучулары арасында экологиялык дебаттар (Eco-Debate) ийгиликтүү өткөрүлдү.
Көпчүлүк окуучулар үчүн бул дебаттарга биринчи жолу катышуу тажрыйбасы болгонуна карабастан, алар башынан эле чоң кызыгуу, активдүүлүк жана экологиялык актуалдуу маселелерди талкуулоого болгон чыныгы катышуусун көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз ойлорун жүйөлүү билдирүүгө, каршы тарапты угууга, командада иштөөгө жана биргелешип чечим табууга үйрөнүштү.
Эко-дебаттар коом алдында сүйлөө, сынчыл ой-жүгүртүү, лидерлик жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болду.
Мындай демилгелер жаштарды мындан ары өнүгүүгө жана жаңы дебаттык турнирлерге активдүү катышууга шыктандырып, жарандык активдүү позицияны калыптандырат деген үмүттөбүз.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Абды-Суеркулов айыл аймагындагы №21 Ы. Алымбеков атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары — Кадыралиева Элнура Сакабековна — өзүнүн жогорку жетишкендиктери, кесипкөйлүгү жана педагогикалык ишмердүүлүккө болгон берилгендиги менен кесиптештерине дем берип келет.
2026-жылдын жыйынтыгы менен ал «Жылдын мыкты мугалими» ардактуу наамына татыктуу болуп, ошондой эле «Улут сыймыгы» төш белгиси менен сыйланды.
Өзгөчө сыймык жараткан жетишкендиктеринин бири — 2026-жылдын 7-майында республикалык деңгээлде өткөн «Лидер мугалим» сынагына катышып, 651 мугалимдин арасынан мыкты жыйынтык көрсөтүп, Сингапурга билим берүү багытындагы жолдомону жеңип алышы болду.
Белгилей кетсек, Элнура Сакабековна Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алдыдагы Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорунун ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, билим берүүнү өнүктүрүүгө, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоого жана жаш муунду тарбиялоого зор салым кошуп келет.
Кадыралиева Элнура Сакабековнаны жетишкен ийгиликтери жана татыктуу сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бекем ден соолук, жаңы ийгиликтерди жана билим берүү тармагында мындан аркы чоң жетишкендиктерди каалайбыз!