«Менин укуктарым корголгон, менин милдеттерим маанилүү!» сүрөт конкурсу!

ЖОБО

«Менин укуктарым корголгон, менин милдеттерим маанилүү!»

сүрөт конкурсун өткөрүү жөнүндө

💡 Конкурстун урааны:

«Укуктар мүмкүнчүлүк берет, милдеттер өсүүгө жардам берет!»

 

1. Жалпы жоболор

«Менин укуктарым корголгон, менин милдеттерим маанилүү!» сүрөт конкурсу «Балдардын үнү» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасындагы «Гуд Нейборс Интернешнл» Коомдук Фондунун коомчулукту өнүктүрүүнүн төрт программасынын (CDP) аймагында жайгашкан билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында өткөрүлөт. Конкурс БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясын кабыл алуунун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө (20-ноябрь) карата уюштурулууда.

Конкурс балдар менен өспүрүмдөрдүн өз укуктары жана милдеттери жөнүндө кабардарлыгын жогорулатууга, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, укуктук маданиятты, жоопкерчиликти жана башка адамдардын укуктарын урматтоо мамилесин калыптандырууга багытталган.

 

2. Конкурстун максаты

Чыгармачылык аркылуу балдарда жана өспүрүмдөрдө өз укуктары менен милдеттерин түшүнүүнү калыптандыруу, ошондой эле БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын жоболору тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу.

 

3. Конкурстун милдеттери

  • Балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу;

  • Адам укуктарына жана баланын укуктарына урмат-сый менен мамиле кылууну калыптандыруу;

  • Өз жоруктары үчүн жоопкерчилик сезимин өнүктүрүү;

  • Катышуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн жана көркөм өнөр көндүмдөрүн өнүктүрүү;

  • Балдардын укуктарын коргоо жана зомбулуктун алдын алуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу;

  • Урматтоо, теңчилик жана зомбулуксуздук идеяларын жайылтууга балдардын активдүү катышуусун сыйлоо/колдоо.

  •  

4. Конкурстун катышуучулары

Конкурска катышууга 13 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр чакырылат.

Конкурска төмөнкү аймактарда жайгашкан мектептердин окуучулары катышат:

  • Көк-Чу КӨД

  • Болот Мамбетов КӨД

  • Бел-Алды КӨД

  • Жапалак КӨД

Катышуучу мектептер:

  1. Ч. Түлөбердиев атындагы № 34 орто жалпы билим берүү мектеби

  2. Атабаев атындагы № 35 орто жалпы билим берүү мектеби

  3. А. Алиев атындагы № 30 орто жалпы билим берүү мектеби

  4. М. Мырзаев атындагы № 45 орто жалпы билим берүү мектеби (Ош ш.)

  5. № 48 орто жалпы билим берүү мектеби

  6. № 68 орто жалпы билим берүү мектеби

  7. Исхак Раззаков атындагы Төмөнкү Чүй орто мектеби

  8. Абсамат Масалиев атындагы Төмөнкү Чүй орто мектеби

  9. Аалы Токомбаев атындагы орто мектеп

  10. Б. Мамбетов атындагы орто мектеп

  11. А. Көлбаев атындагы орто мектеп

  12. Жусуп Турусбеков атындагы орто мектеп

  13. К. Тилеков атындагы орто мектеп

  14. Жума Жамгырчиев атындагы орто мектеп

  15. М. Догдуров атындагы орто мектеп (Тоң району)

  16. Тайлаков атындагы орто мектеп (Тоң району)

  17. Кубатбек Чокоев атындагы № 18 орто жалпы билим берүү мектеби

  18. Мукаш Жамгырканов атындагы № 22 орто жалпы билим берүү мектеби

  19. Кулманбет Токторалиев атындагы № 30 орто жалпы билим берүү мектеби

  20. Муктар Нургазиев атындагы № 29 орто жалпы билим берүү мектеби

  21. Салаев атындагы № 34 орто жалпы билим берүү мектеби

  22. Бекназар атындагы № 32 орто жалпы билим берүү мектеби

  23. Артыкбаев атындагы № 33 орто жалпы билим берүү мектеби

  24. Ы. Алымбеков атындагы № 21 орто жалпы билим берүү мектеби

  25. Токтонаалы Ашыралиев атындагы № 19 орто жалпы билим берүү мектеби

  26. Абдыманап Мамыров атындагы орто мектеп

  27. Т. Жундубаев атындагы № 20 орто мектеп

 

5. Конкурстук иштердин тематикасы

Конкурстук иштер төмөнкү темаларды чагылдырышы мүмкүн:

  • Билим алууга болгон укук;

  • Зомбулуктан коргонууга болгон укук;

  • Ден соолукка жана бакубаттуулукка болгон укук;

  • Эс алууга, бош убакытка жана өнүгүүгө болгон укук;

  • Өз пикирин билдирүүгө болгон укук;

  • Баланын үй-бүлөдөгү, мектептеги жана коомдогу милдеттери;

  • Өз ара урматтоо, жоопкерчилик жана достук;

  • Зомбулуксуз дүйнө;

  • Балдар үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрө;

  • Баланын укуктарын сактоо жана коргоо.

 

6. Конкурстук иштерге коюлуучу талаптар

  • Иш конкурстун темасына шайкеш келиши керек.

  • Ар бир катышуучу 1ден ашык эмес иш сунуштай алат.

  • Иш катышуучу тарабынан өз алдынча аткарылышы керек.

  • Каалагандай көркөм ыкмаларды/техниканы колдонууга уруксат берилет (карандаш, акварель, гуашь, пастель, фломастерлер ж.б.).

  • Иштин форматы: А3.

  • Иш тыкан жана аягына чыккан (бүткөрүлгөн) түрдө аткарылышы керек.

  • Мөөнөтү (дедлайн): 2026-жылдын 10-ноябры.

Иштин арткы бетине сөзсүз түрдө төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:

  1. Катышуучунун аты-жөнү;

  2. Жашы;

  3. Классы;

  4. Билим берүү уюмунун аталышы;

  5. Калктуу пункт;

  6. Мугалимдин аты-жөнү (бар болсо);

  7. Байланыш телефону.

 

7. Баалоо критерийлери

Конкурстук иштер төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

Критерий

Максималдуу балл

Конкурстун темасына шайкештиги

20

Баланын укуктары жана милдеттери темасынын ачылышы

20

Идеянын оригиналдуулугу

20

Көркөм чеберчилиги жана аткаруу сапаты

20

Чыгармачыл мамиле жана иштин таасирдүүлүгү

20

Жалпы

100

 

8. Жыйынтыкты чыгаруу тартиби

  • Конкурстук иштерди баалоону конкурс уюштуруучулары тарабынан түзүлгөн конкурстук комиссия жүзөгө ашырат.

  • Жеңүүчүлөр топтолгон балдардын суммасы боюнча аныкталат.

  • Конкурстук комиссия кошумча номинацияларды белгилөө укугун өзүнө калтырат.

 

9. Сыйлоо

Конкурстун эң мыкты иштери Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата «Балдардын үнү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүчү «Менин үнүм – менин келечегим» фестивалында көрсөтүлөт.

Эң мыкты иштердин авторлору төмөнкүлөр менен сыйланышат:

  • 📜 Дипломдор;

  • 🎁 Эстелик белектер;

  • 🏆 Баалуу сыйлыктар.

Конкурстун бардык катышуучуларына катышкандыгы үчүн сертификаттар берилет.

 

10. Корутунду жоболор

Ишти конкурска тапшыруу менен катышуучулар ушул Жобого макулдугун ырасташат жана уюштуруучуларга конкурстук иштерди көргөзмөлөрдү, презентацияларды өткөрүүдө, долбоордун маалыматтык материалдарында, социалдык тармактарда жарыялоодо жана башка коммерциялык эмес максаттарда авторлукту милдеттүү түрдө көрсөтүү менен пайдалануу укугун беришет.

Биз балдарды жана өспүрүмдөрдү чыгармачылык аркылуу укуктарды, милдеттерди, урмат-сыйды, жоопкерчиликти жана зомбулуксуз дүйнөнү өз түшүнүгүндө чагылдырып көрсөтүүгө чакырабыз!

Башка жаңылыктар:
ТУРИЗМ БААРЫ ҮЧҮН! – ТООЛОР ЖАНА ЖАНЫЛУУ

22-июнь 2024-жылы "Айым" аялдар коомчулугу Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс менен биргеликте кыймылы чектелген адамдар үчүн Ысык-Ата районунун тоолоруна саякат уюштурушкан.

Катышуучулар шаарда транспортту колдонууда бир катар кыйынчылыктарга туш болушат жана айрым турак жайлар зарыл инфраструктуранын жоктугунан биздин бенефициарларыбызга сыртка ээн-эркин чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Бирок бул күнү катышуучулар таза абада өлкөбүздүн жаратылышына ырахаттанып, унутулгус күн өткөрүштү.

Бул саякат да демөөрчүлөрдүн: Кыргыз Республикасындагы Эл аралык «Эмират» кайрымдуулук уюмунун жана «Red Petroleum» май куюучу станциялар тармагынын аркасы менен ишке ашты!

 

#WomenTaxi #InclusiveTaxi #WomentaxiAyim #ZhenskoeTaxiBishkek #Inclusiveness #AccessibleInfrastructureinthecity

Толугу менен окуңуз
Балдардын ден соолугун жыл сайын медициналык кароодон өткөрүү 2024

Кыргыз Республикасындагы "Гуд Нейборс" жыл сайн откозучу, балдардын ден соолугун текшерүү программасын ишке ашырып жаткан мезгили.

Бул программа коомчулукту өнүктүрүү долбоорунун (КөД) алкагында, Кыргызстандагы 21 айылында, 3 жаштан 17 жашка чейинки балдар акысыз медициналык кароодон өтушөт.

7,000ден ашык бала физикалык жана психикалык ден соолугун баалоодон өтөт. Саламаттыкты сактоо адистери алардын жалпы ден соолугун сактоо жана жакшыртуу үчүн текшерүүлөрдү өткөрүшөт. Мындан тышкары, оор дартка чалдыккан балдар дагы консультация алуу үчүн адистерге жөнөтүлөт.

Биз бардык жергиликтүү ыктыярчыларга жана активисттерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

 

#SponsorshipService #Health #CommunityHealth #ChildrensHealth

Толугу менен окуңуз
“Глобалдык жаштар тармагы” (Жер-Үй айылындагы А.Көлбаев атындагы мектептин)

2024-жылдын июнь айында, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Жер-Үй айылындагы А.Көлбаев атындагы мектептин окуучулары “Глобалдык жаштар тармагы” аттуу сонун программаны аякташты!

Дүйнө жүзү боюнча Гуд Нейборс бөлүмдөрү менен биргеликте ишке ашырылган программа студенттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы чечимдерди билүүгө, БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттарын изилдөөгө жана ал тургай Түштүк Кореядагы мектеп окуучулары менен иш жүзүндө байланышууга жардам берди! Балдар өз өлкөлөрүнүн маданияты, кооз жерлери менен бөлүшүштү.

Бул программа жаштарды өзгөртө ала турган глобалдык жарандар болууга мүмкүнчүлүк берет.

 

#GlobalYouthNetwork #GlobalEducation #ClimateAction #SDGs #GoodNeighborsPartner

Толугу менен окуңуз