Балдар аянтчасын куруу жана Келечек реабилитациялык борборуна инвентарь сатып алуу

Биздин сайтта Краудфандинг бөлүмүндө каражат чогултуу аяктады, ал кайдыгер эмес катышуучулардын аркасында ийгиликтүү болду. Жыйынтыгында 652 209 сом чогултулду. Бул каражаттар заманбап балдар аянтчасын курууга, ошондой эле ар түрдүү спорттук шаймандарды сатып алууга багытталган.

Эми балдар кортто коопсуз жана кызыктуу машыгуулардан ырахат алышат. Батут, чуркоо жолу, велосипед жолу, килемчелер жана аркан дубалдары сыяктуу Машыгуу шаймандары сатылып алынган. Мындан тышкары, балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана координациясын өнүктүрүүгө жардам бере турган стол оюндары сатылып алынды.

Фотоотчетту жана чыгымдар боюнча документтерди жайгаштырабыз, анда аткарылган иштердин жыйынтыгы жана чогултулган каражаттар кандайча пайдаланылгандыгы менен тааныша аласыздар. Бул кайрымдуулук долбооруна катышкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз!

  • Керек: 500 000 сом
  • Чогултулган: 652 209 сом
  • Жыйнак аяктады: 31.05.2021
Басылма датасы: 01 Мар, 2019 жыл
Долбоордук документтер: