Мектеп окуучуларынын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.
Гуд Нейборс уюму коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорунун алкагында 15 мектептин 11 класс окуучулар үчүн масштабдуу долбоорун - «Мектеп окуучулары үчүн жалпы республикалык тестирлөө курстарын» баштады. ЖРТ* Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кирүү экзамендерин алмаштыруучу милдеттүү тест. Курс 3 айга созулат жана студенттин тандоосу боюнча негизги тестке (кыргыз/орус тили, математика) жана предметтик тестке (тарых, математика, биология, химия ж.б.) даярданууну камтыйт.
ЖРТ курсу өлкөнүн 4 облусунан келген 320 студентти камтыйт. Долбоордун максаты: Мектеп окуучуларынын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жогорку окуу жайларга тапшырууга көмөк көрсөтүү. Долбоор биздин студенттерге ЖОЖдорго, анын ичинде бюджеттик окуу жайларга тапшырууга жардам берет.
2026-жылдын 1-июнунда Жапалак айыл өкмөтү жана маданият бөлүмү менен биргеликте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара уюштурулду.
Майрамга балдар, ата-энелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттын тургундары катышып, кубанычка, чыгармачылыкка жана ынтымакка толгон өзгөчө маанай түзүлдү.
Иш-чаранын алкагында 120 балага Good Neighbors уюму тарабынан белектер тапшырылды. Ошондой эле Жапалак айыл өкмөтү тарабынан балдарга балмуздак уюштурулуп таратылып, майрамга өзгөчө көрк берип, балдарга кошумча кубаныч тартуулады.
Кичинекей коноктор үчүн мазмундуу маданий-көңүл ачуучу программа даярдалды. Балдар ар кандай сынактарга жана оюндарга активдүү катышып, ырдоо, бийлөө жана чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Өзгөчө кызыгууну кыргыз элинин улуттук маданиятынын элементтерин жана корей элинин салттарын чагылдырган көркөм номерлер, ошондой эле таэквондо боюнча көрсөтмө оюн жаратты.
Бул майрам балдардын чыгармачылык дараметин ачууга мүмкүнчүлүк түзүп, алардын көбү өз таланттарын көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болушту. Катышуучулардын жаркын өнөрлөрү унутулгус маанай жаратып, келген конокторго жагымдуу таасир калтырды.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
Good Neighbors Kyrgyz Republic 4 тендер жарыялайт:
Тендер 1:
№30573. Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугун чыңдоо долбоорунун алкагында балдарды медициналык кароодон өткөрүү кызматтарын көрсөтүү боюнча.
Акыркы мөөнөтү: 9-июль
Тендер 2:
№30579. Кыргыз Республикасындагы этникалык корейлер үчүн комплекстүү офтальмологиялык текшерүү кызматтарын көрсөтүүгө боюнча.
Акыркы мөөнөтү: 1-июль
Тендер 3:
№30437. Жайкы беседканы куруу үчүн курулуш материалдар боюнча
Акыркы мөөнөтү: 2-июль
Тендер 4:
№30330. ФАПтар жана ҮМБлар үчүн медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча.
Акыркы мөөнөтү: 5-июль
Тендерлер боюнча бардык маалыматтар жана документтер www.tender.kg сайтында жеткиликтүү.
Кызыкдар болгон уюмдарды жана жеткирүүчүлөрдү катышууга чакырабыз!
2026-жылдын 18–24-июнь күндөрү Global Youth Network (GYN) программасынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын башталгыч класстарынын окуучуларынын ортосунда онлайн-сессиялар улантылды.
Global Youth Network — бул Good Neighbors International тарабынан ишке ашырылып жаткан эл аралык программа болуп, ар түрдүү өлкөлөрдүн балдарын жана жаштарын бириктирип, глобалдык жарандуулукту, лидерлик сапаттарды жана социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүүгө багытталган. Программа балдардын жана жаштардын дүйнөлүк көйгөйлөр, Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле баарлашуу, кызматташуу жана коомдук турмушка активдүү катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Онлайн жолугушуулардын жүрүшүндө окуучулар башка өлкөдөгү теңтуштары менен баарлашып, бири-бири менен таанышып, маданий алмашууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаралар достук маанайда өтүп, жаш муундардын эл аралык өз ара түшүнүшүүсүн чыңдоого жана глобалдык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.
Программанын катышуучуларын лидерлик сапаттарды, сынчыл ой жүгүртүүнү, командада иштөө көндүмдөрүн жана глобалдык чакырыктарды түшүнүүнү өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы алмашуу иш-чаралары жана окутуу сессиялары күтөт.