Берекелүү Аймак
2023-жылдын 26-июнунан 30-июнуна чейин Чунгбук университетинин (Корея Республикасы) профессорлору Кыргыз Республикасындагы «Берекелүү аймак» айылдарын комплекстүү өнүктүрүү долбооруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн Кыргызстанга келишти. Алардын иш сапарынын максаты долбоордун натыйжалуулугун жана анын Ош жана Баткен облустарындагы 30 айылда жашаган жамааттардын жашоо шарттарын жакшыртууга тийгизген таасирин баалоо болгон.
Иш сапардын алкагында долбоордун ар кандай объектилерин, анын ичинде өнүктүрүү борборлорун, футбол аянтчаларын, газ жана суу менен камсыздоо системаларын, фельдшердик-акушердик пункттарды, ичүүчү суу резервуарларын, асфальтталган жолдорду жана бала бакчаларды карашты. Профессорлор жергиликтүү фермерлер менен активдүү баарлашып, алардын тажрыйбасын үйрөнүп, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы тууралуу түшүнүк алышты. Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары консультациялар жана сунуштар аркылуу долбоорду башкарууда чечүүчү ролду ойноп, долбоордун максаттарына жетишүүгө олуттуу салым кошоору күтүлүүдө.
* Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Айыл чарба министрлиги жана KOICA менен биргеликте 4 жылдын ичинде 30 айылда жакырчылыкты кыскартууга багытталган. Социал-экономикалык шарттарды жакшыртууга, аялдардын укуктарын илгерилетүүгө, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана айылды өнүктүрүү саясатын колдоого багытталган.
Өткөн жумада Камышановка айылынан жана Африка, Азия жана Корея мамлекеттеринин мектеп окуучулары Глобалдык жаштар түйүнүнүн программасынын алкагында онлайн жолугуп, анда балдар өз өлкөсү, маданияты жана кызыктуу жерлери тууралуу кыскача айтып беришти. Бул форматта негизги темаларда - климаттык кризисти жана туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулоо үчүн дагы эки жолугушууну өткөрүү пландалууда.
Гуд Нейборс уюму “Good Neighbors Global Citizenship Education" (эл аралык жаштар алмашуу программасы) – “Глобалдык жаштар тармагы” аттуу жаңы билим берүү программасын ишке киргизип жатканын тактап кеткибиз келет. Бул долбоор бүткүл дүйнө жүзүндөгү жаштарга климаттын өзгөрүшү сыяктуу глобалдык маселелер боюнча өз пикирин билдирүү жана эл аралык алмашуу иш-чаралары аркылуу пайдалуу иш-аракеттерди практикалоо жана эмпатия жөнүндө концептуалдык түшүнүктү өрчүтө турган, өзүнө ишенген инсан болууга мүмкүндүк берет.
Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепти компьютердик класстар менен жабдууну аяктады.
Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму жыл сайын Талас шаарындагы мектеп окуучуларына активдүү колдоо көрсөтүп келет.