Girls Football Club 2023
Кыргызстандагы Гуд Нейборс уюмунун "Girls football club 2023" долбоору футболдогу кыздарды колдоо миссиясын улантууда.
Кэчее, 6-октябрь 2023-жылы Бишкек шаарындагы "Чемпион" спорт комплексинде Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму тарабынан ишке ашырылган "Girls football club 2023" долбоорунун алкагында кичи футбол боюнча финалдык этап өттү.
"Girls football club" долбоору алгач 2019-жылы Кыргызстандын үч регионунун өкүлдөрүнүн арасында кичи-футбол боюнча аялдар өспүрүмдөр турнири уюштуруу максатында башталган. Бул жылы долбоор кайрадан улантып, кыздардын спорт жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүүгө багытталган миссиясын улантууда.
Мелдештин финалдык этабына 6-7-8-класстын кыздарынан турган төрт облустан: Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарынан турган командалардын катышуусу кирет. Ар бири 10 кыздан турган жеңүүчү командалар Бишкек шаарындагы өз аймактарынын атынан чыгып, жеңүүчү наамы үчүн ат салышат.
Турнирдин биринчи этабы 2023-жылдын сентябрында 4 облуста Жамааттарды өнүктүрүү долбоорунун айылдарында өтүп, анда финалдык турнирге чыга турган командалар аныкталган.
"Биз бул долбоор кыздарга атаандаштык иш-чараларга катышууга гана эмес, коомубузда аялдар футболун мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз. Спорт жеке өсүүгө өбөлгө түзөт, ден соолукту чыңдайт жана командада иштөө, урматтоо жана туруктуулук сыяктуу маанилүү баалуулуктарды калыптандырат", - деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс директору - Чжун Хонг Су .
Турнир аяктагандан кийин бул маанилүү күнү жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп, ага Кыргызстан аялдар футбол Ассоциациясынын меймандары чакырылат. Биз бул долбоорду колдогон жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышына салым кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз. Биздин максат - кыздарды жетишкендиктерге жетүүгө жана өз укуктарын бекемдөөгө шыктандыруу жана колдоо.
Мектеп жашында балдар олуттуу ички жана тышкы өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Бул фонодо көп учурда чыр-чатактар келип чыгат, ал эми буллинг көмүскөдө калышы мүмкүн — чоңдор аны же өтө кеч аныкташат, же таптакыр байкабай калышат.
Ош шаарындагы А. Алиев атындагы №30 орто мектептин директору Сулайманова Нускайым Аманбаевна эмне үчүн алдын алуунун салттуу чаралары мындан ары жетишсиз болуп жатканы менен бөлүшөт. Өспүрүмдөрдү чындап коргоо үчүн мугалимдерге жаңы методикалар, көрсөтмөлөр жана эң башкысы — баарлашууга туура мамиле керек.
Инстаграм видеосу
Бишкекте мугалимдер жана социалдык педагогдор үчүн Коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча методикалык колдонмону жайылтууга багытталган тренерлер үчүн төрт күндүк интенсивдүү тренинг аяктады.
Бул демилге Good Neighbors Эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте ишке ашырылды.
Курсту өткөргөн тренерлер окуу жайларында корголгон атмосфераны түзүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти:
«Коопсуздуксуз сапаттуу билим алуу да, баланын дени сак өнүгүүсү да мүмкүн эмес. Физикалык коркунучтарды гана эмес, зомбулукту жана буллингди да өз убагында байкап, аныктоо маанилүү. Балдар мектептерде да, бала бакчаларда да өздөрүн физикалык жактан да, психологиялык жактан да корголгон сезиши керек!»
Инстаграм видеосу
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эркимбеков Алтынбек Эркимбекович «Коопсуз билим берүү чөйрөсү» методикалык колдонмосу боюнча өткөрүлгөн тренерлер үчүн төрт күндүк тренингдин жыйынтыгын чыгарды.
Алтынбек Эркимбекович өз маегинде мектептеги корголгон атмосфераны түзүү мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана педагогикалык коомчулуктун биргелешкен аракетин талап кылаарын баса белгиледи.
Инстаграм видеосу