Girls Football Club 2023
Кыргызстандагы Гуд Нейборс уюмунун "Girls football club 2023" долбоору футболдогу кыздарды колдоо миссиясын улантууда.
Кэчее, 6-октябрь 2023-жылы Бишкек шаарындагы "Чемпион" спорт комплексинде Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму тарабынан ишке ашырылган "Girls football club 2023" долбоорунун алкагында кичи футбол боюнча финалдык этап өттү.
"Girls football club" долбоору алгач 2019-жылы Кыргызстандын үч регионунун өкүлдөрүнүн арасында кичи-футбол боюнча аялдар өспүрүмдөр турнири уюштуруу максатында башталган. Бул жылы долбоор кайрадан улантып, кыздардын спорт жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүүгө багытталган миссиясын улантууда.
Мелдештин финалдык этабына 6-7-8-класстын кыздарынан турган төрт облустан: Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарынан турган командалардын катышуусу кирет. Ар бири 10 кыздан турган жеңүүчү командалар Бишкек шаарындагы өз аймактарынын атынан чыгып, жеңүүчү наамы үчүн ат салышат.
Турнирдин биринчи этабы 2023-жылдын сентябрында 4 облуста Жамааттарды өнүктүрүү долбоорунун айылдарында өтүп, анда финалдык турнирге чыга турган командалар аныкталган.
"Биз бул долбоор кыздарга атаандаштык иш-чараларга катышууга гана эмес, коомубузда аялдар футболун мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз. Спорт жеке өсүүгө өбөлгө түзөт, ден соолукту чыңдайт жана командада иштөө, урматтоо жана туруктуулук сыяктуу маанилүү баалуулуктарды калыптандырат", - деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс директору - Чжун Хонг Су .
Турнир аяктагандан кийин бул маанилүү күнү жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп, ага Кыргызстан аялдар футбол Ассоциациясынын меймандары чакырылат. Биз бул долбоорду колдогон жана анын ийгиликтүү ишке ашырылышына салым кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз. Биздин максат - кыздарды жетишкендиктерге жетүүгө жана өз укуктарын бекемдөөгө шыктандыруу жана колдоо.
4-сентябрда Ош шаарында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA), КР Агартуу министрлиги, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму менен биргеликте Кыргызстандын түштүк аймактарындагы мектеп өкүлдөрү үчүн мектептеги суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена (WASH) боюнча практикалык семинар өткөрдү.
Ош шаарындагы семинар 28-августта Бишкек шаарында башталган демилгенин уландысы болуп, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мектеп директорлорун, педагогдорун, ошондой эле мектептеги саламаттыкты сактоо жана суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена (WASH) комитеттеринин өкүлдөрүн бириктирди.
Семинардын башкы максаты мектеп администрацияларына таза суу, санитария жана гигиена (WASH) чараларын киргизүү боюнча практикалык колдонмону жана маалыматтык-билим берүү материалдарын (буклеттерди жана плакаттарды) тапшыруу болду.
Мектептерде суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена (WASH) багытын өнүктүрүү эмнелерди камтыйт?
🔹 Коопсуз таза сууга жана сапаттуу санитардык шарттарга жеткиликтүүлүк.
🔹 Кол жуу үчүн ыңгайлуу жайлар жана тамактануу гигиенасынын эрежелерин сактоо.
🔹 Бардык балдар, анын ичинде майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүү, жеткиликтүү жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүү.
Өлкөнүн бардык аймактарында таза суу, санитария жана гигиена (WASH) чараларын жайылтуу - ар бир бала үчүн коопсуз, дени сак жана инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө кошкон бирдиктүү салымыбыз!
2026-жылдын 25-августунда Котормо айылындагы К. Чокоев атындагы мектептин базасында «Green Schools for Healthy Nutrition» долбоорунун алкагында «Good Neighbors Kyrgyz Republic» филиалы тарабынан уюштурулган «Мектептерде туура тамактанууну уюштуруу» деген темада практикалык семинар өттү.
Үч-Терек жана Бел-Алды аймактарынан келген мектеп директорлору мектеп алдындагы чарбаны түзүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын үйрөнүү үчүн чогулушту: алма, жашылчаларды, ал тургай банан менен лимонду өстүрүүдөн баштап, бир сезондо эки жолу түшүм алууга жана аны сактоо үчүн атайын жер төлөнү курууга чейинки тажрыйбалар менен таанышышты.
Семинардын катышуучусу менен маек:
Мукаш Жамгырканов атындагы мектептин директору Шарипова Жазгүл Үчбаевна өзүнүн таасирлери жана мектеп алдындагы участогун өнүктүрүү пландары менен бөлүштү:
«Бүгүн биз семинарга катышып, абдан чоң таасир алдык. Биздин мектеп буга чейин эле алма бак тигүү боюнча Garden долбоорун ишке ашырууга аракет кылган: ылайыктуу жерлерди даярдап, кыртыштын анализдерин тапшырып, бардык документтерди өз убагында бергенбиз. Бул семинар бизге кайрадан дем-күч берди! Биздин мектепте да алма бак жана толук кандуу мектеп алдындагы чарба пайда болушу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого аракет кылабыз, ошондой эле бул демилгени ишке ашырууда сиздердин колдооңуздарга абдан ишенебиз».
Мектеп алдындагы чарба — бул балдарды жаңы азык-түлүктөр менен камсыз кылууга, күнүмдүк ысык тамакты байытууга жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугун чыңдоого жардам берген натыйжалуу жана жеткиликтүү курал!
Инстаграм видеосу
28-августта Бишкек шаарында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA), КР Агартуу министрлиги, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму менен биргеликте мектептер үчүн WASH стандарттары боюнча практикалык семинар өткөрдү.
Иш-чаранын башкы максаты мектеп директорлоруна таза суу, санитария жана гигиена стандарттарын билим берүү мекемелерине киргизүү боюнча практикалык колдонмону тапшыруу болду.
Мектептердеги WASH багыты эмнелерди камтыйт?
🔹 Коопсуз таза сууга жана сапаттуу санитардык шарттарга жеткиликтүүлүк.
🔹 Кол жуу үчүн ыңгайлуу жайлар жана тамактануу гигиенасынын эрежелерин сактоо.
🔹 Бардык балдар, анын ичинде майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүү, жеткиликтүү жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүү.
Семинарда мектепте тамактануу долбооруна катышкан мектептердин өкүлдөрү мектептеги саламаттыкты сактоо комитеттеринин ишин жана балдарда пайдалуу адаттарды калыптандыруу ыкмаларын талкуулашты.
📍 Кийинки кадам? Ушул аптада ушундай эле семинар Кыргызстандын түштүк аймактарындагы мектеп өкүлдөрү үчүн Ош шаарында өтөт! Биз биргеликте келечек муун үчүн коопсуз жана дени сак чөйрөнү түзүп жатабыз!