АДК үчүн тренингдер

Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 2024-жылдын 14-ноябрынан 22-ноябрына чейин Айылдык Денсоолук Комитеттери (АДК) үчүн анемиянын жана микроэлементтердин жетишсиздигинин алдын алуу боюнча тренингдерди өткөрөт. Бул иш-чаралар «Айылдык ден соолук комитеттери менен өнөктөштүктө жамааттын ден соолугун чыңдоо» долбоорунун алкагында Сокулук, Тоң, Токтогул жана Кара-Суу райондорунда райондук деңгээлде Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте өткөрүлөт.

Өлкөнүн алыскы аймактарында, айрыкча балдар жана аялдар арасында, начар тамактануу кесепетинен анемия жана темир менен микроэлементтердин жетишсиздиги олуттуу көйгөйгө айланган. Тренингдин негизги максаты – АДКнын ыктыярчыларынын, активисттеринин жана лидерлеринин толук кандуу тамактануунун маанилүүлүгүн түшүнүүсүн арттыруу жана бул көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн зарыл чараларды көрүүдө аларды билим менен камсыз кылуу.

Тренингдерден кийин АДК өкүлдөрү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, маалыматтык материалдарды колдонушат. Бул иш-аракеттер жамааттын ден соолугун жакшыртууга жана анемия менен күрөшүүгө багытталган.

 

#Health #CHW #CommunityHealthWorkers

Башка жаңылыктар:
Калктын муктаждыктарын комплекстүү баалоонун алкагында фокус-топтук талкууларды өткөрүлдү

Калктын муктаждыктарын комплекстүү баалоонун алкагында Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Көк-Чу, Болот Мамбетова, Бел-Алды жана Жапалак КӨДдөрүндө (Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлору) фокус-топтук талкуулардын (Focus Group Discussions — FGD) сериясы ийгиликтүү өткөрүлдү.

Талкууларга мугалимдер, медицина кызматкерлери, ата-энелер, жаштар, фермерлер, ишкерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын өкүлдөрү катышты. Фокус-топтор жамааттардагы актуалдуу көйгөйлөрдү ачык талкуулоо, артыкчылыктуу муктаждыктарды аныктоо жана мүмкүн болгон чечимдерди издөө үчүн аянтча болуп берди.

Талкуулардын жүрүшүндө билим берүү, саламаттык сактоо, таза суу жана санитарияга жеткиликтүүлүк, укуктарды коргоо, социалдык колдоо, жумуш менен камсыз кылуу жана калктын киреше булактарын өнүктүрүү маселелери каралды. Өзгөчө көңүл аялуу топтордун көйгөйлөрүнө, негизги кызматтарга жеткиликтүүлүккө, жашоо шарттарын жакшыртууга жана жергиликтүү жамааттардын потенциалын чыңдоого бурулду.

Фокус-топтук талкуулар сапаттуу маалыматтарды чогултууга жана калктын муктаждыктарды баалоо процессине активдүү катышуусун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди. Алынган жыйынтыктар келечектеги пландаштыруу иштеринде жана коомчулуктун реалдуу муктаждыктарына багытталган практикалык программаларды жана демилгелерди иштеп чыгууда колдонулат.

Толугу менен окуңуз
Жаштардын үнү экология үчүн: Ош мектептеринде эко-дебаттар өттү

Ош шаарындагы №48 Керме-Тоо орто мектебинде жана М. Мырзаев атындагы №45 орто жалпы билим берүү мектебинде жогорку класстын окуучулары арасында экологиялык дебаттар (Eco-Debate) ийгиликтүү өткөрүлдү.

Көпчүлүк окуучулар үчүн бул дебаттарга биринчи жолу катышуу тажрыйбасы болгонуна карабастан, алар башынан эле чоң кызыгуу, активдүүлүк жана экологиялык актуалдуу маселелерди талкуулоого болгон чыныгы катышуусун көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз ойлорун жүйөлүү билдирүүгө, каршы тарапты угууга, командада иштөөгө жана биргелешип чечим табууга үйрөнүштү.

Эко-дебаттар коом алдында сүйлөө, сынчыл ой-жүгүртүү, лидерлик жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болду.

Мындай демилгелер жаштарды мындан ары өнүгүүгө жана жаңы дебаттык турнирлерге активдүү катышууга шыктандырып, жарандык активдүү позицияны калыптандырат деген үмүттөбүз.

Толугу менен окуңуз
Жалал-Абад облусундагы мектептин мугалими жылдын мыкты мугалими деп табылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Абды-Суеркулов айыл аймагындагы №21 Ы. Алымбеков атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары — Кадыралиева Элнура Сакабековна — өзүнүн жогорку жетишкендиктери, кесипкөйлүгү жана педагогикалык ишмердүүлүккө болгон берилгендиги менен кесиптештерине дем берип келет.

2026-жылдын жыйынтыгы менен ал «Жылдын мыкты мугалими» ардактуу наамына татыктуу болуп, ошондой эле «Улут сыймыгы» төш белгиси менен сыйланды.

Өзгөчө сыймык жараткан жетишкендиктеринин бири — 2026-жылдын 7-майында республикалык деңгээлде өткөн «Лидер мугалим» сынагына катышып, 651 мугалимдин арасынан мыкты жыйынтык көрсөтүп, Сингапурга билим берүү багытындагы жолдомону жеңип алышы болду.

Белгилей кетсек, Элнура Сакабековна Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алдыдагы Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорунун ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, билим берүүнү өнүктүрүүгө, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоого жана жаш муунду тарбиялоого зор салым кошуп келет.

Кадыралиева Элнура Сакабековнаны жетишкен ийгиликтери жана татыктуу сыйлыктары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бекем ден соолук, жаңы ийгиликтерди жана билим берүү тармагында мындан аркы чоң жетишкендиктерди каалайбыз!

Толугу менен окуңуз