Арыз формасы кабыл алуу жарыясы

 

ШИН ДОН МИН СТИПЕНДИЯСЫНА АРЫЗ БЕРҮҮ  НУСКАМАСЫ

 

      Долбоордун аталышы: Шин Дон Мин стипендиялык программасы

     Стипендиялардын саны: 4

     Гранттын өлчөмү: 36,000  сом

     Тапшыруу мөөнөтү: 15 октябрь 2025, 23:59(Бишкек) чейин

     kyrgyzrepublic@goodneighbors.org

     Толтуруy формасы:

     https://drive.google.com/drive/folders/1JVoDPZPB1BTtkZC0ARUcNPqQ9nuI1sGr?usp=drive_link

 

    1. Уюм жөнүндө:

 

Good Neighbors - 1991-жылдан бери 40 өлкөдө иштеген эл аралык гуманитардык уюм. Уюм жамааттарды өнүктүрүүгө, балдардын укуктарын коргоого жана билим алууга жана саламаттыкты сактоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган. Кыргызстанда Good Neighbors 2014-жылдан бери айыл аймактарын социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү, жашоо шартын, балдардын жана аялдардын укуктарын жакшыртуу, ошондой эле калктын экономикалык бакубаттуулугун колдоо менен иштеп келет. Уюм жергиликтүү жамааттар жана бийлик органдары менен активдүү кызматташат, болгон өнөктөштүктү бекемдейт жана жаңыларын түзөт. Азыр Good Neighbors коомчулукту өнүктүрүү боюнча бир нече долбоорлорду, анын ичинде Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен көп жылдык долбоорду ишке ашырууда.

 

    1. Жалпы жобо

 

Стипендиялык программа айыл жериндеги жаштарга университет жана колледждерге кирүү үчүн каржылык колдоо көрсөтүп, 1-жылдык окуу акысын жарым-жартылай же толугу менен жабат. Сынак 2025-жылдын сентябрында университеттин/колледждин биринчи курска кирген, демөөрчү жана мурунку демөөрчү болгон балдар үчүн ачык. Бардыгы болуп төрт стипендия бөлүнөт, алардын ар бири 36 000 сомдон. Программа айыл жерлеринен келген студенттердин каржылык жүгүн азайтууга жана сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга багытталган. Стипендия университеттин же колледждин окуу акысын төлөө үчүн гана берилет, андыктан жеңүүчүлөр төлөмдү тастыктаган тиешелүү документтерди тапшырышы керек.

 

    1. Катышуу критерийлери

 

Өтүнмө ээси төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  1. Демөөрчүлүк программасынын учурдагы же мурдагы катышуучусу болуу;
  2. 2025-2026-окуу жылында күндүзгү университеттин же колледждин биринчи курсунун студенти болуу (контракттык негизде окуугандар үчүн);
  3. Жашаган жери боюнча төмөнкү айыл өкмөттөрдүн биринде катталууга тийиш:
    1. Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтү (Сокулук району, Чүй облусу);
    2. Болот Мамбетов айыл өкмөтү (Тоң району, Ысык-Көл облусу);
    3. Абды Сүйркулов айыл өкмөтү (Токтогул району, Жалал-Абад облусу);
    4. Үч-Терек айыл өкмөтү (Токтогул району, Жалал-Абад облусу);
    5. Жапалак айыл өкмөтү;
  4. Жогорку академиялык жетишкендикке (Ош ш.);
  5. Окуудан тышкаркы иш-чараларга (волонтердук, клубдар, конкурстар ж.б.) катышуу

 

    1. Документтерди берүү

 

Сынакка катышуу үчүн документтердин толук пакетин даярдап, 15-октябрга чейин 2025-жыл, 23:59 (Бишкек убактысы боюнча)  электрондук почтага жөнөтүү зарыл kyrgyzrepublic@goodneighbors.org.

 

Документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • толтурулган жана кол коюлган арыз (1-тиркеме);
  • университеттин же колледждин студенти экениңизди тастыктаган күбөлүк/тастыктама;
  • окуу акысын тастыктаган документ (окуу формасын көрсөтүү менен келишимдин көчүрмөсү – акы төлөнүүчү же акысыз, же акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция);
  • билими тууралуу аттестат (9 — класс үчүн-колледж студенттери үчүн; 11 — класс үчүн-Университеттин студенттери үчүн);
  • мугалимдин же мектептин/Университеттин администрациясынын сунуш каты.

 

 

    1. Тандоо процесси

Стипендиаттарды тандоо процесси эки этаптан турат:

1-тап.  Документтерди текшерүү

  • Электрондук почтага жөнөтүлгөн бардык документтер талапка ылайык текшерилет.
  •  Документтер топтому толук жана туура ирээттелген болгон шартта гана кийинги этапка катышууга уруксат берилет.
  • 2-этапка пакетин тапшырган катышуучуларга гана уруксат берилет.

Көңүл буруңуз:    

  • Бардык документтердин туура толтурулгандыгын, кол коюлгандыгын жана окулгандыгын текшериңиз.
  • Толук эмес же туура эмес толтурулган арыздар каралбайт.
  • Белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн арыздар кабыл алынбайт.

 

2-тап. Арыздарды баалоо

  • Ички комиссия      ар бир катышуучунун портфолиосун баалайт.
  • Баалоонун негизинде өлкөнүн ар бир районунан бирден,  жалпы төрт жеңүүчү тандалат.
  • Ар бир жеңүүчү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө жеке кабардар болот.

 

Эскертүү:
Тандоо командасы Конкурстун жеңүүчүлөрү менен гана байланышат. Эгер сиз 2025-жылдын октябрь айынын аягына чейин билдирүү албасаңыз, тилекке каршы, сиздин арызыңыз тандалган жок.

    

 

    1. Өтүнмөнүн этаптары жана мөөнөттөрү

 

Стипендиялык программаны жарыялоо

18-сентябрь, 2025-жыл.

Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү

15-октябрь, 2025-жыл.

Комиссия тарабынан арыздарды кароо жана баалоо

2025-жылдын октябрь айынын ортосу.

Жеңүүчүлөрдү жарыялоо

2025-жылдын октябрь айынын аягы.

Сыйлык тапшыруу аземи

2025-жылдын октябрынын аягы-ноябрдын башында.

 

 

Документтер орус же кыргыз тилдеринде PDF форматында берилиши керек.

 

Билдирмелер ж.б бардык маселелер боюнча  Айтимбетова Айдайга кайрылыңыздар - aaitimbetova@goodneighbors.kg же номери боюнча +996 555 112 012

Башка жаңылыктар:
Кооперативдер — потенциалды жогорулатуу боюнча окуу

Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс өткөн дем алыш күндөрү Болот Мамбетов, Бел-Ады, Жапалак Айыл Өкмөттөрүндөгү жана Айым кооперативдеринин мүчөлөрүнө потенциалды жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү.

Тренингдин негизги максаты кооперативдердин мүчөлөрүнүн көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатуу болгон. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Финансылык сабаттуулук, Кыргыз Республикасында салык салуу жана салыктык жөнгө салуунун негиздери, бухгалтердик эсеп жана долбоорду башкаруу боюнча көбүрөөк маалымат алышты. Потенциалды жогорулатуу боюнча тренингди бул багыттар боюнча квалификациялуу эксперттер алып барышты.

Маалыматтык сессиялардан тышкары тренинг кооперативдин мүчөлөрү үчүн бир арага келип, бири-бири менен тажрыйба алмашуу үчүн сонун аянтча болду. Алдыдагы оруп-жыюу маалында түшүмдүн жемиштүү болушун каалайбыз.

 

#Cooperatives #Training

Толугу менен окуңуз
Мугалимдер үчүн STEM окутуу ыкмалары боюнча тренинг

Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс "Мектептердин базасында СТИМ борборлорду түзүү жолу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу" долбоору боюнча ишин улантууда.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 19-августтан баштап Талас облусунун Байсейит уулу Эшманбет атындагы Орто Мектебинин мугалимдери үчүн СТИМ усулу боюнча окутуу тренингдин оффлайн бөлүгү башталды.

Бул СТИМ окутуунун методикасын ишке ашыруу боюнча программанын ажырагыс бөлүгү. Тренинг Мугалим Эду билим берүү платформасынын командасы менен биргеликте өткөрүлүүдө. Тренингдин жалпы узактыгы 120 саат. Оффлайн-бөлүк 32 саатты түзөт, ал эми тренингдин калган 88 сааты онлайн форматта өткөрүлөт.

Долбоордун максаты-мектепте балдар алган билимдерин практикада колдонуп, жаңы инновациялык ыкманы колдонуу менен мектеп программасын үйрөнө турган СТИМ-борборлорду түзүү. Борборлор мектептик билимдерди практикалык өздөштүрүү үчүн бардык заманбап шаймандар жана жабдуулар менен жабдылат.

 

#Education #STEAM #СТЭМ

Толугу менен окуңуз
Good Mama 2024 Мониторинг процесси

Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс «Good Mama 2024» долбоорунун үстүндө иштөөнү улантууда. Долбоордун негизги максаты ФАПтын жана ден соолукту чыңдоо борборлорунун кызматкерлерин кош бойлуулуктун пренаталдык жана постнаталдык процесси менен тааныштыруу, ошондой эле өнүгүп келе жаткан түйүлдүккө кантип туура кам көрүү жана эненин ден соолугун сактоо боюнча билимдерин бекемдөө болуп саналат.

Долбоордун алкагында 4 аймактагы ФАП жана АДК өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлдү. Тренингдерден кийин 80 АДК өкүлдөрү ФАП менен макулдашуу боюнча кош бойлуу аялдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды үзгүлтүксүз кароого чакырышты. Долбоордун алкагында август айынын башында АДКнын ишине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө долбоорго катышкан кош бойлуу аялдар текшерилип, маалымат берилди.

Аймактардагы кош бойлуу аялдарга мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты баланын жана эненин ден соолугуна мүмкүн болуучу коркунучтарды аныктоо жана аларды өз убагында дарылоо болуп саналат.

 

#GoodMama #Health

Толугу менен окуңуз