Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Токтогул районундагы коомчулуктарды өнүктүрүү долбо
2026-жылдын 12–13-март күндөрү Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхёнг Токтогул районундагы Бел-Алды, Уч-Терек жана Котормо айылдарына иш сапары менен барып, ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары жана коомчулуктарды өнүктүрүүгө багытталган учурдагы демилгелер менен таанышты.
Иш сапардын алкагында Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Асанов Аскат Таштемирович менен жолугушуу болуп өттү. Тараптар өткөн жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусундагы биргелешкен каржылоо негизинде ишке ашырылып жаткан долбоорлордун туруктуулугун талкуулашты.
Уч-Терек айылындагы К. Токторалиев атындагы №30 орто мектепте директор «Дени сак тамактануу» долбоорунун алкагында орнотулган ашкана жабдуулары менен таанышып, мектептеги тамактануу шарттарын жана санитардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган иштер менен таанышты. Ошондой эле Girls Friendly Toilets долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, анын курулушу аяктоо баскычына жакындап калгандыгы белгиленди.
Бел-Алды айылында директор Мукаш Жамгырканов атындагы мектепке барып, биргелешкен каржылоо негизинде түзүлгөн IT-класс жана орнотулган интерактивдүү такталар менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө окуучулар санариптик жабдууларды окуу процессинде кантип колдонуп жатканын көрсөтүштү. Заманбап технологияларды киргизүү окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.
Котормо айылында директор Абды Суеркулов айыл өкмөтү жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун биргелешкен аракеттеринин натыйжасында түзүлгөн бала бакчага барды. Сапардын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүүнүн туруктуулугу жана мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында, иш сапар коомчулуктардын активдүү катышуусу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун оң таасирин тастыктап, жергиликтүү тургундар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун ортосундагы өнөктөштүктүн туруктуу аймактык өнүгүү үчүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи.
«Эми биз алган билимибизди балдарга берүүгө даярбыз!» — ЖРТга даярдоо боюнча тренингдин катышуучулары таасирлери менен бөлүшүштү
Математика, кыргыз тили жана орус тили мугалимдери үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо боюнча үч күндүк окутуу курсу аяктады.
Иш-чара Кыргыз Республикасындагы Good Neighbors уюму тарабынан Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) менен өнөктөштүктө ишке ашырылды.
Тренингдин катышуучулары алынган билимдин практикалык маанилүүлүгүн жана окутуунун жогорку деңгээлин белгилешти:
«Биз окуучуларыбызды ЖРТга даярдоонун багыттарын жана жолдорун тереңирээк үйрөндүк. Үч күндүн ичинде күткөн нерселерибиздин баарын алдык. Эми алган билимибизди балдарга өткөрүп берүүгө даярбыз жана билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө өз салымыбызды кошот деп ишенебиз!»
Инстаграм видеосу
«Ушундай семинарлар мугалимдерге окуучулардын муктаждыктарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет» — ЖРТга даярдоо боюнча үч күндүк тренингдин жыйынтыгы
Бишкек шаарында Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын мектептеринен келген математика, кыргыз тили жана орус тили сабактары боюнча 69 мугалим үчүн интенсивдүү квалификацияны жогорулатуу программасы аяктады.
«Enhancing Teachers’ Qualifications for General Republican Testing Preparation» (Мугалимдердин Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча квалификациясын жогорулатуу) долбоору Кыргыз Республикасындагы Good Neighbors уюму тарабынан Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) @ort_ceatm_official менен биргеликте ишке ашырылды.
Үч күн бою педагогдор алдыңкы эксперттер менен бирге ЖРТнын татаал тапшырмаларын, бүтүрүүчүлөр көп кетирген каталар менен иштөө усулдарын жана окуучулардын логикалык дагы, критикалык дагы ой жүгүртүүсүн өстүрүү жолдорун талдашты. Катышуучулар иш үчүн практикалык куралдарды жана курсту аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды алышты.
Окутуунун жыйынтыктары жана биргелешкен иш боюнча таасирлери менен ББОУБ директору Батракеева Чынара Эбишовна бөлүштү:
«Мугалимдер тесттердин кылдат жактарын деталдуу изилдеп, окуучулардын жыйынтыктарын анализдеп, негизги компетенттүүлүктөргө басым жасоону үйрөнүштү. Биз катышуучулардан абдан жакшы кайтарым байланыш алдык жана балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн Good Neighbors менен кызматташуубуз андан ары да кеңейе берет деп ишенебиз!»
Инстаграм видеосу
Бишкек шаарында Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарынын мектептеринен келген математика, орус жана кыргыз тили предметтери боюнча 69 мугалим үчүн үч күндүк окутуу тренинги ийгиликтүү өттү.
Иш-чара Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) @ort_ceatm_official менен биргеликте «Enhancing Teachers’ Qualifications for General Republican Testing Preparation» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Программа бүтүрүүчүлөрдү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) натыйжалуу даярдоо үчүн мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Үч күндүк жигердүү иштин жүрүшүндө катышуучулар тажрыйбалуу эксперттер (Исмаилов Фархад, Оморов Азамат, Матохина Татьяна) менен бирге ЖРТнын түзүмүн жана тапшырмаларын майда-чүйдөсүнө чейин талдап, окуучулардын логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүштү, ошондой эле окуу-методикалык материалдардын топтомун жана курсту аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды алышты.
Мугалимдердин потенциалын чыңдоо — бул Good Neighbors уюмунун сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүүнү камсыздоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаштарынын келечеги үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кошкон маанилүү салымы.
Инстаграм видеосу