Good Neighbors Kyrgyz Republic жана КНАУ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
2026-жылдын 21-майында Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхенг менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин, биргелешкен ишмердүүлүктүн келечектүү багыттарын, ошондой эле айыл чарба, билим берүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл инновациялык агротехнологияларды киргизүүгө, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана фермерлердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Good Neighbors Kyrgyz Republic менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандум заманбап агротехнологияларды киргизүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, анын ичинде IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясы аркылуу иш алып баруу, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруу багытындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.
Кол коюу аземинен кийин Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун өкүлдөрү үчүн IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясына экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө лабораториянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, анын ичинде заманбап биотехнологияларды колдонуу менен вируссуз картошка жана башка айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча иштер тааныштырылды.
Белгилей кетсек, ушул жылы Good Neighbors Kyrgyz Republic университет менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Болот Мамбетов айылында вируссуз көчөттөрдү өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.
Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган туруктуу жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
2024-жылдын июнь айында, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Жер-Үй айылындагы А.Көлбаев атындагы мектептин окуучулары “Глобалдык жаштар тармагы” аттуу сонун программаны аякташты!
Дүйнө жүзү боюнча Гуд Нейборс бөлүмдөрү менен биргеликте ишке ашырылган программа студенттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы чечимдерди билүүгө, БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттарын изилдөөгө жана ал тургай Түштүк Кореядагы мектеп окуучулары менен иш жүзүндө байланышууга жардам берди! Балдар өз өлкөлөрүнүн маданияты, кооз жерлери менен бөлүшүштү.
Бул программа жаштарды өзгөртө ала турган глобалдык жарандар болууга мүмкүнчүлүк берет.
#GlobalYouthNetwork #GlobalEducation #ClimateAction #SDGs #GoodNeighborsPartner
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Филиалы Токтогул районунун Бел Алды Айыл аймагында балчылык жана балчылыкты өнүктүрүү боюнча долбоор акыркы 3 жылы аралыгында (2022-2024) жемиштүү иш алып бара жаткандыгын кубануу менен бөлүшөт.
Бул жылы кооператив баалуу билим жана тажырыйбадан сырткары, иш аракетин эффективдүү алып баруусу үчүн керектүү техникалык жана финансылык колдоо ала алды. Проекттин алкагында дыйкандардын чөйрөсү кеңейди.
Алдыда дагы албан-албан пландарыбыз бар!
Өнөктөштөрүбүзгө жагымдуу аба-ырайын жана мол түшүм каалайбыз!
Долбоордун жетишкендиктери:
3 жыл аралыгында ийгиликти ишке ашырылуусу;
Туруктуу былчыларыдын фокус группасы менен иш алып баруу;
Кооперативдин керектүү колдоо жана көндүмдөрдү жакшыртуу боюнча тренингдер менен камсыз болуусу;
Уникалдуу жана экологиялык жактан таза балчылыктын санын артышы.
Келечектеги максаттар:
Долбооодун дагы өнүгүүсү;
Дыйкандардын бакубаттуулугун жогорулатуу;
Аймакта тамак-аш коопсуздугун камсыздоо.
Бардык өнөктөштөргө дага долболодун катышуучуларына жасап жаткан салымына ыраазычылык билдиребиз.
Алдыдагы жетишкендиктерди чыдамсыздык менен күтөөбүз!
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборст Филиалы 2024-жылдагы "National Testing" долбоорун жыйынтыктады, анын алкагында акыркы этап 11-класстын окуучуларын өлкөнүн 4 аймагында пост-тестирлөө болгонун кубаныч менен кабарлайбыз.
Долбоордун алкагында пост тестирлөө процесси мектеп окуучуларына 3 айлык окутуунун жана жалпы республикалык тесттине (ЖРТ) даярдоонун процессинин натыйжалуулугун талдоо үчүн зарыл. Бул окуутуну кесипкөйлөр тобу жүргүзгөн.
Филиал билим берүү тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышкан мектептердин окуучулары жакшы балл алып, жогорку окуу жайларга тапшыра алышат деп ишенебиз.