STEAM көндүмдөрү оюн аркылуу: Бел-Алды жана Үч-Теректе Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Good Neighbors Кыргызстан уюму Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды жана Үч-Терек Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорунда балдар үчүн майрамдык иш-чараларды уюштурду. Иш-чаралар 3-июнда Бел-Алды айылында, ал эми 4-июнда Үч-Терек айылында өткөрүлдү.
Майрамдык программалар Абды-Суеркулов жана Үч-Терек айыл өкмөттөрү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылды.
Иш-чаралардын концепциясы коомчулуктун муктаждыктарын баалоонун жыйынтыктарынын жана фокус-топтордо жүргүзүлгөн талкуулардын негизинде иштелип чыккан. Талкуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын STEAM көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жетишсиз экендигин белгилешкен. Аныкталган муктаждыктарга жооп катары Good Neighbors өнүктүрүүчү топтомдорду жана чыгармачылык оюндарды колдонуу менен билим берүүчү оюн иш-чараларын уюштурду.
Иш-чаралардын жүрүшүндө балдар логикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылык жөндөмдөрдү, баарлашуу көндүмдөрүн жана командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү билим берүүчү жана чыгармачылык оюндарга катышышты.
Бир нече калктуу конуштарда бир эле учурда өткөрүлгөн иш-чаралар алыскы аймактарда жашаган көбүрөөк балдарды жана үй-бүлөлөрдү камтууга мүмкүндүк берип, алардын билим берүүчү жана көңүл ачуучу мүмкүнчүлүктөргө тең жетүүсүн камсыз кылды.
2025-жыл биздин уюм үчүн жаңы өнөктөштүктөрдүн, туруктуу чечимдердин жана маанилүү жетишкендиктердин жылы болду. Мамлекеттик органдар, өнөктөштөр, донорлор жана жергиликтүү жамааттар менен биргеликте үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жогорулатуу, балдардын укуктарын коргоо жана коомдоштуктарды туруктуу өнүктүрүү багытында ишибизди уланттык.
Карусельден биздин биргелешкен аракетибиздин аркасында ишке ашкан негизги натыйжаларды, долбоорлорду жана өзгөрүүлөрдүн тарыхын таба аласыздар.
«Good Neighbors» менен бирге жакшы өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү болуп жатканыңыз үчүн рахмат!
Натыйжалар тууралуу кененирээк Инстаграмдагы билдирүүдөн окуп чыгыңыздар
Бүгүн биз Ош шаарындагы «Жапалак» коомчулукту өнүктүрүү долбооруна барабыз. Бул чыгарылышта биздин команданын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтөбүз: интервью өткөрүүдөн жана окуучуларга канцелярдык топтомдорду таратуудан баштап, мектеп директору менен жолугушууга жана өзгөчө балдар менен таанышууга чейин.
Ар бир бала билим алууга жана өсүп-өнүгүүгө шарттарга укуктуу. Биз ал шарттарды сиздер менен биргеликте түзүп жатабыз!
✨ Биздин долбоорлорду актуалдуу сторис («Колдоо») бөлүмүндөгү QR-код аркылуу колдой аласыз. Ар бир жардам чоң мааниге ээ!
Инстаграмдагы рилс видеосу
Ы. Алымбеков атындагы №21 мектепти заманбап жабдуу менен камсыздоонун маанилүү этабы аяктады. Биргелешкен күч-аракеттин жана софинансирование (co-funding) мамилесинин аркасында билим берүү мекемеси өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууда.
📊 Негизги жыйынтыктар жана фактылар:
- 6 интерактивдүү панель өткөн окуу жылында орнотулган.
- 12 заманбап панель жана 60 металл шкаф (480 бөлүмү менен) ушул окуу жылында тапшырылды.
- Мектеп эми интерактивдүү сабактарды, ачык сабактарды өткөрүү жана окуучуларды ЖРТга даярдоо үчүн заманбап технологиялар жана бекем материалдык база менен толук камсыз болду.
Бул долбоордун башкы өзгөчөлүгү — тургундардын өздөрүнүн демилгеси. Жергиликтүү коомчулук мектепти өнүктүрүү идеясын өзү сунуштап, ал эми Good Neighbors Kyrgyz Republic көмөктөш катары колдоо көрсөттү. Жергиликтүү тургундардын, жергиликтүү бийликтин жана Токтогул өнүктүрүү фонддорунун ресурстарын бириктирип, биз софинансирование (co-funding) мамилесин колдондук. Бул коомчулуктун өз айланасындагы турмушту өз алдынча өзгөртүүсүнө, салым кошуусуна жана өзүн-өзү камсыздоо деңгээлин жогорулатууга жардам берет.
Жаңы интерактивдүү доскалар сабактарды жандуу жана кызыктуу кылса, металл шкафтар окуучулардын оор китептерди үйдөн ташуу муктаждыгын жоюп, алардын саламаттыгын жана сырткы сымбатын сактоого шарт түздү.
Биз бардык өнөктөштөргө, фонддорго жана жергиликтүү коомчулукка кайдыгер карабай, өсүп келе жаткан муунга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Биргелешип гана биз балдардын сапаттуу билими жана ийгиликтүү келечеги үчүн бекем пайдубал кура алабыз. 💚
🤝 Биздин долбоорлорду колдоп, балдардын келечегине өз салымыңызды кошууну каалайсызбы?
Сиз муну дал азыр жасай аласыз — жөн гана биздин баракчадагы актуалдуу сторис («Колдоо») бөлүмүндөгү QR-кодду сканерлеңиз! Атүгүл 100 сом да чоң мааниге ээ. ✨
Мектеп жетекчилигинин Инстаграмдагы видео-интервьюсу