STEAM көндүмдөрү оюн аркылуу: Бел-Алды жана Үч-Теректе Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди
Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Good Neighbors Кыргызстан уюму Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бел-Алды жана Үч-Терек Коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорунда балдар үчүн майрамдык иш-чараларды уюштурду. Иш-чаралар 3-июнда Бел-Алды айылында, ал эми 4-июнда Үч-Терек айылында өткөрүлдү.
Майрамдык программалар Абды-Суеркулов жана Үч-Терек айыл өкмөттөрү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылды.
Иш-чаралардын концепциясы коомчулуктун муктаждыктарын баалоонун жыйынтыктарынын жана фокус-топтордо жүргүзүлгөн талкуулардын негизинде иштелип чыккан. Талкуулардын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын STEAM көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жетишсиз экендигин белгилешкен. Аныкталган муктаждыктарга жооп катары Good Neighbors өнүктүрүүчү топтомдорду жана чыгармачылык оюндарды колдонуу менен билим берүүчү оюн иш-чараларын уюштурду.
Иш-чаралардын жүрүшүндө балдар логикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылык жөндөмдөрдү, баарлашуу көндүмдөрүн жана командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү билим берүүчү жана чыгармачылык оюндарга катышышты.
Бир нече калктуу конуштарда бир эле учурда өткөрүлгөн иш-чаралар алыскы аймактарда жашаган көбүрөөк балдарды жана үй-бүлөлөрдү камтууга мүмкүндүк берип, алардын билим берүүчү жана көңүл ачуучу мүмкүнчүлүктөргө тең жетүүсүн камсыз кылды.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборст Филиалы 2024-жылдагы "National Testing" долбоорун жыйынтыктады, анын алкагында акыркы этап 11-класстын окуучуларын өлкөнүн 4 аймагында пост-тестирлөө болгонун кубаныч менен кабарлайбыз.
Долбоордун алкагында пост тестирлөө процесси мектеп окуучуларына 3 айлык окутуунун жана жалпы республикалык тесттине (ЖРТ) даярдоонун процессинин натыйжалуулугун талдоо үчүн зарыл. Бул окуутуну кесипкөйлөр тобу жүргүзгөн.
Филиал билим берүү тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышкан мектептердин окуучулары жакшы балл алып, жогорку окуу жайларга тапшыра алышат деп ишенебиз.
Гуд Нейборс филиалы «Good Mama-2024» долбоорунун алкагында ФАПтардын медициналык кызматкерлери жана АДК үчүн "Кош бойлууларга антенаталдык жана төрөттөн кийинки кам көрүү" темасы боюнча өлкөнүн 4 аймагында эки күндүк тренингдерди уюштурду.
Максаты: кош бойлуу аялдарга сапаттуу жардам көрсөтүү боюнча билим жана көндүмдөрдү жогорулатуу.
Катышуучулар:
- эскертүү белгилери, физиологиялык өзгөрүүлөр, Эмгек жана эс алуу режими, тамактануу, эмчек эмизүү жана үй-бүлөнү пландаштыруу жөнүндө билим алышты;
-дене салмагынын индексин эсептөөнү, кан басымды, жатындын бийиктигин өлчөөнү, импульстук оксиметрди жана УЗИ аппаратын колдонууну үйрөнүштү.
Экинчи күн:
- эмчек рагын эрте аныктоо жана скрининг боюнча практикалык көндүмдөр;
- аялдардын өзүн өзү текшерүүгө үйрөтүү.
Аймактардагы демилгелерибиз аркылуу кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн балдарга жагымдуу шарттар түзүлөт деп үмүттөнөбүз.
*ФАП - Фельдшердик-акушерлик пункт
*АДК - Айылдык ден соолук комитеттери
Кыргыз Республикасындагы "Гуд Нейборс" Филиалы Тоң районунун Болот Мамбетов Айыл аймагында картошканын элиталык сортторун өстүрүү боюнча долбоор акыркы 3 жылы аралыгында (2022-2024) жемиштүү иш алып бара жаткандыгын кубануу менен бөлүшөт.
Бул жылы кооператив баалуу билим жана тажырыйбадан сырткары, иш аракетин эффективдүү алып баруусу үчүн керектүү техникалык жабдуулар менен камсыз болду. Проекттин алкагында дыйкандардын чөйрөсү кеңейди.
Алдыда дагы албан-албан пландарыбыз бар! Өнөктөштөрүбүзгө жагымдуу аба-ырайын жана мол түшүм каалайбыз!
Долбоордун жетишкендиктери:
- 3 жыл аралыгынла ийгиликти ишке ашырылуусу;
- Дыйканндардын камтылуусун арттыруу;
- Кооперативдин керектүү жабдуулар менен камыз болуусу;
- Картошка өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
Келечектеги максаттар:
- Долбооодун дагы өнүгүүсү;
- Дыйкандардын бакубаттуулугун жогорулатуу;
- Аймакта тамак-аш коопсуздугун камсыздоо.
Бардык өнөктөштөргө дага долболодун катышуучуларына жасап жаткан салымына ыраазычылык билдиребиз.
Алдыдагы жетишкендиктерди чыдамсыздык менен күтөөбүз!