Чоң турмушка карай алгачкы кадам: Болот Мамбетов ПРБнын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн тренинг өткөрүлдү

29-июнда Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы Болот Мамбетов Коомчулукту өнүктүрүү долбооруна (КӨД) караштуу мектептердин 80 бүтүрүүчүсү үчүн бир күндүк тренинг өткөрдү.

Тренинг жаштарды чоң турмушка өтүү мезгилинде колдоого, алардын мындан аркы билим алуу жана кесиптик жолун тандоосуна көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле өз күчүнө болгон ишенимин арттырууга багытталды.

Программа Good Neighbors уюмунун ишмердүүлүгү жана уюм менен мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тааныштыруу сессиясы менен башталды. Андан соң катышуучулар жеке жана финансылык жоопкерчилик, коопсуздук, документтерди тариздөө, аң-сезимдүү чечим кабыл алуу жана мүмкүн болгон тобокелчиликтерден коргонуу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл мектепти аяктагандан кийинки келечекти тандоо темасына бурулду. Бүтүрүүчүлөр билим алууну улантуу, кесиптик өнүгүү, жумушка орношуу, максат коюу жана кесипти аң-сезимдүү тандоо тууралуу пикир алышты. Ошондой эле жаштардын жарандык активдүүлүгү жана ыктыярчылык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, коомдук турмушка катышуу лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жана пайдалуу тажрыйба топтоого кандайча жардам берерин талкуулашты.

Практикалык бөлүктө катышуучулар баарлашуу, өзүн тааныштыруу жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүштү. Ошондой эле Good Neighbors Бүтүрүүчүлөр клубун түзүү демилгеси сунушталып, анын бүтүрүүчүлөрдүн өз ара байланышып, тажрыйба алмашуусуна жана коомдук демилгелерге катышуусуна өбөлгө түзөрү айтылды.

Күн бою бүтүрүүчүлөр интерактивдүү тапшырмаларга, командалык оюндарга жана тематикалык квизге активдүү катышышты. Иш-чара эстелик белектерди тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Бардык бүтүрүүчүлөргө алдыга ишенимдүү кадам таштап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн коркпой, келечегиңерди тайманбай курууну каалайбыз!

Башка жаңылыктар:
Good Neighbors Kyrgyz Republic жана КНАУ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

2026-жылдын 21-майында Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхенг менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин, биргелешкен ишмердүүлүктүн келечектүү багыттарын, ошондой эле айыл чарба, билим берүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл инновациялык агротехнологияларды киргизүүгө, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана фермерлердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Good Neighbors Kyrgyz Republic менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандум заманбап агротехнологияларды киргизүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, анын ичинде IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясы аркылуу иш алып баруу, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруу багытындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Кол коюу аземинен кийин Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун өкүлдөрү үчүн IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясына экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө лабораториянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, анын ичинде заманбап биотехнологияларды колдонуу менен вируссуз картошка жана башка айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча иштер тааныштырылды.

Белгилей кетсек, ушул жылы Good Neighbors Kyrgyz Republic университет менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Болот Мамбетов айылында вируссуз көчөттөрдү өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.

Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган туруктуу жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Толугу менен окуңуз
Бош жумуш орундар | Good Neighbors Kyrgyz Republic

Эл аралык гуманитардык уюм Кыргыз Республикасындагы Good Neighbors International (GNI)  төмөнкү бош кызмат орундарга талапкерлерди кабыл алат:

Ачык вакансиялар:

  • Программдык адис – Бишкек шаары
  • Бухгалтер – Бишкек шаары
  • Community Development Project (CDP) Officer – Бел-Алды, Токтогул району
  • Community Development Project (CDP) Officer – Жапалак / Ош шаары

Good Neighbors International уюму Кыргызстанда 2014-жылдан бери Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырып келет.

📩 Кызыккан талапкерлер арызын (резюме, Application Form for Employment Good Neighbors Kyrgyz Republic, ошондой эле кошумча документтер — сунуш каттар, сертификаттар ж.б.) англис тилинде төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: gnkgz@goodneighbors.kg

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 10-майы

Толук маалымат https://employment.kg/ сайтында жайгаштырылган.

Толугу менен окуңуз
Good Neighbors International уюму өзүнүн 35 жылдыгын белгилөөдө

Good Neighbors International уюму 35 жылдан бери жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ишинин негизинде жакырчылыктан, кырсыктардын кесепеттеринен жана социалдык алсыздыктан жапа чеккен адамдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо турат.

Бул жылдар аралыгында Good Neighbors дүйнө жүзү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, балдарды, үй-бүлөлөрдү жана коомчулуктарды колдоп, туруктуу өнүгүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуп келет.

Биз бардык өнөктөштөргө, донорлорго жана коомчулуктарга ишеним, колдоо жана биргелешкен иш үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

Биз биргеликте ар бир адам татыктуу жашап, жакшы келечекке үмүтү бар дүйнөнү түзүүнү улантабыз.

Толугу менен окуңуз