Челлендж: Кызматкерлер үчүн «Жумушка кечикпесең — момпосуй аласың»
Биз долбоорлор, балдарга болгон жардам жана гуманитардык миссиялар жөнүндө көп айтып беребиз. Бирок мунун баарын ишке ашырып жаткан инсандардын жүзүн сейрек көрсөтөбүз. Ал эми ар бир отчёттук цифранын жана ар бир кайрымдуулук кутучасынын артында тирүү адамдар турат.
Бүгүн биз муну өзгөртүүнү чечтик. Кесиптештерибизге: «Жумушка кечикпесең — момпосуй аласың» деген челлендж уюштурдук. Кимдир бирөө өз убагында келип, таттуу сыйлыгын алды, ал эми кимдир бирөө таттуусуз калды — бирок биздин видеого тартылып калды 🍬
Биз муну эмне үчүн жасадык? Анткени сиздердин бизди жакындан таанышыңыздарды каалайбыз: отчёттор менен жаңылыктардан гана эмес, жөнөкөй, чыныгы жашообуз аркылуу дагы. Биз сиздер менен тез-тез баарлашып, суроолоруңуздарга жооп берип, пикириңиздерди угуп жана жөн гана жакыныраак болууну каалайбыз 🤗
Эмесе, таанышып алалы! 💚
Инстаграм видеосу
2024-жылдын 2-ноябрында Good Neighbors Kyrgyz Republic "Кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү клубу 2024" долбоорунун алкагында кыздар үчүн футбол боюнча кубок өткөрдү.
Бул долбоор кыздарга күчтүү болуп, максаттарына жетүүгө, стереотиптерден арылууга жана өзүнө болгон ишенимди бекемдөөгө жардам берет. Биз спорт жаштардын ички потенциалын ачып, аларды бириктирүүнүн мыкты жолу экенине ишенебиз.
#Advocacy #GirlsEmpowermentClub #GirlsFootball
2024-жылдын сентябрынан баштап Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс STEAM билим берүүнү мектептерге киргизүү боюнча демилгелүү долбоорун ишке киргизди. Долбоор 4 коомдук өнүгүү аймагындагы 16 мектепти камтыйт.
Долбоордун максаты — билим берүү сапатын жакшыртуу, окуучуларды заманбап чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө даярдоо жана так илимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттыруу. STEAM жөн гана билим берүү эмес — бул келечектеги лидерлерди жана новаторлорду тарбиялоочу мамиле!
Биз мындай демилгелер кыргыз мектеп окуучуларына инновацияларга жана эл аралык билим берүү стандарттарына карай кадам жасоого жардам берет деп ишенебиз.
#Education #STEAM
2024-жылдын октябрында, Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл өкмөтүндө климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу жана туруктуу айыл чарба алып баруу боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге суу комитетинин жана Кайыңды-Охна суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрү, аялдар жана жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле Айылдык Кеңештин өкүлдөрү катышты.
Тренингдин жүрүшүндө жергиликтүү коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу боюнча иш планы талкууланып, көйгөйдү чечүү жолдору сунушталды. Бул долбоор “Баткен облусунда багбанчылык жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда
#Training #ClimateChange #SustainableAgriculture