Челлендж: Кызматкерлер үчүн «Жумушка кечикпесең — момпосуй аласың»
Биз долбоорлор, балдарга болгон жардам жана гуманитардык миссиялар жөнүндө көп айтып беребиз. Бирок мунун баарын ишке ашырып жаткан инсандардын жүзүн сейрек көрсөтөбүз. Ал эми ар бир отчёттук цифранын жана ар бир кайрымдуулук кутучасынын артында тирүү адамдар турат.
Бүгүн биз муну өзгөртүүнү чечтик. Кесиптештерибизге: «Жумушка кечикпесең — момпосуй аласың» деген челлендж уюштурдук. Кимдир бирөө өз убагында келип, таттуу сыйлыгын алды, ал эми кимдир бирөө таттуусуз калды — бирок биздин видеого тартылып калды 🍬
Биз муну эмне үчүн жасадык? Анткени сиздердин бизди жакындан таанышыңыздарды каалайбыз: отчёттор менен жаңылыктардан гана эмес, жөнөкөй, чыныгы жашообуз аркылуу дагы. Биз сиздер менен тез-тез баарлашып, суроолоруңуздарга жооп берип, пикириңиздерди угуп жана жөн гана жакыныраак болууну каалайбыз 🤗
Эмесе, таанышып алалы! 💚
Инстаграм видеосу
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 9 октябрь, 2024 жылы Шин Дон Мин атындагы стипендиялык программасынын жыйынтыгын чыгарды, Талас облусунун администрациясы менен биргеликте 4 райондон 36 окуучу тандалып стипендия жана окуу куралдар ыйгарылган. Бул программа 2018 жылдан бери уланып келген иш чара, ар бир баланын чоң потенциалы бар экенине ишенебиз.
#Education #Scholarship #ShinDongMinScholarship
2024-жылдын 8-октябрь күнү "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемеси Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы бала бакчанын жаңыланган ашканасынын ачылыш аземин өткөрдү. Бул долбоордун алкагында "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" бала бакчанын жетекчилигине жана администрациясына керектүү курулуш материалдары, ошондой эле заманбап жабдуулар берилген. Заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы ашкана балдарга пайдалуу азыктар менен тамактанууга жана дени сак болууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле күнү, жергиликтүү бийлик органдарынын, медициналык мекеменин кызматкерлеринин, жергиликтүү тургундардын жана "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемесинин биргелешкен аракети менен өткөрүлгөн оңдоо иштеринин алкагында жаңыланган медициналык борбордун инфраструктурасын ишке киргизүү аземи болуп өттү. "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемесинин каржылоосу жана көмөктөшүүсү менен медициналык борбордун суу менен камсыздоо системасы реконструкцияланган жана бардык негизги бөлмөлөрү ичүүчү таза суу менен камсыз болду.
Бул медициналык борбор регион үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени Токтогул районунун тургундарына гана жардам көрсөтпөстөн (30 миңге жакын адам), ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы аварияларды да тейлейт.
#GoodChange #CommunityDevelopment #CleanWaterAccess
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл өкмөтүндөгү акыркы селдин кесепетинен жабыр тарткан Эшперов жана Ак-Сай айылдарынын тургундарына атайын керектуу буюмдарды тапшырды.
32 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү, алардын ичинен Ак-Сай айылынан 25 үй-бүлө жана Эшперов айылынан 7 үй-бүлө. Жардамдын алкагында жабыркагандарга азык-түлүк, керектүү буюмдар жана жеке гигиена каражаттары берилди.
Бул колдоо табигый кырсыктардан улам татаал кырдаалга туш болгон адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Уюм жабыр тарткан аймактардагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда.
#EmergencyRelief #EmergencyKit