КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1. Коммерциялык сунуштарды суроо: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары»
Долбоор жөнүндө:
Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылындагы балдар бакчасынын имаратын кеңейтүү (кошумча имаратты куруу үчүн курулуш, жасалгалоо, электр-техникалык, жылуулук изоляциялоочу материалдарды жана сантехникалык жабдууларды сатып алуу, жеткирүү жана түшүрүү), ошондой эле Чүй облусунун Нижне-Чүй айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасы үчүн балдар унитаздарын сатып алуу жана жеткирүү. Долбоор балдардын болуу шартын жакшыртууга жана мектепке чейинки мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-сентябры, саат 17:30га (18:00) чейин
Тапшыруу ыкмасы: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары» белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек
Төлөгүрөөк маалыматты tenders.kg сайтынан 10.09.2026-жылдагы №31706 «Коммерциялык сунуштарды суроо: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары»» номери аркылуу караңыздар.
2. Тендер: Балдар бакчалары үчүн оюн жабдууларын, эмеректерди жана окуу-өнүктүрүү материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу
Долбоор жөнүндө:
Ош, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын мектепке чейинки мекемелеринде коопсуз, комфорттуу жана өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү. Долбоордун милдеттерине сырткы оюн жабдууларын (беседкалар, кумдондор, дөңсөөлөр, маятниктер, каруселдер, оюн үйлөрү) сатып алуу, ташуу, түшүрүү, чогултуу жана монтаждоо, ошондой эле имараттын ичин эмеректер (кербештер, отургучтар, шкафтар), тиричилик техникасы (телевизорлор), килемдер жана окуу-өнүктүрүү топтомдору менен камсыздоо кирет.
Тендердик билдирмелерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-сентябры, саат 17:00гө (17:30) чейин
Тапшыруу ыкмасы: милдеттүү түрдө «Балдар бакчалары үчүн жабдуулар жана эмеректер» деген маркировкасы бар чапталган А4 конвертинде Бишкек ш., Жаш Гвардия проспектиси, 2/1 (2-кабат) дареги боюнча тапшыруу керек.
Төлөгүрөөк маалыматты tenders.kg сайтынан 10.09.2026-жылдагы №31708 «Тендер: Балдар бакчалары үчүн оюн жабдууларын, эмеректерди жана окуу-өнүктүрүү материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу» номери аркылуу караңыздар.
Көк-Чү Коомчулукту өнүктүрүү долбоорунда А. Токомбаев атындагы мектеп-комплексинде «Global Youth Network» («Глобалдык жаштар тармагы») программасынын алкагында даярдык боюнча бетме-бет сессия өткөрүлдү. Окуучулар алдыдагы алмашуу иш-чараларына даярдыктан өтүп, программанын алгачкы сабактарына активдүү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары өздөрүн тааныштырып, мектептери жана кызыгуулары тууралуу айтып беришип, баарлашууга жана тажрыйба алмашууга активдүү катышышты.
«Global Youth Network» — бул Good Neighbors International уюмунун ар кайсы өлкөлөрдүн балдарын жана жаштарын бириктирген эл аралык программасы. Программа глобалдык жарандыкты, лидерлик сапаттарды жана социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор балдар менен жаштардын дүйнөдөгү актуалдуу көйгөйлөр, Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле кызматташуу, баарлашуу жана коомдук турмушка активдүү катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Алдыда катышуучуларды глобалдык көйгөйлөрдү жана Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) түшүнүүгө, лидерлик сапаттарын, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар окутуу сабактары жана практикалык иш-чаралар күтөт.
Программага катышуу аркылуу окуучулар глобалдык көйгөйлөр боюнча билимдерин кеңейтип, коммуникация, командада иштөө жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүп, өз коомчулугундагы маселелерди чечүүгө активдүү катышкан жарандарга айланат деп күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасындагы Good Neighbors International (GNI) эл аралык гуманитардык уюмунун филиалы төмөнкү бош кызмат орундарын ээлөө үчүн квалификациялуу талапкерлерди арыз берүүгө чакырат.
Ачык вакансиялар:
• Program Officer — Бишкек шаары
• Бухгалтер — Бишкек шаары
• Logistics & Procurement Officer — Бишкек шаары
• Monitoring & Evaluation (M&E) Officer — Бишкек шаары
• Community Development Project (CDP) Officer — Бел-Алды айылы, Токтогул району
• Community Development Project (CDP) Officer — Жапалак айылы / Ош шаары
Good Neighbors International уюму Кыргызстанда 2014-жылдан бери иш алып барып, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырып келет.
📩 Кызыккан талапкерлер англис тилиндеги арызын (резюме, Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун Employment Application Form формасы, ошондой эле сунуш каттар, сертификаттар жана башка кошумча документтер) төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: gnkgz@goodneighbors.kg
Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-июну.
Толук маалымат https://employment.kg/ сайтында.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
Good Neighbors Kyrgyz Republic 6 тендердин жарыяланганын маалымдайт:
Тендер 1:
№30255. Бүтүрүү иш-чарасын өткөрүү үчүн полиграфиялык продукцияларды (сахнаны жасалгалоо үчүн баннер, бүтүрүүчүлөр үчүн Instagram-фотозона) даярдоо жана жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.
Акыркы мөөнөт: 21-июнь
Тендер 2:
№30256. «Rural Youth Transition & Educational Motivation Initiative» долбоорун ишке ашыруу үчүн бүтүрүүчүлөрдүн мантияларын жана баш кийимдерин даярдоо жана жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.
Акыркы мөөнөт: 21-июнь
Тендер 3:
№30257. «Rural Youth Transition & Educational Motivation Initiative» долбоорун ишке ашыруу үчүн Good Neighbors логотиби түшүрүлгөн белек топтомдорун жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.
Акыркы мөөнөт: 21-июнь
Тендер 4:
№30258. Айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн кесиптик багыт берүү, психосоциалдык колдоо жана стрессти башкаруу боюнча онлайн топтук программаларды иштеп чыгуу жана өткөрүү кызматтарын көрсөтүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.
Акыркы мөөнөт: 22-июнь
Тендер 5:
№30262. Бухгалтердик аудит кызматтарын көрсөтүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.
Акыркы мөөнөт: 17-июнь
Тендер 6:
№30275. Жайкы беседканы куруу үчүн курулуш материалдарын жеткирүү боюнча коммерциялык сунуштарды берүү өтүнүчү.
Акыркы мөөнөт: 17-июнь
Толук маалымат жана тендердик документтер www.tender.kg сайтында жеткиликтүү.
Кызыкдар болгон уюмдарды жана жеткирүүчүлөрдү тендерлерге катышууга чакырабыз!