Эмне үчүн өз кесибине берилген мугалимдер да чарчап, мектепти таштап кетишет?

Эмне үчүн өз кесибине берилген мугалимдер да чарчап, мектепти таштап кетишет?

Сапаттуу билим берүү негизги шарттарсыз мүмкүн эмес. Бирок алыскы аймактарда алар көбүнчө жок: Мектепте компьютер жок болсо, балдарга компьютердик сабаттуулукту кантип үйрөтүү керек? Таза суу, гигиена жана ысык тамак сыяктуу жөнөкөй муктаждыктар чечилбесе, кантип окутууга болот?

Мугалим — ар бирибизге окшош эле инсан, анын да эмоционалдык ресурсу жана чеги бар. Ал эми негизги шарттардын жоктугу окутуунун натыйжалуулугун төмөндөтүп, мугалимдердин чарчап-кетишине алып келет.

Дал ушул себептен биз, Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму, четте калбайбыз! Мугалимдер жана балдар үчүн ишенимдүү таяныч түзүү максатында биз: Компьютердик класстарды (STEM) жабдыйбыз; Ичүүчү суу чыпкаларын (фильтр) орнотуп, заманбап санитардык түйүндөрдү курабыз; Мектептеги дени сак тамактанууну уюштуруп, мектеп жанындагы бакчаларды өнүктүрөбүз; Мугалимдер жана окуучулар үчүн тренингдерди өткөрөбүз; Аймактарга квалификациялуу адистерди жана жабдууларды алып барып, медициналык кароолорду уюштурабыз; Билим берүү чөйрөсүн системалуу түрдө чыңдайбыз.

Урматтуу мугалимдер жана билим берүү тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздердин кайратыңыздарга, сабырдуулугуңуздарга жана баа жеткис эмгегиңиздерге ыраазычылык билдиребиз. Бул жолдо сиздерге жөлөк болуп, жаныңыздарда жүргөнүбүзгө кубанычтабыз.

Билим берүү кызматкерлеринин күнү жана Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү менен!

Инстаграм видеосу

Башка жаңылыктар:
Good Neighbors Kyrgyz Republic жана КНАУ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

2026-жылдын 21-майында Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхенг менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин, биргелешкен ишмердүүлүктүн келечектүү багыттарын, ошондой эле айыл чарба, билим берүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл инновациялык агротехнологияларды киргизүүгө, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана фермерлердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Good Neighbors Kyrgyz Republic менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандум заманбап агротехнологияларды киргизүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, анын ичинде IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясы аркылуу иш алып баруу, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруу багытындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Кол коюу аземинен кийин Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун өкүлдөрү үчүн IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясына экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө лабораториянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, анын ичинде заманбап биотехнологияларды колдонуу менен вируссуз картошка жана башка айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча иштер тааныштырылды.

Белгилей кетсек, ушул жылы Good Neighbors Kyrgyz Republic университет менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Болот Мамбетов айылында вируссуз көчөттөрдү өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.

Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган туруктуу жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Толугу менен окуңуз
Бош жумуш орундар | Good Neighbors Kyrgyz Republic

Эл аралык гуманитардык уюм Кыргыз Республикасындагы Good Neighbors International (GNI)  төмөнкү бош кызмат орундарга талапкерлерди кабыл алат:

Ачык вакансиялар:

  • Программдык адис – Бишкек шаары
  • Бухгалтер – Бишкек шаары
  • Community Development Project (CDP) Officer – Бел-Алды, Токтогул району
  • Community Development Project (CDP) Officer – Жапалак / Ош шаары

Good Neighbors International уюму Кыргызстанда 2014-жылдан бери Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырып келет.

📩 Кызыккан талапкерлер арызын (резюме, Application Form for Employment Good Neighbors Kyrgyz Republic, ошондой эле кошумча документтер — сунуш каттар, сертификаттар ж.б.) англис тилинде төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: gnkgz@goodneighbors.kg

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 10-майы

Толук маалымат https://employment.kg/ сайтында жайгаштырылган.

Толугу менен окуңуз
Good Neighbors International уюму өзүнүн 35 жылдыгын белгилөөдө

Good Neighbors International уюму 35 жылдан бери жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ишинин негизинде жакырчылыктан, кырсыктардын кесепеттеринен жана социалдык алсыздыктан жапа чеккен адамдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо турат.

Бул жылдар аралыгында Good Neighbors дүйнө жүзү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, балдарды, үй-бүлөлөрдү жана коомчулуктарды колдоп, туруктуу өнүгүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуп келет.

Биз бардык өнөктөштөргө, донорлорго жана коомчулуктарга ишеним, колдоо жана биргелешкен иш үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

Биз биргеликте ар бир адам татыктуу жашап, жакшы келечекке үмүтү бар дүйнөнү түзүүнү улантабыз.

Толугу менен окуңуз